Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:37

Мамлекетти башкаруудагы каталар өлкөнү алсыздантты


Бишкектеги Өкмөт үйү.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Наргиза Дайырбековадан​ келген материалды сунуштайбыз.

Кыргызстан эгемендүү болгонуна 30 жыл толду. Ушул жылдары мамлекетте болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы? Кыргызстан дагы эле мамлекеттүүлүгү олку-солку абалдагы өлкөбү? Эгемендикти бекемдеш үчүн эмне кылуу керек?

Бул суроолорго бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Ушул учурда Кыргызстан экономикалык жактан өтө алсыз болуп турат. Демек, экономикалык жактан башка өлкөлөргө айласыз көз каранды. Өлкөбүздө жашоо-турмуш кыйын, канчалык каржалып иштесең да тапкан акчаңа тоюнуп тамак жей албайсың, жакшы кийим кийе албайсың. Айла жок жаштар чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгып кетип жатышат. Көпчүлүгү чет өлкөнүн жарандыгын алууга аракет кылышат. Мындай абал улана бере турган болсо, аз сандагы эли бар кыргыз өлкөсү үчүн өтө кооптуу. Өлкөдө иштей турган жаштардын саны азайып, ал эми пенсионер кары-картаңдардын саны көбөйүп, мамлекет демографиялык жактан курч татаал кырдаалга такалышы мүмкүн.

Эмне үчүн Кыргызстан эгемендикке жеткен 30 жылдан бери өнүгө албай алсыз өлкө болуп келе жатат? Буга мамлекеттик башкаруудагы кетирилген каталар себеп болду. Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы – парламент! Бирок бул жылдар аралыгында биздин өлкөдө парламенттик модель жарытылуу иштеген жок. Ошондон улам Жогорку Кеңеш мамлекеттин ички жана тышкы саясаттынын позициясын ээлей турган бийликтин толук кандуу бутагы боло алган жок.

Акаевдин башкаруу мезгили (1991-2005-жж.) бир жагынан, салыштырмалуу саясий туруктуулуктун доору катары бааланса, экинчи жагынан, ал ири коррупция жана жумушсуздук менен коштолуп, өлкөнү “Жоогазын революциясына” алып келген. Акаевди бийликтен кетирүүгө авторитардык бийликке нааразычылык, 2005-жылдын январындагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына каршы чыгуу, ошондой эле өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык кырдаал себеп болгон.

1990-1994-жана 1995-1999-жылдары биздин ошол кездеги парламенттерибиз конституциялык укуктары үчүн күрөшүп, ички саясаттын көптөгөн маселелеринде президентке жана өкмөткө каршы чыгышкан.

1995-1999-жылдардагы парламент - көз карандысыз мыйзам чыгаруу органдардын ролун аткарып, өлкөдө парламентаризмдин негизин түптөп, тарыхта “Легендарлуу парламент” деп аталып калган. Бул чакырылышта ошол кездеги партиялык, чарбалык, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын элитасы акыркы жолу чогулушкан. Бирок, кийинки чакырылыштарда президент жана өкмөттөр шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшүп атаандаштарын четтетип, парламентти толугу менен көзөмөлдөп калышкан. Ошентип, парламент депутаттарынын сапаттык деңгээли төмөндөп баштаган.

Өмүрбек Текебаев 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти 2005-жылы өз алдынча бийлик бутагы кылууга аракет жасаган. Бирок Текебаев А.Акаевдин ордуна президенттикке келген К.Бакиевдин каршылыгына туруштук бере албай 2006-жылы апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүүгө аргасыз болгон. Ушундан соң бир нече айдан кийин парламенттин аброюу төмөндөп, президенттик администрация башчылык кылган мыйзам чыгаруу органына айланган.

2007-жылы президенттин администрациясы парламентти толугу менен өзүнө ыңгайлаштырып реформалоону чечкен. Буга шылтоо оңой эле табылган: Жогорку Кеңеш менен Конституциялык Соттун ортосундагы келишпестикти шылтоо кылышкан. Ошентип 22-октябрда президенттин жарлыгы менен парламент таратылган. Натыйжада, президенттик администрация бардык атаандаштарды четтетип, чыныгы эркин добуш алууга бут тосуп, бийликтин партиясынын көп добуш алуусун камсыз кылган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк мандаттары “Ак Жол” президенттик партиясына таандык болгон. Демек, бул чакырылыш өз алдынча роль ойногон эмес, президенттик администрациянын жана өкмөттүн мыйзам долбоорлорун бекитүү функцияларын гана аткарган. 2010-жылы оппозициянын массалык демонстрациялары болуп, Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Анткени ал авторитардык, кландык, үй-бүлөлүк бийлик жүргүзгөн. Натыйжада эл көтөрүлүп Бакиевти бийликтен кулаткан.

Алгач Роза Отунбаева бийлик башына келип, 2011-жылдын 1-декабрында ал бийликти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевдин президенттик мөөнөтү кыргыз жана эл аралык басылмаларда кеңири чагылдырылган чуулгандуу окуялар менен коштолгон. Көпчүлүк учурда чуулгандуу окуялардын башаты Атамбаевдин жеке кызмат чөйрөсүнөн - анын айдоочуларынан, жансакчыларынан жана башка адамдардан турган мамлекеттик жогорку кызматтарга кадрдык дайындоолор болгон.

2016-жылы Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөргөн. Жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, журналисттер, оппозициячылар бул демилгени бийликти узурпациялоо аракети деп аташкан. Атамбаевдин бийлигинин тушунда деле Кыргызстанда президенттик-парламенттик башкаруу системасы болгон. Бирок парламент президенттин айтканынан чыга алган эмес.

Бийликке Жээнбеков келген учурда президенттик-парламенттик башкаруу системасы уланган жана мында деле мамлекеттик башкарууда эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Республикадагы кабыл алынган чечимдерге, аткарылган иштерге же президент, же парламент, же өкмөт жооп бербей башкаруу системасында мурдагыдай эле башаламандык өкүм сүргөн.

Акаевдин бийлигинен тартып Жээнбековдун бийлигин кошуп алганда жогорку бийлик бутактарына чыныгы профессионал, кыргыз эли, жери үчүн жан дилинен күйгөн инсандар эмес, өз көмөчүнө күл тартып, өз кызыкчылыгын ойлоп, баюуну гана көздөгөн адамдар келишкен.

Мына ушундан улам Кыргызстандын экономикасы жыл өткөн сайын алсырап отурган. Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 2020-жылдын 31 декабрына карата 4 млрд 928,67 АКШ долларына чейин жетти. Бул карыздын 4 млрд 220,31 млн доллары тышкы карыз,708,36 млн доллары ички карыз болуп эсептелет. Эл Жээнбековду бийликтен кетирип, Садыр Жапаров бийликке келди. Жапаров президент болуп шайланган соң Кыргызстанды президенттик республика кылууну көздөп, ал оюн чекесинен ишке ашырууда.

Эмне үчүн биздин республикада парламенттик, же парламенттик-президенттик башкаруу ишке ашкан жок. Эмне үчүн 30 жылдан бери өлкөбүздүн экономикасы начарлап, элдин жашоо-турмушу кыйындап, мамлекетибиз экономикалык-социалдык жактан башка өнүккөн мамлекеттерге көз каранды болуп, алсыз өлкөгө айланып калды? Менин оюмча, биздин мамлекетте Өмүрбек Текебаев сыяктуу кыргыз демократтары эңсеген идеалдуу Батыш парламентизминин ишке ашпай калышынын себеби - толук өнүккөн партиялык системанын жоктугу, укуктук жана саясий маданиятыбыз төмөн экендиги.

Өлкөбүздө парламенттик системанын нормалдуу иштеши үчүн саясий, укуктук шарттар бышып жетилген эмес. Дегеле, Батыш өлкөлөрү демократиянын парламенттик формаларына узак жылдар боюу тажрыйба топтоп өткөн. Демократиялык принциптерди жана методдорду кылдаттык менен өздөштүрүп, улуттук жашоо образына айландырыш керек. Бул кандайдыр бир мыйзам актыларын кабыл алуунун натыйжасында эмес, узак социалдык эволюциянын жүрүшүндө болот.

Бизде конституциялык жоболорду, жаңы саясий жана укуктук шарттарды реалдуу мазмун менен каныктырган мамлекеттик маанидеги, ошого жараша өлкөдөгү парламентаризмди беките алган саясат жок.

Парламенттин ролу канчалык жогору болсо, саясий партиялардын мааниси ошончолук жогору болот. Ал үчүн, саясий тутумду реформалоо керек. Реформанын негизги максаты - албетте, саясий тутумдун туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу. Кыргызстандын мамлекеттик-саясий институттары 2005-жылдын мартында жана 2010-жылдын апрелинде башкаруунун деңгээлин сактап калууга, негизги коомдук күтүүлөргө жана критикалык кырдаалдарга жооп берүүгө жөндөмү жок экендигин көрсөттү.

Батыш парламентизминин ийгилиги - мамлекеттин кызыкчылыгын, калктын, бардык социалдык топтордун жана ар бир адамдын кызыкчылыгын оптималдуу коргоп, ийгиликтүү чечип жаткандыгында. Эң башкысы - парламенттин кесипкөйлүгү жана сапаттуу деңгээли. Ал эми биздин өлкөдө парламенттин сапаттык деңгээли ар бир чакырылыш сайын төмөндөп олтурган. Элдин парламентти сыйлабагандыгын, ага ишенбегендигинин себеби- Жогорку Кеңештин депутаттары чындыгында эч кимдин алдында жооп беришпейт, эл аларды көзөмөлдөй алышпайт, депутаттар айткандарын аткарышпайт.

Ушул жылдын 10-январында жарандардын 80,89% президенттик башкаруу формасына добуш беришти. Эми президент жана Жогорку Кеңеш коомдук көзөмөлдөө предметине айланышы керек. Депутат жана мамлекеттик кызматкерлер этикалык жүрүм-туруму боюнча коомдук көзөмөлдө ачык болушу керек. Алар өзүлөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн кирешесин, үй-бүлөлүк мүлкүнүн наркын, канча салык төлөгөнүн ж.б. жалпыга жарыялаш керек. Ушул жана башка коомдук көзөмөл чаралары Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу, мамлекеттик кызматкерлердин статусу жөнүндө мыйзамдарда каралышы керек.

Ушуга окшогон көптөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу Жогорку Кеңештин позициясын, анын ишинин натыйжалуулугун кыйла чыңдап, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин ыйгарым укуктарын жогорулатат. Бул өлкөнүн өнүгүү нугун оң жолго салат, экономикасын өнүктүрөт, коррупцияны ооздуктайт, башка мамлекеттерге болгон экономикалык-саясый көз карандылыктан арылтат. Кыскасы заманбап Кыргызстандын калыптанышына жасалган маанилүү кадам болот.

Наргиза Дайырбекова, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун стеденти.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG