Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

CPJ ЕБди Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөө маселесин көтөрүүгө чакырды


Азимжан Аскаров абакта. 2011-жыл
Азимжан Аскаров абакта. 2011-жыл

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) былтыр абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Комитет мындай кайрылууну Европа Биримдигине жолдоду. Анда эл аралык уюм Евробиримдиктин расмийлери Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен 4-июндагы жолугушуусунда Аскаровдун маселесин көтөрүүгө чакырган.

Уюмдун Евробиримдиктеги өкүлү Том Гибсон: “Евробиримдик Кыргызстандын бийлигин журналист Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө түрткү болушу керек. Ошондой эле уюм Кыргызстандын расмий адамдарын Аскаровдун абактагы адилетсиз өлүмү үчүн кечирим сурап, ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартып, үй-бүлөсүнө кенемте төлөп бериши үчүн басым көрсөтүшү зарыл”-деп билдирген.

2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда түрмөдө пневмония оорусунан каза болгон.

Евро Биримдик былтыр да Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырган.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) маалымат каражаттарынын жана журналисттердин укугун коргоо жаатында иш алпарган, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG