Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Парламентте министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрүлдү


Министрлер кабинетинин төрагасы жана президент отурган имарат.
Министрлер кабинетинин төрагасы жана президент отурган имарат.

Жогорку Кеңештин депутаттары сугат суу маселеси жана антикризистик чаралар боюнча 17-июнда парламентке маалымат берүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өзү келбегенине нааразы болушту.

Бир катар депутаттар Кыргызстанда сугат суу тартыш болуп дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго Мариповдун өзү жооп беришин талап кылышты. Эгерде ишти жөндөй албаса кызматтан кетирүү сунушу да айтылды.

“Мен министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш берем”, - деди депутат Уланбек Исмаилов.

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов министрлер кабинетинин төрагасы күн мурунтан жолугушуулары дайындалып калгандыктан жыйынга келе албай турганы боюнча алдын ала маалымат бергенин айтты.

Жыйынтыгында маселени тиешелүү комитетте талкуулап, андан кийин жалпы жыйынга алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаттары 16-июнда азык-түлүккө болгон баалардын өсүп жатканы жана Чүй менен Талас облустарындагы дыйкандардын сугат суу тартыштыгы боюнча аткаруу бийлигинин маалыматын угуу чечимин кабыл алган.

Чүй облусунун Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй жана Камышанов айыл өкмөттөрүнүн дыйкандары сугат суу тартыштыгын айтып, 14-июнда Министрлер кабинетинин алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Алар суу бөлүштүрүүдө башаламандык болуп, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөбөй жатканына арызданышкан.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев кышында кар аз жаагандыктан, сугатка суу тартыш болуп жатканын билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG