Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

"Коопсуз шаар" боюнча кытайлык ишкананын келишими узартылды


"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.
"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруучу кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишим 2022-жылдын 10-мартына чейин узартылды. Бул маалыматты санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, макулдашуу коронавирус пандемиясына байланыштуу Соода-өнөр жай палатасынын сертификатынын негизинде узартылды.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча макулдашуунун мөөнөтү 268 күнгө, тагыраак айтканда, 2022-жылдын 10-мартына чейин узартылды".

Кененбаеванын маалыматына караганда, долбоор коронавирус пандемиясына байланыштуу мөөнөтүндө ишке ашырылбай калганын атайын түзүлгөн комиссия ырастаган.

2019-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарыяланган сынакта кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd жеңүүчү деп табылган.

Компания долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом сунуштаган.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин өз линиясы боюнча ишке ашырууну 2021-жылдын 18-июнуна чейинки мөөнөткө жылдырган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 20-майда пара алууга шектелип кармалган. Ал 7-июнда президентке кайрылып, “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы менен келишимди узартпай койгону үчүн камакка алынганын билдирген. Президенттик аппарат Дыйканбаевдин айыптоосун төгүндөгөн.

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 4-октябрынан тартып ишке кирген. Андан берки аралыкта жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом толтурулду. Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөнгөн.

Долбоордун биринчи баскычын ишке ашырган "Вега" компаниясына “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн ар бир айып пулдан 224 сом которулат. Токтомду жеткирүү иштерин моюнуна алган “Кыргыз почтасына” 24 сомдон бөлүнөт. Калган каражат бюджетке түшөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG