Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

"Клооптун" фемицид тууралуу иликтөөсү эл аралык Sigma Awards сыйлыгын алды


“Клооп” басылмасы дүйнөлүк The Sigma Data Journalism Awards сыйлыгын алды. Сыйлыкты ыйгарган уюм бул тууралуу 16-июнда кабарлап, журналисттер Анна Капушенко жана Савия Хасанованын Кыргызстандагы фемицид (аялдарга зомбулук көрсөтүп, өлтүрүү) тууралуу иликтөөсү мыктылардын бири деп табылганын билдирди.

Алар 2008-жылдан бери Кыргызстанда 300дөн ашуун кыз-келин фемициддин курмандыгы болгонун, чынында бул көрсөткүч мындан да жогору экенин, алардын көбү күйөөсүнүн, тууганынын же жакын мамиледеги эркектин колунан каза болгонун иликтеп чыгышкан.

2021-жылы The Sigma Data Journalism Awards сыйлыгын 13 долбоор утуп алды. Байге фонду 5 миң долларды түздү, ал каражат жеңүүчүлөргө бөлүштүрүлүп берилет. Сынакка 68 өлкөдөн 545 долбоор катышты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG