Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

"Азатлык": Түркмөнстандын калкы кескин азайды


Орусиянын Ашхабаддагы элчилигинин алдында документ тапшыруу үчүн кезек күткөн түркмөн жарандары. 2019-жылдын май айы.
Орусиянын Ашхабаддагы элчилигинин алдында документ тапшыруу үчүн кезек күткөн түркмөн жарандары. 2019-жылдын май айы.

Түркмөнстанда туруктуу жашаган жарандардын саны 1980-жылдардагы деңгээлине чейин төмөндөп, 2,7 миллионго түштү. Бул тууралуу 2022-жылы эл каттоого даярданып жаткан мамлекеттик органдардагы булактар "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун түркмөн кызматына ("Азатлык") билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда Түркмөнстандын өзүндөгү калктын саны расмий статистикадан кеминде эки эсе аздык кылат. Бул маалыматты бири-биринен көз карандысыз үч башка булак ырастаган.

2018-жылы Дүйнөлүк банк расмий маалыматка таянып, Түркмөнстандын калкы 5,8 миллион экенин билдирген. 2020-жылы түркмөн өкмөтүнүн маалыматына караганда, калктын саны 6,2 миллионго жеткен.

"Азатлык" радиосунун булактары Түркмөнстанда тескерисинче калк азайып жатканын, бул бийлик үчүн күтүүсүз жагдай болгонун билдиришти. Алардын айтымында, 2008-жылдан 2018-жылга чейин Түркмөнстандан 1 миллион 800 миңден адам чыгып кеткен. Алардын көбү Түркияга, Орусияга, Украинага жана Өзбекстанга багыт алышкан. 2018-жылы түркмөн бийлиги 40 жашка чыга элек жарандарга өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. 2019-жылы «Чек арасыз кабарчылар» уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга жайгаштырган. Соңку бир канча жылда Түркмөнстанда каатчылык күчөгөнү кабарланып келет.

XS
SM
MD
LG