Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:29

"Талибан биздин айланабызда жүрөт"


Ооганстандын Герат аймагы. Өкмөттүк аскер көчөдө коопсуздукту көзөмөлдөп турат. Июль, 2021-жыл. Ооганстандын көп аймагын "Талибан" кыймылы ээлеп алган.

Талибдер жүрөктү түшүрүп кирди окшойт. Соңку бир топ убакыттан бери эле күндеминен түшпөй калды. Негизи колуна курал кармап, радикалдуу кадамдар аркылуу өз билгенин кылып жаткан топтон коркуу нормалдуу көрүнүш. Өзгөчө бул топ коңшу өлкөлөргө чейин жетип келип, сес көрсөтүп жаткандыгынан улам кооптонгонго толук негиз бар. Андыктан коңшу өлкөлөр кошулуп, жапа тырмак аракеттенип, бул топтон кантип коргонуу мүмкүн экенин ойлонуп жатканыбызды түшүнсө болот.

Бирок эмне үчүн реалдуу бир коркунучка айланган кыймылдан кооптонгончолук, алардын аң-сезимдик пайдубалынан кооптонбой келебиз? Дегеним, талибдерди коркунучтуу кылып турган нерсе - ошол Ооганстандагы курал көтөргөн кишилер менен гана чектелбейт эмеспи. Мындай топту пайда кылган аң-сезим дүйнөнүн бардык жеринде, чек ара тааныбай эле жашап келгени ачуу чындык да. Дагы ачыгыраак айта турган болсок, так ушул биз жашап жаткан өлкөдө деле талибдерден кыйратып обочолонбогон диний көз карашка ээ мекендештерибиз жок эмес. Бул мекендештерибизди бурмаланган, динди идеологиялык курал катары колдонууну көздөгөн мындай түшүнүктөрдөн куткарып, туура диний түшүнүктү көрсөтүп берүү баарыбыздын бири-бирибизге болгон жоопкерчилигибиз деп эсептейм.

Коркунуч каалганын сыртындабы же ичиндеби?

Бир учурларда Сириядагы кризис кызып турган кезде, ал тарапка аскер жөнөтүү маселеси көтөрүлгөн эле. Орусия баштаган кандайдыр бир бирикменин негизинде биздин өлкөдө да аскер жөнөтө турган абал жаралгансыган. Ошондо аскер жөнөтүп, жөнөтпөө туурасында коомдук талкуу кызып, белгилүү эле мекендештерден биринин "Сирия бизге узак деп маселеге кайдыгер кароого болбойт. Азыртадан аскер жөнөтүп коркунучту баспасак, эртең бир күн келип, бул коркунуч биздин да каалганы каккылап калышы мүмкүн", - деген билдирүүсүн көрүп жылмайып койдум эле.

Көрсө, ошол кезде Сириядагы бытырандылык бул аймакка тиешелүү, ал жактагы туура эмес түшүнүктөрдөн улам пайда болгон жагдай деп түшүнгөн экен көпчүлүк. Аныгында, Сирия кризисин сиздин же менин эле айланамда жүргөн кишилер ырбатты да. Демек, биз чочулаган коркунуч ошол учурда бир гана Сирияда болбогондой эле, бүгүн да айтылуу коркунуч талибдер менен гана чектелбейт. Коркунуч кайра эле биздин ичибизде, аралашып эле жашап келе жатабыз.

Атайын аскердик күчтөрдү тартып, элдин коопсуздугун камсыздаган туура кадам. Бирок, ушул жерде дароо белгилей кетчү бир жагдай бар. Учурда жүрөктү түшүрүп жаткан кыймылдын кыймылдаткыч күчү – алардын диний түшүнүгү экени түшүнүктүү эле болсо керек.

Демек, маселени эң баштан, башкача айтканда, кишилер туура эмес диний түшүнүктөргө малына баштаган кезде эле баамдап, аларды бурмаланган диний түшүнүктөрдүн капканынан алып калсак дагы да жакшы болбойт беле? Мамлекет катары радикалдуу топтор менен күрөшүү бир гана курал кармап, чоң жоготуулардын коштоосунда салгылашуу менен чектелбесе деген ой. Бир тараптан агартуу жаатына жарытарлык көңүл буруп, жарандарыбызды азгырык түшүнүктөрдүн капканынан куткарып калуу мүмкүн го, акыры.

Торпогунда сүзүп коюш керекпи?

Мындайча айтканда кийин барып радикалдуу топторго аралашып кете турган жарандарды (оң мааниде) торпок кезинде сүзүп коюш керекпи дейм. Кантип? Өлкөбүздөгү диний ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан агымдарды, жамааттарды, топторду кылдат текшерип, алардын ишмердүүлүгүндөгү, колдонгон булактарындагы радикалдык кадамдарга байкатпай жетелеп алып барган түшүнүктөргө чек коюш керек. Мына ошондо туура эмес диний-түшүнүктөрдүн жайылуусун азайтуу жана акыл-эстик, логикалык принциптер менен айкалышкан диний түшүнүктүн жайылышын шарттоо менен котур ташы коюнунда жүргөндөрдү торпогунда сүзгөн болобузбу дейм.

Негизи бул озуйпаны, мамлекеттик дин комиссиясы аткарып жаткандай. Бирок жеткиликтүү кылдаттык жана жигердүүлүк жетишпей жатат окшойт да, чамамда. Анткени, радикалдык түшүнүктөргө ээ агымдарга дароо бөгөт коюп, аларды каттоодон өткөрбөй, ишмердүүлүгүнө уруксат бербей аткан киши болуп көрүнгөнү менен Сирияда чыккан кризиске дароо Кыргызстандан да нечендеген киши, керек болсо бала-чакасы менен кошо кетип калып жатса, бир жерлерде ката кетирилип жатат деген сөз да.

Курал кармап салгылашуу эң акыркы чара экенин билебиз. Мажбур болгон учурда элдин бейпилдиги үчүн албетте бул кадамга баруу зарыл. Бирок, эң башта агартуу ишине алгылыктуу көңүл бөлбөстөн, маселе качан гана чоң баш ооруга айланганда көчүктү көтөрүү убактылуу гана чара катары эсептелиши керек. Бул акырындап суу толуп бараткан тешик кеме менен сапар тартууда аны жамап койгондун ордуна, утуру суу көбөйө баштаганда аны чака менен кайра деңизге төгүп, утурумдук сапар тартып кете бергенге окшош.

Майда мисалдардан чоң натыйжаларга

Негизи, болгону жакшылыкка гана үндөгөн диний окуудан башкалардын өмүрүнө коркунуч келтире турган кишилердин чыгышына ишенүү кыйын. Бирок бир тараптан реалдуулук да көрсөтүп тургандай, мындай нерсе мүмкүн турбайбы. Демек бул жерден "кези келгенде жанын кыя турганчалык деңгээлге кантип жетет?" деген суроонун жообун талдап көрүш керек.

Албетте, бул суроого түрдүү өңүттөн түрдүүчө жооп берүү мүмкүн. А мен болсо бул суроого "майда жана куу тепкичтер аркылуу" жооп бермекмин. Анткени, кандайдыр бир китепте дароо эле "Алла үчүн адам өлтүр" деп жазбайт. Антип жазса же айтса кишилерди чочутуп алуусун, натыйжада тарапташ топтой албай калышын жакшы билишет да. Андыктан, адамдарды чочутпай, акырындык менен байкатпай өзүнүн кир агымына алып кирип кетүү үчүн майда жана куу тепкичтерди колдонот деп ойлойм.

Мисалга, темага байланыштуу болгондугу үчүн бүгүнкүгө чейин макалаларымда токтолгон эки-үч маселеге көңүл буралы. Бир макаламда, кандайдыр бир диний лидерлерди ыйыкташтырууну сынга алып, мындай түшүнүк нукура Ислам менен шайкеш келбей турганын жазгам. Дагы бир макаламда, тарыхты ыйыкташтыруунун кооптуулугун жазган элем. Өзгөчө аз. Пайгамбар жашаган доорду кыялыбыздагы кынтыксыз дүйнө катары таанытуунун, ал доордогу адамдарды дээрлик ката-кемчиликсиз сүрөттөөнүн, адамдардын ортосундагы мамилелерди ушунчалык аруу, пакиза кылып, бир сөз менен айтканда ал доорду жомоктогудай жашоо катары таанытуунун кооптуулугуна токтолгон элем. Анан да эч диний принцип акылга, логикага каршы келбеши керектигин айтып какшап, белгилүү катмарларга жаман көрүнгөнүм бар.

Жаңылбас жаак диний лидерлерде да жок

Эми келиңиз талдап көрөлү. Бир караганда жогорудагы маселелер кооптуу деле көрүнбөйт. Дал ошол себептүү азырга чейин "Сен динди бузуп жатасың, динге асылба, аалымдарыбызды сындагыдай сен кимсиң?" деген сыяктуу жоромолдор мага карата айтылып эле келатат. Муну түшүнсө болот, нормалдуу көрүнүш.

Бирок, белгилүү диний лидерлерди ыйыкташтыруу б.а. аларды Кудайга өзгөчө жакын деп эсептөө бара-бара аларга болгон сынчыл көз карашты азайтат. Мындайча айтканда, бара-бара мындай кишилердин ката-кемчиликтери көрүнбөй, алардын айткан-дегендери бир мааниде "Кудайдын өкүмү" катары кабылданып кете бериши мүмкүн. Бул жагдай эмнеге алып барат деп ойлонуп көрдүңүз беле?

Күнүбүздө мусулман чөлкөмдөрүндөгү, Исламдын нагыз рухуна туура келбеген көрүнүштөр так ушул катабыздан улам пайда болуп жатат деп билем. Кызыгы, мунун өрнөктөрү бир гана кишини катуу ээрчип, радикалдуу кадамдарга аралашып кеткен чала-сабаттар менен чектелбейт. Мисалга, Түркия, бир канча араб өлкөлөрү, Ооганстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө ушул жол менен б.а. өзүн Кудайдын өзгөчө кулу катары таанытып, шейх боло калып көп кишилердин ырыскысын жеп жүргөндөр толтура. Жада калса (мисалга Түркияда), тийиштүү жамаатка (же тарикатка) мүчө болгон кыз-келиндер менен жакындашып ийген шейхтер тууралуу да кабарлар, атайын изилдөөлөр чыгып турат кези менен.
Бир сөз менен айтканда, кадимки мусулман катары "Жок, мусулман киши мындай кадамга такыр барбайт" деген кадамдарга, керек болсо "соопчулук" үчүн барып жаткан кишилер кантип ушул абалга келди?

Эгерде бир кишинин аң-сезиминде акыйкаттын айныгыс дареги катары белгилүү бир диний кишини сиңирип койсо, акыр аягы бара турган туңгуюгу мына ушундай болот. Өзүнүн акылына, баам-парасатына такыр ишеними калбай, анын оордун бир шейх же молдо ээлеп калган кишиге "Оой, кокуй, сенин кылгандарың мусулманчылыкка туура келбейт. Сен кылган нерселер Курандын мына бу, ал эми сүннөттүн мобул жерине каршы келет" деп көзгө сайып көрсөтүү да ишке жарабай калат. Исламдын эң ачык-айкын принциптерине каршы келген нерселерди, өздөрүнүн оюнда "Алла ыразылыгы үчүн" жасап жүргөн жоон топтордун (дүйнө жүзүндө) азайбай келишинин эң маанилүү себептеринен бири ушул деп эсептейм.

Тарыхты ыйыкташтыруу коркунучтуубу?

Мен тийиштүү макаламда пайгамбардын доорундагы кишилерди кадимки кишилер катары кабыл алуу керек экендигин, алардын да жакшылары болгондой эле жамандары да болгонун жазгам. Бул макаладагы ойлорума, тилекке каршы "Сен сахабаларга тил узатпа, алар апакай, биз аларга такыр тең келе албайбыз, сен кимсиң аларга асылгыдай?" деген маңыздагы реакциялар көп келди. Максатым - аларга тил узатуу эмес, реалдуу тарыхты таанууга умтулуу эле.

Бүгүн светтик мыйзамга баш ийгиси келбей, аны "каапырдын" түзүмү катары эсептеп, анын ордуна "халифаттыкты" кайра жандандыргысы келген кишилердин аң-сезиминин тереңинде дал ушул түшүнүк да бар. Жөнөкөй тил менен айтканда, учурда кайрадан пайгамбардын доорундагыдай болуп жашагысы келгендер - учурдагы укуктук, саясий, коомдук бытырандылыктан тоюп, аны түзөтүүгө мүмкүн эместигине ынанып калган кишилер. Ислам тарыхына байланыштуу илимий эмес диний өңүттөн жазылган тарых китептериндеги маалыматтардын, мындай кишилердин оюнда адамча, ынтымакта, бири-бирибизге ишеним артуу менен гармонияда мамыр-жумур болуп, кой үстүндө торгой жумурткалап жашоонун бир гана жолу катары халифаттыкты кайра калыптандырып коюуда орду чоң. Дал ошол себептүү, тарыхтын тийиштүү доорлорун туура, реалдуу таанытуу аркылуу гана көптөгөн бурадарларыбызды куру кыялды соодалаган кара ниеттүү кишилердин азгырыгынан куткарып кала алабыз.

Мындай ойдогу кишилерибиздин ынтымакта, адамча жашоого умтулганы жакшы нерсе. Болгону андай жашоону бурмаланган тарыхтын эскирген баскычтарынан издебей, учурда жашап жаткан дүйнөбүздү жакшыртууга салым кошуу менен табууга болоруна ынандыруу тарыхый озуйпа деп эсептейм.

Дин акылдан жогору эмес

Бизде диний булактарда жазылгандар, сукбаттарда айтылгандар дайыма эле акылдын, логиканын принциптери менен айкалыша бербегени көнүмүшкө айланып калды окшойт. Негизи көнүмүшкө айланбашы керек эле. Мисалга "Бир аалым жолдо баратып арыкта аккан сууну бир дем салып артка кайтарып жиберген экен, дагы бирөөсү кумгандагы сууну кайнатып ийген экен", "Бир сахаба өзүнүн диний күчү менен атып кете жаздаган вулканды артка кайтарып жиберген" же "Бир аалым согушта душмандын аскердик учагына бир назар салып эле койгон экен, жанагы учак дароо кулап түшүптүр" - деген сыяктуу сөздөрдү көп эле угуп жүрсөңүздөр керек.

Мындай маңыздагы айтымдар эмне үчүн зыян болушу мүмкүн? Диндин мына ушундай сыйкырдуу, акылды ашып түшкөн жагы бар деп таанытуу, бара-бара адамда акылга, баам-парасатка болгон ишенимин азайтат. Мына ушундайча динге катуу бериле баштаган кишини акылга сыйбаган нерселерге ынандыруу, натыйжада акылга сыйбаган нерселерди да жасатуу мүмкүн боло баштайт деп ойлойм.

Демек, жогоруда мен макалаларымда сындаган жагдайлар, динге душмандык эмес, диний түшүнүктөрдү атайы жаман жакка колдонгусу келген, динге ынанган бир жакшына бурадарларыбызды азгырып кетүүнү самаган кара ниеттүү амалкөйлөрдүн кылыгына душмандык катары сыпаттоо туура болор.

Бонус катары төмөндөгүлөрдү да кошо кетейин. Биздин өлкө- кызык өлкө. Светтик өлкө катары, илим-билимдин принциптерин бек кармаганды, бул алкакта атайын комиссия аркылуу кооптуу диний түшүнүктөрдү элеп өткөрбөй турууну максат кылганыбыз менен көз алдыбыздагы коркунучтарды көрбөй эле койдук го, чиркин. Биздин өлкөдө "Аалымдарыбызга сын айтпагыла, аларга сын айткандардын урпактарынан аалым киши чыкпай турган болуп каргышка калып кетишин унутпагыла!" деген айтылуу майда жана куу тепкичтер жок дегенде ушул иштерди караган комиссияны кооптондуруш керек беле?

Же болбосо, кээ бир молдолор өзүнүн айткан оюна жамаатты ынандыруу максатында бир аят же хадисти мисал келтирип, "Бул менин сөзүм эмес эскертип коёюн. Бул деген Алланын (же пайгамбардын) сөзү!" деп, "Каршы чыгып эле көрчү эми" дегендей кыйкырып насаат айткандарчы? Дагы бир мисал, "Таблиги жамаат" дааватка чыккан учурда "Амир саптын (башчы) айтканынан чыкпаш керек, ал айткан нерсе катадай сезилсе да анын сөзүнөн чыгып болбойт. Анткени, Алла түздөн-түз амир саптардын кыймылын башкарып, туура багыт берип турган болот" деп үйрөтөт. Азыр ушундайбы билбейм, бирок мен бир канча жыл мурда чыкканда ушуларды угуп таң калган жайым бар. "Жамааттын мына ушундай эрежесине (тартип деп коюшат) кооптонгонго негиз барбы же жокпу?" деген суроону сергек окурмандын оюна койдум.

Эмне үчүн биздин коомдо "Башымды айран менен жуусам жакшыбы же шампунь мененби?" деген сыяктуу толугу менен илим-билимди кызыктырган суроолор молдого берилип калды? Же эмне үчүн "Шахмат ойносо болобу же болбойбу?" деген, жөн эле акылга салып б.а. шахмат ойноонун зыяны тийип тийбегенин таразалап туруп эле ойносо болот же болбойт экенин билип алса боло турган суроолор молдого келип калды? Булар маанилүү белгилер деп эсептейм...

Айтаар кеп

Аң-сезимдик булганыч менен күрөшүү, курал көтөрүп келген душман менен чек-арада салгылашкандан дагы да маанилүү экенин эске алуу керек. Бул үчүн өлкөбүздө иш алып барып жаткан диний уюмдардын колдонмо булактарын тыкыр, кылдат иликтеп, байкатпай аң-сезимди булгап келаткан түшүнүктөрдөн арылтуу зарыл. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, эч бир диний догма, принцип акылдын принцибине каршы келбеши керектигин дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Муну канчалык тез аңдасак, коркунучтан ошончолук оолак болорубузду эске түйүп алалы.

Мамлекеттик машине акырын иштегендиктен, бул жаатта өлкөбүздө качан масштабдуу иш-чара болот билбейм.

Албетте, кечигип жаткандыгыбыздын себептеринин ичинде кайдыгерлик да жок эмес. Мамлекеттик машинеден кадам күтүп отура бербей, жарандык коом катары аң-сезимибизди өстүрүп, өз киндигибизди өзүбүз кесүүнүн дартына түшкөнүбүз деле дурустай. Бирок кайдыгерлик бул жакта деле жолтоо болот окшойт мындайга. Дегеним, кыргыз коомунун диний түшүнүктөр менен болгон мамилесиндеги дал ушундай талылуу жерлерин талдап-иликтеген бир китеп жаздым эле. Бир канча айдан бери демөөрчү таба албай келем.

Тилегим, оор жоготууларга дуушар болуп кара күч менен чече турган абалга жеткирбей, көптөгөн мекендештерибизди сулуу көрүнгөн уулуу түшүнүктөрдөн эсен-аман сактап калсак экен. Андыктан үмүт азайса да, аракет кылуудан баш тартпай, үнүбүз жеткен жерге чейин аракеттене берели.

Элмурат Кочкор уулу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG