Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:39

Кыргызстанда кысымга кабылган ишенимдер


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2020-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу жаңы баяндамасы 12-майда жарык көрдү. Анда Кыргызстандагы жагдай да талданган.

Диний азчылыктар туш болгон тоскоолдуктар

Мамдепартаменттин Кыргызстанда «Жахабанын күбөлөрү», теңирчиликти жактагандар жана ахмадия мусулмандар жамааты расмий диний уюм макамын алуу үчүн каттоодон өтө албай, тоскоолдуктарга дуушар болуп жатканы белгиленген.

Тыюу салынган топторго тиешеси бар деген айып менен камалгандарга диний материалдарды берилбей, чектеген учурлар катталганына да көңүл бурулган.

Андан тышкары мусулман эмес диний азчылыктар маркумдардын сөөгүн жерге берүүдө тоскоолдуктарга туш болушары жазылган.

Дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу баяндамада милиция менен прокуратура өкүлдөрү Элдос Сатар уулунун үй-бүлө мүчөлөрүн коркутуп-үркүткөн учурлар уланып жатканы белгиленген.

Сатар уулу 2018-жылы протестант ишенимин тутунганы үчүн ур-токмокко кабылып, өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан чет жакка чыгып кетип, бир жылдан кийин кайтып келген.

Тыюу салынган уюмдар

Мамдепартаменттин баяндамасында кыргыз өкмөтү экстремисттик деген кине менен 21 диний уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салганы белгиленген. Алардын арасында «Аль-Каида», «Талибан», «Хизб ут-Тахрир», «Ислам мамлекети», «Жабхат Ан Нусра», «Йакын-Инкар» жана башкалар бар.

2020-жылдын алгачкы алты айында «Хизб ут-Тахрир» кыймылынын мүчөсү делген 13 адам кармалганы да жазылган.

Документте бейөкмөт уюмдарынын маалыматына таянуу менен мурдагы жылга салыштырмалуу былтыр диний экстремизмге байланыштуу камалгандардын саны азайганы белгиленген. Буга 2019-жылы экстремизм боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр түрткү болгон. Аларга ылайык, экстремисттик деп саналган материалдарды сактап жүргөн адамдарды камоого шарт түзгөн беренелер жокко чыгарылган.

Анткен менен баяндамада социалдык тармактын колдонуучуларынын постторун экстремисттик деп таап, аларды камаган учурлар көп катталып жатканына көңүл бурулган.

Белгилей кетсек, жакында эле диний кастыкты козуткан деген шек менен окутуучу Гүлзат Аалиева эки айга үй камагына алынган.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Аалиева соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп, диний кастыкты козутуп жатат деген негизде укук коргоо органдарына арыз жазылган.

АКШ Мамдепартаментинин баяндамасында 6 миллион калкы бар Кыргызстанда калктын 90% мусулмандар, алардын көбүн суннилер, бир пайызга чукулун шиилер түзөрү жазылган. Ошондой эле эл аралык уюмдар ахмадия мусулмандар жамаатынын миңдей өкүлү бар экенин белгилеп келишет. Калктын жети пайызын христиандар, калган үч пайызын иудаизм, буддизм, бахаи жана башка диндерди тутунгандар түзөт. Теңирчиликти ар кандай эсептер боюнча 50 миңдей адам жактайт

Дүйнөдөгү кырдаал

АКШнын Мамлекеттик департаменти дин тутуу эркиндиги жаатында 12-майда жарыяланган баяндамада Кытайдын уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман жарандарына жасаган мамилесин «геноцидге» теңеди.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен баяндамада айтылгандарды колдонуп, «Адам укуктарынын башка багыттары корголбогон шартта дин тутуу эркиндиги толук сакталбайт. Мамлекет өз жарандарынын дин тутуу эркиндигин бузса, бул бардык адам укуктарын коркунучка кептейт», - деп билдирди.

Кошмо Штаттар Кытайдын Шинжаңдагы уйгурлар баштаган мусулман жамааттарына карата саясатын сындап келет.

2021-жылдын башында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын адамзатка каршы кылмыш жана геноцид деп атаган. Блинкен Байдендин администрациясы бул позицияга макул экенин билдирген.

Мамдепартаменттин жогорку даражалуу өкүлү Даниэл Надель Шинжаңдагы кырдаалды Кытай өкмөтүнүн «аймакты ачык асман алдындагы түрмөгө айлантуу аракети» деп сүрөттөдү.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, кеминде 1 миллионго чукул мусулман, басымдуу көпчүлүгү уйгурлар аймактагы «тарбиялоочу борборлордо» кармалып турат. Кытай бул дооматтарды четке кагып, ал жайларды "ислам радикализмине каршы турууга багытталган билим борборлору" катары сыпаттап келет.

Мамкатчы Блинкен Иран, Мьянма, Орусия, Нигерия жана Сауд Арабиясындагы дин тутуу эркиндиги бузулган учурлар тууралуу да айтып өттү.

«Орусияда бийлик Жахаба күбөлөрүн кармоону жана алардын мүлкүн тартып алууну улантып жатат. Экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосу менен мусулман азчылыктарын да камоо уланууда», - деди Блинкен.

Мамлекеттик департаменттин баяндамадасында Орусия диний ишеними үчүн адамды куугунтуктап, камап, кыйнап жана мүлкүн тартып алууну улантып жатканы баяндалган.

Мамкатчы жалпы дүйнөдө, анын ичинде АКШ менен Европада жөөттөргө жана мусулмандарга каршы риторикалар көбөйүп баратканына да токтолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG