Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Балдардын мүрзөлөрү эски кылмыштарды ашкереледи


Премьер-министр Жастин Трюдо индейлердин балдарына арналган эстеликтин жанында.
Премьер-министр Жастин Трюдо индейлердин балдарына арналган эстеликтин жанында.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 28-июнь - 4-июль, 2021-жыл.

Чет өлкөлүк маалымат каражаттары Канадада мындан ондогон жыл мурун болгон үрөй учурган трагедиянын бети ачылганын жазып келатышат. Май айынын этегинен бери түпкүлүктүү элдин – индейлердин балдары кармалып келген мурдагы интернаттарга жакын жерлерде жалпы жонунан миңден ашык сөөк табылды.

Бир нече күн мурун өлкөнүн батыш тарабындагы Кранбрук шаарында дагы 182 жашыруун мүрзө аныкталды. Франциялык Lа Croix гезити 30-июндагы санында бул окуя Канаданын бүтөлө элек жарасын дагы бир жолу козгогонун жазды.

Премьер-министр Жастин Трюдо “үрөй учурган ачылыш түпкүлүктүү эл туш болгон жана туш болуп жаткан тарыхый адилетсиздик тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берди” деп билдирди.

751 окуучунун сөөгү табылды деген жер
751 окуучунун сөөгү табылды деген жер

Ал интернатты католик чиркөөсү Канада мамлекетинин атынан 1912-жылдан 1970-жылга чейин жетектеп турган. Трюдо дагы бир жолу Рим папасына кайрылып, түпкүлүктүү элден Канадага келип, кечирим суроого чакырды.

Ага чейин Саскачеван провинциясында 751 мүрзө табылган. Түпкүлүктүү элдин федерациясын жетектеген Бобби Камерун “геноцид” деп атаган ал окуяны тергөөгө чакырды.

Канадалык Journal de Montreal гезити 25-июнда жазгандай, ал маалымат өлкөнү гана эмес, бүт дүйнөнү дендароо кылды. Жүздөгөн сөөк Мариевал деп аталган мурдагы балдар пансионунун жанында табылды.

1899-жылдан 1997-жылга чейин иш алып барган ал жайда индейлердин балдары тарбияланчу. Издөө иштери июндун биринчи күндөрүндө башталып, 44 миң чарчы метр анализделген. Бирок сөөктөрдүн бардыгы балдардыкы деп айтуу азыр эрте деп жазат басылма.

Ал эми майдын этегинде Британ Колумбия провинциясында, эски пансиондун аймагында 215 баланын жасаты табылган. 1978-жылы жабылган ал жайда да индейлердин балдары тарбияланып келген. Мектеп-интернаттар аларды күчтөп, Канада коомуна жуурулуштуруу үчүн түзүлгөн. Кайра тарбиялоо лагерлеринде балдардын эне тилин унуттуруп, маданиятын, динин өзгөртүүнү максат кылышкан. Кээ бир наристелер өлгөндө 3-4 жашта эле болчу.

Түпкүлүктүү эл үчүн ошол кыйын доордо чоңоюп аман калган 80 жаштагы Флоранс Спарьве айтып бергендей, балдарын интернаттарга жөнөтпөгөн ата-энелерди түрмөгө камап салышчу.

Маалыматтарга караганда, өлкө боюнча 130 пансиондо 150 миң жеткинчек тарбияланган болсо, 3 жарым миңдейи токмоктон, илдеттерден өлгөн. Алар курсак тойо тамактанбай, көп учурда медициналык кароосуз калган.

Казуу иштери индейлердин жергиликтүү уюмунун демилгеси менен жүргүзүлгөн. Канаданын парламенти өлкөнүн башка жерлеринде да көрүстөндөрдү издеп, аныктоо үчүн акча бөлүү сунушун колдоп добуш берди.

Казакстан Ооганстанга кандай жардам бере алат?

АКШ аскерлери "Баграм" базасына чыгарылууда
АКШ аскерлери "Баграм" базасына чыгарылууда

The Diplomat басылмасы "АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгарылышы Борбор Азияга кандай таасир этиши мүмкүн?" деген теманы көптөн бери чагылдырып жүрөт. Бул ирет Вилдер Алехандро Санчес зомбулуктун жайылуу ыктымалдыгын алдын алууда Казакстандын ролуна да кайрылды.

Автор казак бийлиги оогандык аялдардын билим алуусуна жардам берүү, аскердик кызматташтыкты өөрчүтүү өңдүү бир нече демилге көтөргөнүн жазат.

Макалада айтылгандай, Вашингтон менен Нур-Султан согуш тооруган өлкөнүн келечегин июндун ортосунда, казак президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен жолугушканда талкуулашкан. Санчес америкалык базаны аймакта жайгаштыруу ыктымалдыгына кайрылып, кандай болгон күндө да, Нур-Султандын Москва менен тыгыз байланыштарын эске алганда, туруктуу негизде базанын казак жергесинде жайгаштырылышы анча реалдуу эмес деп эсептейт.

Андан ары Казакстандын өзүнүн демилгелерине токтолуп, 2019-жылы Европа биримдигинин, БУУнун Өнүгүү программасынын жана Казакстандын биргелешкен долбоорунун алкагында 50 чакты оогандык кыз-келин казак университеттеринде билим алып жатышканы айтылат. Алгачкы 20 студент ушул айда диплом алганы жатат.

Ал эми коргонуу тармагына келсек, Санчес өткөн айда Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб менен казак коргоо министри Нурлан Ермекбаев аскердик кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшканын жазат. Журналисттин пикиринде, казак жоокерлери БУУнун тынчтык миссияларына, Ирактагы согуштук эмес операцияларга катышып келгени менен, Нур-Султан Ооганстандагы куралдуу жаңжал зонасына контингентин жөнөтүүгө уруксат бериши күмөн.

Сейсмологиялык коопсуздукту сактабаган курулуштар

Eurasianet Алматы шаарынын сейсмологиялык жактан кооптуу тилкелеринде үстөккө-босток көп кабаттуу үйлөр тургузулуп жатканына көңүл бурат. Бул темага арналган макаланын автору Алмаз Куменов Казакстандын түштүк борборунан Нур-Султанга көчүп кеткен Андрей Красильниковду кепке тарткан. Бийик имараттардын курулушуна каршы чыгып жүргөн активисттин айтымында, башкалаада арылдаган шамал согуп турганы менен жер титирөөдөн коркпой жашаса болот.

Алматы шаары
Алматы шаары

Красильников жакында кабыл алынган долбоорго ылайык, Алматынын эл жыш жашаган бөлүгүндө ондогон 17 кабат турак жай салуу каралганын, зилзала болсо, геттого окшогон ал жерлер бир заматта массалык көрүстөнгө айланышы мүмкүн экенин айтат.

Журналист мындай кооптонуулар жүйөлүү деп, шаар сейсмологиялык активдүү зонада жайгашканын, майда силкинүүлөр болуп турарын, Верный деп аталып турган кезде катуу жер титирөө жүздөгөн адамдын өмүрүн алып кеткенин баяндаган.

Жакында калаа башчысы Бакытжан Сагинтаев Алматыга сейсмологиялык жаңы тогуз станция орнотуларын, алар Жапониядагыдай эскертүү берүүчү системанын бөлүгү болорун билдирди.

Көптөгөн кемчиликтерге карабай, советтик кездеги жетекчилик сейсмологиялык коопсуздукка көңүл бурганын, 12 кабаттан бийик имараттарга уруксат берилбегенин белгилейт. 1978-жылы тургузулуп бүткөн белгилүү “Казакстан” мейманканасы 25 кабат болгону менен, айланасы ошол маалдагы алдыңкы технологияга ылайык жакшылап темир жана бетон менен бекитилген.

Журналист азыркы курулуш компаниялары үчүн андай имараттар кадырысе иш болуп калганын, Алматыдагы эң бийик Эсентай Мунарасы 38 кабат экенин эске салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG