Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Мөңгү үчүн компенсация тууралуу "Кумтөр" менен сүйлөшүү баштала элек


Мурадил Жумадил уулу, "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасынын орун басары.
Мурадил Жумадил уулу, "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасынын орун басары.

"Кумтөр" алтын кенин казган ишкана жылына Петров көлүнөн 5 миллион куб/метр суу пайдаланат. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Мурадил Жумадил уулу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бирок "Кыргызалтындын" өкүлү Петров көлүнүн суусуна жана мөңгүлөргө компенсация төлөө боюнча сүйлөшүүлөр Суу кодексине жана "Суу жөнүндө мыйзамга" өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин гана башталарын айтты.

Депутат Рыспаев "Кумтөрдөн" компенсация төлөтүү демилгесин Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү көтөрүп, ошондо эле "сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деп айтканын эске салып, азыркы жетекчиликте бул тууралуу маалымат жок экенин сындады.

Бүгүн 20-февралда Жогорку Кеңеште Суу кодексине жана "Суу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда. (KR)

XS
SM
MD
LG