Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Аба ырайы: Күн 40 градуска чейин ысыйт


Сары-Челек коругу.
Сары-Челек коругу.

5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;

Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус ысыйт.

5-июлда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 38…40° ысык болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG