Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:40

Алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Балян мамлекетке 60 млн. сом төктү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси, алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Генрих Балян мамлекетке 60 миллион сом төктү. Бул тууралуу 17-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Баляндын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда бүгүн каралат.

УКМК ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганын 16-июнда кабарлаган.

Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренесинин негизинде иш козголуп, ишкер 15-июнда УКМКнын тергөө абагына отургузулган.

Балян Венгриянын Кыргызстандагы ардактуу башкы консулу катары да белгилүү. УКМКнын айыптоосу боюнча анын жактоочулары азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG