Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Президент Жапаров "Алтын сертификат" ээлерин куттуктады


Садыр Жапаров ЖРТдан көп упай алган бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшырды.
Садыр Жапаров ЖРТдан көп упай алган бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упай алган бүтүрүүчүлөргө "Алтын сертификат" тапшырды.

"Билим берүүгө салынган инвестиция экономикалык адилеттүүлүктү камсыздоону, жакырчылыкты кыскартууну, заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллигенцияны калыптандырууну камтыйт",-деди Жапаров куттуктоо сөзүндө.

Президент Жапаров мамлекеттик бюджеттин кыйла бөлүгү билим берүү тармагына бөлүнүп келе жатканын, анын ичинде мектептердин курулушу, мугалимдердин айлык акысы жана билим берүүнүн сапаты менен мазмунуна көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай алган 58 бүтүрүүчү “Алтын сертифкатка” ээ болду. Эң жогорку 232 баллды Караколдогу Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алды.

"Алтын сертификатка" татыган бүтүрүүчүлөр.
"Алтын сертификатка" татыган бүтүрүүчүлөр.

Андан кийинки жетишкендик Бишкек шаарынан Алия Сарыгулова (231) жана Таластан Сымбат Касымбековага (230) тиешелүү.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, быйыл сынактарга 42 817 бүтүрүүчү катышты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG