Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Кыргызстанда издөөдө жүргөн 28 жаран Орусияда табылды


Орусияда кармалгандар.
Орусияда кармалгандар.

Ички иштер министрлиги издөөгө алган Кыргызстандын 28 жараны орусиялык күч органдарынын жардамы менен Орусияда табылды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанда оор кылмыштарды жасап, издөөгө алынган жарандар из жашырып, башка мамлекетте бир нече жылдан бери жүрүшкөн.

Алардын басымдуусу "Каракчылык", "Жасалма документ даярдоо", "Олуттуу өлчөмдө жасалган уурулук", "Алдамчылык" беренелери менен соттолуп, үй камагына чыгарылгандар.

Орусияда кармалган кыргызстандык жарандардын эң улуусу 1959-жылы төрөлгөн Чүй облусунун тургуну, эң кичүүсү 1995-жылы төрөлгөндөр. Арасында аял киши да бар.

"Азыркы учурда аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жооптуу органдардын өкүлдөрүнө кармалган жарандарды өткөрүп берүү жөнүндө маселелер чечилүүдө", - деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Кылмыш кылгандардын алды 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG