Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:28

Аба ырайы: 38 градуска чейин ысык болот 


Сары-Челек көлү. Кыргызстан, Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Сары-Челек көлү. Кыргызстан, Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

2-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр себелейт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарын дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус ысык болот.

2-июлда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 34…36° ысык болушу күтүлөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG