Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

"Башкы оору да, баш оору дагы - коррупция"


Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Болот Исаевден​ келген материалды сунуштайбыз.

Эң оболу “эгемендүүлүк” деген сөз эмнени түшүндүрөрүн тактап алалы. Адабияттарда эгемендүүлүк жөнүндө төмөндөгүдөй аныктама берилген: “Мамлекет өзүнүн ички ишмердүүлүгүн жана тышкы саясатын жүргүзүүдө толук көз карандысыздыкка ээ болушу, мамлекеттин эгемендиги”.

Талаш жок, эгемендик – мамлекеттин эркин, көз карандысыз болуусун тастыктап жатат.

Биз мындан 30 жыл мурун өзүбүзчө көз каранды эмес, эркин мамлекет болуп түзүлгөнүбүздү жарыяладык. Мамлекетибиздин өнүгүү жолу, түзүмү жана стратегиялык багыты кандай формада болуш керек? Ал учурда мына ушул чоң суроо алдыбызда турган. Жаңы коомдун, доордун башталышы менен катар эле саясий партиялар да түзүлүп, көп партиялуу системасына өттүк. Айрым партиялар жана жогорку жетекчилик бизге төп келет деп мамлекеттик түзүлүштүн унитардык формасын, ал эми идеологиялык жана экономиканын тармактарынын башкы багытын либералдык-демократиялык жол менен өнүгүүнү сунушташты. Бул багыт кабыл алынып мыйзамдаштырылып, жашообузду жетелеп баштады.

Ошентип, кабыл алган унитардык формабыз, экономика тармагындагы “либералдык-демократиялык” режимибиз 30 жылдык тарыхыбызда, эгемендикте жашап жаткан элибизге эмнелерди берди? Азыр абалыбыз кандай? Жаралган ийгиликтер жана кемчиликтер кайсылар? Мына ушул маселелерге жооп издөө менен эгемендүүлүктү бекемдөөгө жооп табабызбы деген пикирдемин.

Кыргыз элинин кылымдардан бери эңсегени - өзүнчө мамлекет болуу эле. Бул максат толугу менен турмушка ашып, элибиз үчүн улуу жеңиш болду. Ошону менен катар кыргыз улутунун улут экенин тастыктаган, тили, каада-салты жана маданияты эркин, өз алдынча өнүгүү жолуна өттү. Анын ийгиликтерин көрүп, жашап жатабыз. Байлыктарды менчиктин жеке түрүнө өткөрүү жана ага ээлик кылуудагы эркиндиги жана сөз эркиндиктери мүмкүн болушунча жогорку чекке чейин кеңейтилди. Бул тармактардын жыйынтыктары менен жашап жатабыз.

Эми өлкөбүздүн эгемендигинин жана анын келечегинин үчүн чечүүчү ролунда турган экономикабыздын абалы кандай деңгээлде өнүгүп жаткандыгына токтололу. Мактанаарлык ийгиликтерге жетише албагандыгыбызды ачык эле айтсам болот.

Учурда мамлекетибиз экономикалык жактан оор абалды башынан кечирип жаткандыгын, жакыр жашаган өлкөлөрдүн катарында экендигин, жалпы калктын үчтөн экиси жакырчылыкта жашап жатканыбыз боюнча парламент депутаты Каныбек Иманалиев өзүнүн “Жети коркунуч” аталыштагы макаласында бир катар фактыларды келтирген.

Айлык-акынын, пенсиянын жана жөлөк пулдун көлөмү аз. Башкаруу органдарынын көзөмөлүнүн начардыгынан көмүскө экономика 60% ашып кеткен. Экономикадагы башкы оору да, баш оору да коррупция, бардык тармактарды толугу менен чырмап басып алган.

Улуттук экономиканын негизин түзгөн жаратылыш байлыктары ар кимдин колуна өтүп тоноочулукка туш келсе, завод, фабрикалар таланып-тонолуп, жоюлуп кетти. Анын кесепетинен жумушсуздардын катары өсүп, өлкөдө ички да, тышкы да миграциянын абалы күчөп турган кези.

Шайлоолордун одоно мыйзам бузуулар менен өтүшү, добуштарды сатып алуу жана административдик күч колдонуу менен добуш алуу, депутат болуунун бирден-бир ишеничтүү ыкмасына айланган. Депутат болуу бир гана бизнесмендер, акчалуу байлар үчүн деген пикирлер кеңири жайылды. Бул маселенин айыкпас өнөкөт оорудай болуп кайра-кайра кайталанып жатышы, экономиканын алсыз абалы, элдин мамлекеттик бийликке карата нааразычылыгын күчөттү. Жыйынтыгында, бийликке каршы жазалган элдин үч жолку төңкөрүштөрү, президенттердин, жогорку мамлекеттик кызматчылардын куулуп, качып жүрүшүнө, айрымдарынын камакта отурушуна алып келди. Бирок, төңкөрүштөр революциялык мүнөзгө ээ боло алган жок. Революциянын талабына ылайык өлкөнүн өнүгүү жолу, системасы өзгөрбөстөн, бар болгону бийлик ээлери (мамлекеттик аппарат) алмашуу, жаңылануу менен гана чектелип калды.

Парламентке ишеним кетти, алардын тарап кетүүсүн талап кылгандардын катары азыркы учурга чейин үзүлбөдү. Бизнесмендердин жана айрым саясый элиталардын (мамлекеттик кызматчылардын, депутаттардын) мыйзамсыз жеп-ичүү фактылары ачыкка чыгып кармалып, суралып, айрымдары сот жообуна тартылып жаткандардын да аягы үзүлбөдү. Алардын айрымдарынын качып кетип жатышы салтка айланды.

Мына ушул экономикалык оор абалга дуушар болуубуздун башкы себептерин эмнеде? Коррупциянын, көмүскө экономиканын гүлдөп өсүүсүнө, кадрлардын жоопкерсиздик мамилесине жана экономиканы иреттештирбей, көзөмөлдүк жүргүзө албай, баш-аламандыкка кеңири жол берген мамлекеттин башкаруу аппаратынын чабалдыгынанбы? Ойлонолучу, балким биз өзүбүз тандап алган, экономиканын өнүгүүнүн өзөгүн түзгөн, либералдык-демократиялык багытыбыз, жашоо-шартыбыздын, улуттук менталитетибиздин талаптарына туура келбей жатабы? Бул маселелер тууралуу коомдук ишмерлер, саясатчыларыбыз эмне дейт?

Өлкөбүздөгү саясий кырдаалдар тууралуу өткөн бир телеталкууда белгилүү юрист Чолпон Жакупова:“Түрмөгө тыга бергенден пайда жок, системаны оңдош керек”,- деген сунушун айтты. Эмне себептен мындай сунуш айтылды? Кемчиликтердин жаралышы, биздин жашоо деңгээлибизге же улуттук менталитетибизге шайкеш келбеген системаны тандап алганбыз деген пикирби же кандай? Түшүнгөн адамга сунуштун маани-маңызынын терең экендиги көрүнүп турат.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, калкыбызга аттын кашкасындай таанымал аксакалыбыз Жумагул Сааданбеков “Бизге идеология керекпи?” деген газетага берген макаласында мынтип жазат: “Азыркы Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы - 90-жылдарда орногон либералдык-демократиялык идеология, анын пайдубалы либерализм идеясы. Бул жеке адамдын укуктарын, эркиндигин баарынан, жада калса, Кудайдан да бийик коёт. Либерализм идеясынын туу чокусу – адамдын экономикалык эркиндиги. Анын чакырыгы: “Байыгыла (обогошайтесь), материалдык талаптарыңды чексиз канааттандыра бер” дейт. Мындай коом байлар жана кедейлерден турган эки тапка бөлүнөт”.

Туура, биздин өлкөдө, жеке адамдын укуктарын, эркиндигин баарынан, жада калса, Кудайдан да бийик коюлгандыгын тана албайбыз. Ким эмне жасайм десе жасайт. Эмнени сүйлөм десе сүйлөйт. Интернеттеги адам оозго алгыс, бири-бирин мазактаган жазмакерлер күч алууда. Мындан биз ар бир нерсенин чеги, рамкасы боло тургандыгын жокко чыгарып, ээн баштыкка, өзүм билемдикке бара жаткандыгыбыз көрүнүп турат. Аягы кантээр экен?

Ооба, биз либерализм идеасынын туу чокусу – адамдын экономикалык эркиндигине жеткенбиз. Анын “Байыгыла (обогошайтесь) материалдык талаптарыңды чексиз канааттандыра бер” деген чакырыгы менен жашап жатабыз. Айрымдар ачкөздүк менен чексиз байлыкка ээ болууга далбас уруп, жан талашып, улуп-жулуп алып жатканы боюнча жакында эле бир катар фактыларды жолуктурбадыкбы. Өлкөдө бир ууч гана жарандардын бардык байлыктарга ээлик кылуучулардан болушкандыктары көрүнүп калбадыбы. Учурда байлар жана кедейлер таптары (катмары) түзүлөөрү ачыктала башталбадыбы.

Жашообузга сунушталган мамлекеттүүлүктүн учурдагы формалары, режимдери, эгемендикти гүлдөтүүнүн башкы булагы боло алабы же тескерисинче, эгемендикке залалын тийгизеби деген суроолорду жаратат. Азырынча талашып-тартышпай, бул суроолорго туура, так жооп тапсак, эгемендикти эмнелер бекемдей турганына туура жооп болот го деген ойдомун.

Исаев Болот Исаевич.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG