Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Филиппин: учак кырсыгынын курмандыктары 45ке жетти


Учак кыйраган аймак.
Учак кыйраган аймак.

Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйраганда каза тапкан адамдардын саны 45ке жетти. Алардын үчөө учак кулаган жерде жүргөн жайкын тургундар экенин расмий бийлик ырастады.

Маалыматка ылайык, бортунда 96 жоокерди салып бара жаткан "Локхид C-130 Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралына кыйрап түшкөн. Учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаганы кабарланууда.

Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан. Борттогу жоокерлердин көбү жакында эле аскердик машыгуусун аяктап, Филиппиндин түштүк райондорундагы исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлгөн. Аймактагы армиянын өкүлү, генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты.

Кырсыктан аман-эсен куткарылган ондогон аскерлер ооруканага жаткырылды. Reuters жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, борттогу айрым жоокерлер учак жерге жакын калганда секирип кетүүгө аракет кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG