Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Эгемендикти бекемдеген руханий азык  


Бишкектеги китепкана. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Болотбек Таштаналиевден​ келген материалды сунуштайбыз.

Эгемендүүлүк дегенде алды менен көз алдыбызга Кыргызстандын 5 млрд. долларга чукул карызы, 30 жыл аралыгында талкаланган завод-фабрикалар, бүлүнгөн айыл чарбасы, ишпалдасы чыккан билим берүү, саламаттык сактоо системасы, өлкөнү жакырчылыктын сазына белчесинен батырган коррупция элестейт.

Кол жоолуктай алмашкан конституциялар, коррупциянын “корбашысына” айланган экс-президенттер, экс-премьер-министрлер баштаган бардык рангадагы аткаминерлер элибиз эңсеп жеткен эгемендикти бекемдеген жок. Тескерисинче, алар мамлекеттүүлүктүн уңгусун солкулдатып, бүтүндүгүнө шек келтиришти.

Өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы олку-солкуга, экономикалык кризиске жана да мамлекет тарабынан таптакыр эле унуткарылып, колдоонун болбогонуна карабай, улуттук адабият мазмундук жана формалык жактан ырааттуу өсүп-өнүгүү жолунда болуу менен, улуттун руханий уңгусун жана элдин духун сактап калды. Эгер эгемендикти бекемдеген нерсе болсо, ал - улуттун руханий уңгусу жана элибиздин майтарылбаган духу.

Улуттук адабияттын айрым жанрларында "илбирс секирик" жасаган кадамдар да байкалып, тематикалык-идеялык жактан түп-тамырынан жаңыланып, жаңы муундагы адабият жаралды жана улуттук адабият жаңы муун менен толукталды. Ч.Айтматовдун "Кассандра тамгасы" улуттук адабияттын дүйнөлүк бийиктигин аныктаган кезектеги мыкты чыгармасы болуп калса, тарыхый роман жанры Т.Касымбековдун "Чапкын", "Баскын", "Кыргын", А.Стамовдун "Жортуул", "Хан Тейиш", Э.Турсуновдун "Боронбай", "Балбай", М.Абакировдун "Көкөй кести", С.Станалиевдин "Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы", "Ак жарыктын айыкпаган сыныгы", А.Рыскуловдун "Атакенин акболот", Ж.Токтоналиевдин "Хан Ормон", "Баатыр Шабдан", Б.Бектенованын "Байтик баатыр" ж.б. романдар менен толукталды. Бул сандык көрсөткүч гана болуп калбастан, тарыхый роман жанры сапаттык жактан да бир эмес, бир нече тепкичке өстү.

Мемуардык жанр багытындагы дыңды акын С.Эралиев, академик Абдулхай Алдашев, акын Ш.Дүйшеев, ишкер С.Турдумалиев, композитор Т.Казаков ж.б.лар бузса, детектив жанрындагы дыңды М.Макенбаев, Ч.Абыкеев, Ш.Калыков ж.б.лар бузуп, кийинкиси жазмакерлер арасында өтө популярдуу жанрга айланды.

Жаңы муундагы адабият демекчи, анын ири өкүлдөрүнүн катарында жазуучулар С.Раев, Т.Мадылбаев, А.Койчиевдердин ысымдарын атаса болот. Алсак, С.Раевдин чыгармалары улуттук окурмандарга караганда, батыш окурмандарына ылайыкталып жазылган. Жазуучу Т.Мадылбаевде улуттук колорит басымдуулук кылат. Ал эми А.Койчиевди бардык улуттун окурмандары бирдей окуй берет.

Ал эми акын Баяс Турал улуттук поэзияга формалык жаңычылдыктарды гана алып келбестен, поэзиянын интеллектуалдык деңгээлин да көтөрө алды.

Профессор Осмонакун Ибраимовдун "20-кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхынын" эки томдугу өткөн кылымдагы улуттук жазма адабиятка жаңыча көз караш менен карап, жаңыча таанып жатканыбыздан кабарласа, адабиятчы Абды Обозкановдун “Төкмөлүктүн башаты, калыптануу этаптары жана синкреттүү табияты” аттуу докторлук илимий монографиясы төкмөлүк өнөргө карата жаңычыл мамиленин мисалы.

Соңку 30 жылдагы эмгек миграциясы улуттук адабиятка мигранттардын адабияты деген түшүнүктү пайда кылып, улуттук адабияттын мыкты үлгүлөрү бүгүн кошуна Россия, Казакстан, Кытайда эле эмес, Европа, Америка, Корея, Түркия ж.б. кыргыз баласынын буту жеткен жерлерде жаралып жатат. Б.Сейитбекова, Н.Гургубаева, Н.Өмүрбаева, С.Насырова, Т.Мендебаев, А.Акматбеков ж.б. улуттук адабиятты жаңыча көз караш, жаңыча мазмун менен гана байытпастан, дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнө айланчу чыгармаларды жаратууда.

Соңку 30 жылда кыргыз аялдары үйдө аялдын, сыртта эркектин жумушун жасап, анысы аз келгенсип, эмгек мигранты болуп, үй-бүлөсүн, эл багып, бүт түйшүктү мойнуна көтөргөндөй эле, адабиятта да ошондой тенденция жүрдү. Акын кыздарыбыз мыкты эмгектеништи. С.Акматбекова, А.Узакова, Ш.Келдибекова, Ү.Маматова, Р.Карагулова, Р.Мукашева, М.Осмонкулова, Г.Шакирова баштаган акын кыздарыбыз көч башында туруп, улуттук адабиятты уңгулуу чыгармалар менен байытса, Б.Чотурова, Ф.Абдалова, Б.Сарыгулова, Б.Медетова, Б.Карагулова, А.Темирова, С.Сарбалаева, Б.Көкөтаева ж.б.лар акын катары бышып жетилип, поэзиядагы жаңы бийиктиктерди жаратышты.

Кыргыз совет адабиятында улуттук адабияттын жаңы бийиктигин аныктаган "алтымышынчылар" деген С.Тургунбаев, Р.Рыскулов, О.Султанов, С.Урманбетов, Т.Муканов, К.Сабыров, К.Сактанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытовдордун мууну бар. Өткөн кылымдын 90-жылдарында да улуттук адабияттын кийинки өнүгүшүн аныктаган токсонунчулардын мууну: аксакалдары Ш.Дүйшеев, Д.Стантегин, К.Көкүлов, М.Ааматов, көксакалдары Н.Капаров, К.Белеков, А.Акималиев, Ж.Зарлыкбеков, Д.Жапаров, Б.Бугубаев, А.Акбаров, К.Урманбетов, С.Стамбеков, К.Култегин, Ө.Тиллебаев, Ж.Саалаев, Т.Нуркемел, Н.Ахмедулин, М.Токторов баштаган акындар завод-фабрикалар кыйрап жаткан жылдарда, кыйраган ар бир завод-фабриканын ордуна бирден ыр жыйнактарын чыгарып жатышты. Соңку 30 жылдын асманында жылдыздай жанган Ж.Касаболотов, Ш.Сулайманов, У.Рысалиев, З.Ажыматов, М.Алымбаев ж.б.лар улуттук поэзиянын бүгүнкү бийиктиктери экени талашсыз.

Эгемендик жылдарында улуттук адабиятка чет элдик инвестиция да келбеди, мамлекеттик колдоо да болбоду. Ошого карабай, баш-аягы 100-150гө жакын жаңы ысымдар келип, өздөрүн өзү сүрөп, улуттук рухтун, духтун күчтүүлүгүн, өлбөс-өчпөстүгүн тастыкташты. А.Исмаилов, Э.Жумагазиев, М.Самыйкожо, Э.Аттокуров, Ж.Турсунбаев, Б.Жамгырчиев, Т.Алтымышев, З.Назарматов, Азамат Омош, Абдысамат Сарала, А.Кубанычбеков, У.Омокеев, Мирлан Алтымыш уулу, С.Саралаев, У.Дөөлөтов, М.Кадыров, Т.Үсөнов, М.Аскаров, Замирбек Орозбай уулу, М.Мамажанов, Дооранбек уулу Акжол, М.Жангазиев, Н.Гургубаева, Н.Өмүрбаева, М.Медербекова, А.Абдыкеримова, К.Жакыпова, М.Касейинова, Л.Камчыбекова, С.Насырова, К.Тажиева, С.Батыркулова, Н.Нышанбаева, М.Зарипова, Ж.Токтоналиева, Ж.Турусбекова, К.Токтомушева, Р.Таштемирова, Махабат Темирбек кызы, А.Момуналиева, З.Урманбетова, Турсунай Калмурат кызы, Перизат Алмаз кызы, М.Айтимбетова, Р.Изатова, С.Толукбаева, А.Токтоналиева, Б.Сексенбекова, Ч.Орозалиева, Нуркыз Рыскул кызы, Г.Калыбекова ж.б.баштаган адабий муундун жарык көргөн тунгуч китептери жана адабий сайттарда, социалдык түйүндөрдө жарыяланган ырлары улуттук адабияттын уучу кур эместигинен кабарлайт.

Байлыктын, акчанын арааны жүрүп, кара жанын багуу үчүн бөлөк-бөтөндү гана эмес, өз атасынан, өз баласынан кечүүгө даяр мезгилде жан дүйнөнүн жалбырактай дирилдеп, комуздун кылындай күүгө келип, ак жаандай агылып, ыр саптарынын төгүлүп, азыркынын "Манасы" жаралып жатканы улуттун руханий уңгусунун жана элдин духунун касиети эмей эмне.

Ырас, эгемендиктин 30 жылында мамлекет саясий-экономикалык жактан чоң жоготууларга учурады, кризистин сазында белчебизден турабыз. Арийне, улуттук көркөм аң-сезимдин алып жүрүүчүлөрү - акын-жазуучуларыбыз руханий уюткубузду кыйроого салып берген жок. Эгер, тематикалык жактан алсак, соңку 30 жылда атуулдук ырлар: мекенди сүйүү, ата журтту көздүн карегиндей сактоо, Кыргызстан, улут, эл тууралуу ырлар көп жаралып, улуттук поэзияда атуулдук поэзия жанры кайра жаралууну башынан кечирди. Эгемендүүлүктү бекемдесе, мына ошол эл-жерди сүйүүгө чакырган атуулдук ырлар бекемдейт. Неге дегенде, ал ырлар кыйын күндөрдө элибизге өлбөстүктүн үрөнүндөй руханий азык болуп, дем байлатты жана улуттук духубуз өлбөй-өчпөй турганын далилдей алды деп ишенимдүү айтсак болот.

Болотбек Таштаналиев, Бишкек шаары

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG