Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:19

Ажайып шаар кура алабызбы?


Асман шаарынын долбоору.

Өкмөттүн Ысык-Көлдө Асман шаарын курабыз деген ою жарыя айтылгандан бери “Керек! “Колдон келет!”, “Жок, кереги жок! Куру кыял!” деп талашкандар көбөйдү. Биз бүгүн ошол долбоор эмес, дегеле шаар куруу (мамлекет түзүү) дареметибиз жөнүндө сөз кылалы.

Мамлекеттин тиреги

Жарандык коомдун эң башкы белгилери менен шарттары – туу, хан чатыр/өргөө, туруктуу чегара, аны кайтарган жоокерлер, кароол чоку/дөбө, ички жана сырткы катнаш жолдору ж.б.у.с. байыркы көчмөн доорлордо деле болгон экен. Ал эми соңку жүз жыл ичинде кайрадан оожалып, акыры эгемендикке чейин жеткен биздин мамлекеттүүлүктүн тагдыры шаарлашууга тикелей байланышкан.

Шаар – бул миңдеген кишилер чогуу күн кечирген чөлкөм эле эле эмес, ошол калктын мунаса кылуу, өз ара тейлөө, кызматташуу эрежелери дагы. Тарыхта жаран түшүнүгү да шаардан башталган. Ошондуктан жаран термини англис тилиндеги citizen (“шаардык”, “жаран”), орус тилиндеги “гражданин” (“град – город”) деген сөздөрдөн келип чыккан. Гректердин полистери (мыйзамдуу укуктары бар калк жашаган шаарлары) болгон – бул орус тили аркылуу биз билген “политика” (“мамлекеттик башкаруу”) сөзү менен уңгулаш.

Казакстандын Астанасындай заманбап калаа салсак деген ниет жакшы. Сингапурдагы көк тиреген бийик, көз жоосун алган ажайып имараттарды элестетип, сырты айнек менен капталган үйлөр салынса эле баардык маселелер чечилип, Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп калчудай ойлошот.

Бирок ушундай кыялдын ишке ашуусуна бизде шарт, реалдуу мүмкүнчүлүк барбы?

Инвестор жана ишеним

Ысык-Көлдө жаӊы шаар куруунун экологиялык, экономикалык жактары жөнүндө түркүн пикирлер жетиштүү эле айтылып, кайталанып жатат. Биз мунун саясий жагына токтололу. Чындап аракет кылса, иштин баарын туура мерчемдеп, ырааттуу уюштурса, экологиялык балансты бузбаш үчүн көл кылаасында эмес, башка аймакта, мисалы, Баткен тарапта заманбап шаар курууга болот.

Бирок буга инвестор тартуу, элди да ынандыруу үчүн Казакстан менен Сингапурдай өлкөлөрдүн ийгилигин эле айтуу аздык кылат.

Биринчиден, мындай долбоорго капитал салуу үчүн инвестор биздеги укуктук климаттын тазалыгына көзү жетиши керек. Эгер мыйзамдар так сакталып, баардык жарандарга бирдей колдонулса, б.а. биздин соттор аткаруу бийлигине көз каранды болбой, жоопкерчиликтүү иштесе, миллиарддаган долларлык инвестициялар агылып келбей калбайт.

Инвестор дегенде биз сөзсүз эле чет өлкөлүк компанияларды эмес, өзүбүздүн байларды да көӊүлдө тутушубуз кажет. Бирок “кустуруу” саясаты канчалык калыс, мыйзамдуу жүргүзүлүүдө? Ата мекендик компаниялар капиталын сыртка алып чыгып кетүүгө аргасыз болууда деген маалымат канчалык чын?..

Бай болгону үчүн эле четинен камап, миллиондорду төктүрүп жатышкан жокпу? Мындан түшкөн каражаттын эсеби, жумшалышы ачык-айкын болушу керек го?..

Экинчиден, үлкөн ишти аркалайт деген инвестордун калыс тандалышына, аны менен биздеги мамлекеттик ыйгарым укуктуу жактардын ортосундагы келишим ачык айкын түзүлүп, так аткарыларына Кыргызстандын эли, жарандары ишениши зарыл. Кумтөр, Жетим-Тоо жана башка кендерге тартылган инвесторлор биздин өлкөгө канчалык пайда келтирүүдө?..

Бажыдагы коррупцияны жоюш үчүн көзөмөлдөп өткөрүү жайларын санариптештирүү зарыл деп айтылганына канча болду, бирок жагдай эч өзгөрбөй келет. Сот реформасы жөнүндө азырынча сөз да жок сыяктанат. Парламент дээрлик толугу менен шал абалга келтирилди...

Чоӊ-чоӊ долбоорлорду айтып чыгардан мурун башталган иштердин оркойгон кемчиликтерин жоюу зарыл. Кара-Балта – Бишкек жолу нечен жылдан бери оӊдолуп бүтпөй жатат. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу да токтоп калган.

Баткен алааматында үйсүз калгандарга турак жай салуу иши кечеӊдеп баратат…

Башкасын айтпаганда да, баш калаабыз Бишкекте көчөлөрдүн көбү начар абалда. Жарыксыз, асфальт төшөлбөй кала бергендери аз эмес. Коомдук транспорттун кандай иштеп жатканын баарыбыз билебиз. Борбордук аянттын четиндеги архитектуралык ансамблдин бир канаты – Баш прокуратуранын мурунку имараты он бир жыл мурун өрттөлгөн бойдон оңдолбой кала берүүдө... Шаар четиндеги конуштардын аянты бир кабат тамдардын эсебинен чаржайыт кеӊейүүдө. Таштанды жайы иреттелбей, кышкысын ордо калаанын асманын ыш каптап калууда…

Бийликке болгон ишеним анын үч бутагынын тең өз милдеттерин канчалык билгилик менен аркалашына жараша болот. Эгер улам бир уу-дуу сөз, ооз ачырган убада менен элди алаксытабыз деп ойлосо, Өкмөт бул ниеттен баш тартууга тийиш. Анткени мындай кептерди өтө көп айта бергендер акыры өздөрүн өздөрү алдап койгонун билбей калат.

Капкалуу калаа, ордолуу шаар болсун десек...

Сөз башында айтылгандай, шаар тартип, мыйзамдуулук болгондо гана өнүгөт, болбосо кедерине кетип, башаламандык сазына чөгүп, бузула берет. Жакшы ойлонулбаган чечимдердин айынан мамлекетти башкаруу тутуму опурталдуу абалга келиши ыктымал.

Балким, Баш мыйзамды жакында эле бекитилген редакциясын кайра өзгөртүү азырынча оордук кылар. Бирок күзүндө болот деп күтүлүп жаткан парламенттик шайлоону утурумдук тар мүдөөлөр эмес, жалпы улуттук (мамлекеттик) таламдар үстөмдүк кылгыдай тартипте, калыс эрежелер менен өткөрө алсак, укук талаасындагы чоӊ кенемтени азыраак болсо да толуктаганга, ал аркылуу азыркы опуртал жагдайды жөнгөрүп кетүүгө жол ачылат.

Андан кийинки эле эң орчундуу маселелер: чегарадагы абалды коопсуз кылуу, тышкы карыздарды азайтуу, бажыкананын ишин ачык-айкын кылып, контрабанданы токтотуу, сот реформасы. Ушуларды иштиктүү нукта чечпей туруп башка ар кайсыны чаргытуунун эч кереги жок. Бул өз ара байланышкан маселелерди чече алсак, зарылдыкка жараша шаар салганга да, монорельс ж.б. курганга да реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлө берет, кеӊее берет.

(Ырас, түркмөндөр деле Ашхабадды таанылгыстай жаркыратып салыптыр го дегендер чыгат. Бирок ал жалтырактын артында эмнелер бар экенин президентти орто кылымдардагы хандай кылып алган өкмөтүнүн кебетесинен эле боолгосок болот…)

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG