Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Тажикстан менен Пакистан коргоо жаатында кызматташат


Тажикстандын президенти Рахмон менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Исламабадда, 2-июнь, 2021-жыл.
Тажикстандын президенти Рахмон менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Исламабадда, 2-июнь, 2021-жыл.

Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмондун Исламабаддагы сапары учурунда Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолугушууда билдирди. Ал кийинчерек журналисттерге сүйлөп жатып, "коргоо жаатында биз кызматтыштыкты өнүктүргөнүбүз абдан маанилүү",- деп билдирди.

Ал эми Пакистандагы "Dawn" агенттиги "Тажикстандын Пакистанда өндүрүлгөн курал-жаракка муктаждыгы жөнүндө жана өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлганы" тууралуу жазып чыкты.

Бирок акыркы сүйлөшүүгө байланыштуу тажик бийлиги эч кандай комментарий бере элек. Рахмон баштап барган делегациясынын мүчөлөрүнүн бири "Азаттыктын" тажик кызматына эки өлкөнүн лидерлери көзмө-көз сүйлөшкөндүктөн бул тууралуу кабары жок экенин айткан.

"Жолугушуу жабык өттү, балким бул маселени да талкуулашкандыр. Бирок коргоо жаатындагы кызматташтык боюнча эч бир документке кол коюлган жок".

Эмомали Рахмон 2-июнда расмий сапар менен Пакистанга барган. Анын жүрүшүндө экономика, соода, саясат жана инвестиция боюнча келишимдерге кол коюлары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG