Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

УКМКдагы кылмыш ишти кыскартууга убада берген алдамчылар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

УКМКнын карамагында иликтенип жаткан кылмыш ишин кыскартуу убадасы менен жарандардан 65 миң доллар акча алган деп шектелген эки киши (Э.И. жана Ж.Э) кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, алар өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин жакыны катары тааныштырган. "Шылуундар ишти кыскартып, камактагы кишини бошотууну убада кылышкан" дейт милиция.

Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалгандар №1 тергөө камагына эки айга камакка алынды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG