Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Кыргыз аскерлери менен ооган чек арасына сапарым


Тажик-ооган чек арасы, 2001-жылы тартылган сүрөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары учурда Ооганстан менен чектеш аймакта кырдаал опурталдуу болуп жатканына көңүл бурууда. Ошого байланыштуу ушул блогду жазууну туура көрдүм.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынын соңунда Кыргыз Республикасынын алгачкы аскер күчтөрү тууралуу ( "Тынч эмес күндөр" аттуу) даректүү тасма тартып жүрүп, Ооганстан менен чектеш аймакта болгом. Ошол мезгилде Ооганстан менен чек ара маселеси опурталдуу болуп турган учур эле.

Кыргызстандын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов ошол маалдагы коргоо министри Мырзакан Субанов менен кыргыз армиясы тууралуу көлөмдүү даректүү тасма тартууга макулдашкан экен. Мен экинчи режиссер катары алыскы командировкаларга, ар түрдүү съемкаларга милдеттүү болгондуктан июлдун аптаптуу мезгилинде Тажикстанга Балыкчы аскер күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу полку менен барууга туура келди. Кыргызстандын Коргоо министрлигинен "Канттагы аскер аба учактарынын аэродромуна эртең менен келип калгыла" деп маалымдашты.

Кино топтун мүдүрү Зина Касманкуловадан сапарга каражатыбызды алып, оператор-тартуучу Марс Умаров, жардамчы оператор Асан Иманалиев болуп чогуу тасма тартуучу “Конор” киноаппаратурабызды, кинопленкаларыбызды салып айткан убакта аэропортко жетип келдик. Ал жерде Кыргызстандын коргоо министринин ошол кездеги орун басары генерал-майор Исмаил Исаков ж.б. аскер чининдеги адамдар топтолуптур. Аңгыча "транспорттук учак Оштогу аскер бөлүгүнөн келатат" деп калышты. Көп өтпөй аскердик транспорттук самолет келип конду. Каалгасы ачылып, ичинен ар түрдүү кийинген (арасында советтик аскер кийимин кийип алганы, самтыраган спорттук кийим, жыртык шым кийген) жаш жигиттер түшө баштады.

-Бу, самтыраган кайдагы жигиттер?- деп генерал-майор Исмаил Исаков үнүн өктөм чыгарды.

Бир полковник какыйып келип: - Жолдош генерал майор! Булар кызматын өтөп бүткөн жоокерлер. Ош аскер бөлүгүнөн! - деп жооп берди.

-Көчөдөгү самтырбайлардай болуп кебетелери кантет! - деди генерал Исаков.

- Жолдош генерал майор! Буларга аскер кийимдери жетпей калган. Аскер бөлүктөрүнө эми гана жоокердик кийимдер, курал-жарактар бериле баштады! Баардыгы болот! - деп колун чекесине такап жооп берди полковник.

Көрсө, тигилер Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп бүтүп, үйүнө кайткан жоокерлер экен.

Аңгыча жүк ташуучу "Зил" автоунаасы менен курал-жарак, жол баштыктары камдуу жоокерлерди алып келип, учакка отургуза башташты. Алар Балыкчы аскер бөлүгүндөгү тынчтык орнотуучу полк эле. 400 жоокер менен биз дагы учакка түшүп асманга көтөрүлдүк.

Жоокерлер катуу чарчашканбы, учакка кирип эле сулап жатып калышты. Марс баарын камерасы менен тартып жаны тынбайт. 40 мүнөт өтүп-өтпөй Оштогу аскер бөлүгүнүн аэродромуна келип кондук. Жерге түшкөндө жайдын ысык аптабынан жоокерлер түгүл биз дагы тердеп-кургап, чаңкай баштадык. Ал жерде күтүп турган "Зил” автоунаалары биринин артынан бири келип, жоокерлерди салып, каз-катар жөнөдүк. Ар бир автоунаада 20дан жоокер.

Ош - Хорог автожолу менен Алайды көздөй жол тарттык. Чыйырчык ашуусунан өтүп баратканда кооптонгон жергиликтүү малчылар үй-бүлөлөрү менен үрөйлөрү учуп карап турушканы эсимде. Эки сааттан соң Гүлчөдөгү аскер бөлүгүнө барып жайгаштык. Өргүү алгандан кийин таң заарда жалпы команда берилип, кайра жолго чыктык. Алай өрөөнүн өрдөп, деңиз деңгээлинен 3615 метр бийик Талдык ашуусун ашып, Сары-Таш айылын кесип, Тоолуу Бадахшанга багыт алдык.

Ал учурда азыркыдай мелтиреген жол кайда, аңгыл-дөңгүл тамтыгы чыккан жол эле. Жол азабы, көр азабы деп, биз "УАЗ-69" унаасында кыйналып баратабыз. "Зилдеги” 18-20 жаштагы жоокерлердин абалы ансыз деле белгилүү го. Айтылуу Памирдин аска-зоосун аралап, деңиз деңгээлинен 4655 метр бийик Ак-Байтал ашуусуна жете бардык. Ашуудан өтүп баратканда “Зилдин” уңулдап ыйлаганын көрүп таң калдым. Айдоочу "ашууда кислород жетишпей унаанын бензонасосу жакшы иштебей, ушинтип уңулдап калаарын" түшүндүрдү.

Ашуудан ашкандан кийин бизди коштоп бараткан полковник: “Тээтиги тарапта Кара-Көл бар. Карк эткен карга, курк эткен кузгун жок, өзүнчө эле жансыз жер сыяктуу”, - деди.

Мургаб, 2017-жылдагы сүрөт.
Мургаб, 2017-жылдагы сүрөт.

Тоолуу Бадахшандагы деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктеги Мургаб кыштагына жете келдик. Мургабда чатыры жок боз тамдар, ар кайсы жерде боз үй, бирин-экин талдан башка электр мамычалары соройот. Бул жерде кыргыздар жашайт.

Чек ара бөлүгүндө аскердик колонна өргүү алып, полковник бизди жергиликтүү кыргыз жигиттин үйүнө алып барды. Боз тамдын кире беришинен төркү бөлмөнүн төрүнө чейин килем төшөлүп, ортосунда очок.

Жергиликтүү тургун Мургабдын шарты оор болоорун, кышында 50 градуска дейре суук болсо, жайкы аптап 40 градуска жетерин, негизинен мал менен оокат кылышарын кеп кылып олтурду.

"Бул жагы өзбек, тажик туугандар болсо, тиги жагы Кытай, Пакистан, бул жагы Оогонстан. Андан ары Индия. Бул жер Орто Азиянын чок ортосу, нукура чек арачылар мына бизбиз",-деп сыймыктанды.

Тажикстандагы 1992-жылдагы атуулдук согуштун салдары жергиликтүү элге дагы тийиптир.

Эртеси таң заарда кайрадан күн батышты көздөй сапар уладык. Тажикстандын чек арасына жете келдик. Тажик чек арачылары деле жыргап кетпептир, кийген кийимдери жупуну кыймылдары жүдөңкү.

- Пароль?! -деди бир офицер тосмонун артынан.

Биздин бир полковник папкесинен кагаз көрсөткөндө, тосмо ачылып сапарыбыз уланды. Жаныбыздагы офицерлердин бири Тажикстандын Ишкашим районунун аймагына киргенибизди айтты. Ооганстан менен чектеш бул аймактын кооптуулугун, Тажикстандагы атуулдук согуштун эпкини катуу тийгенин айтып берди.

Бул аймак ХIХ кылымда Улуу Британия менен Орус падышачылыгынын кызыкчылыгындагы жер болгонун, тарыхы Александр Македонскийге такаларын, геосаясий жактан өтө таасирдүү аймак экеинин божурап баратты.

Аскалуу тоону кыялап түшө бергенде Кыргызстандын тынчтык орнотуучу полкунун биринчи тозотуна келдик. Оператор Марс кызматына киришти. Операторлор аңчылардай болушарын ошондо баамдадым. Марс кадимки мергенчидей болуп улам камерасы менен кызыктуу кадрларды тартып жүрөт. Топурактан курулган эски коргон кезинде Александр Македонскийдин коргону болгонун, тоо тараптагы жер алдынан чыккан ысык сууга таштан курулган жуунучу жай курдурганын, тарыхчылар үчүн ачылбаган барак экенин жаныбыздагы полковник маалымдады.

Мен ыңгайы келгенде генерал-майор Исаковдон кинокадрларды жай тартуу үчүн оператор менен алдыга кете берүүгө уруксат сурадым. Генерал-майор баягы полковникти "киночуларды коштоп, коопсуздугун камсыз кыл" деп табыштап уруксат берди. Сапарыбыз уланды, кырды аша бергенде алдыбыздан сакал-муруту өскөн эки автоматты асынып, сөөмөйүндө гранатаны айланткан бир адам тосуп чыкты.

Унаабыз токтоп, дем чыгарбай отуруп калдык. Артта олтурган Асан: “Все, мы приехали, нам хана”, - деди.

Полковник түшө калып, тажикче саламдашып бир нерсе дегенде тиги жылмайып жол четине чыга берди. Көрсө, ал талаа командири экен. Алдыда кыштакта таш менен курулган бийик коргон, кунары качкан жапыз 40-50 үй бар экен. Айылга кире бериште 14-15 жаштагы эки өспүрүм автоматтарын сүйрөп алдыбызды тосту. Полковник тажикче бир нерсе деп сүйлөп, тамеки ыргытканда тигилер тамекиге жулунду, биз сапарыбызды уланттык.

Ишкашимдин чыгышындагы бул айылда там аркасын казган сайын таш чыгып, андан таш коргондор курулганын, шарты оор жерде мөмө-жемиш, дан эгиндери начар өсөөрүн, жергиликтүүлөрдүн жашоо-турмушу оордугун полковниктен уктук.

Тажик-ооган чек арасы, Пянж дарыясы.
Тажик-ооган чек арасы, Пянж дарыясы.

Айылдан чыгып кийинки тозоттогу кыргыз аскерлеринин жашоо шартын тартып ишибизди уланттык. "Нарыда оргуштаган дарыя. Тигине Пянж ары жагы Ооганстан", - деди полковник.

Бир азга дем алып сапарыбызды уланттык. Баягы аңгыл-дөңгүл жолду асканын боорундагы кууш жол улады. Жаныңды тиштеп өтчү жер экен. Аркы тарабына чыгып токтогонубузда:

- Бул жерди “прощайка” деп коет бир кезде "Зил” 20 жоокер менен түшүп кеткен. Бирөөсү дагы тирүү калган эмес, ошон үчүн “прощайка” - деди полковник.

Түпкүрдү карасак бир кезде кулаган "Зилдин" рамасы ширеңкенин кутусундай болуп көрүнөт. Төмөн карасаң баш айланат.

Эки кырды ашкан соң сол тарапта тикенек зым тартылып, топурагы майдаланган чек арада Орусиянын үч жоокери ит ээрчитип кызмат кылып жүрүптүр.

- Карачы, Орусиянын жокерлерин чыкыйып! Тажик менен кыргыздын аскерлерин көрүп зээниң кейийт, - деп калды Асан.

Ошол кезде Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге ылайык орусиялык чек арачылар кызмат өтөп жатышкан. Бийик белди ашып, кийинки тозоттогу кыргыз жоокерлеринин күнүмдүк кызматын тарттык.

"Жаңы келген балдарды үч күн кыймылдатпай көнүккөнчө (адаптация болгончо) тийбейбиз, үч күндөн кийин машыгуулар башталат. Биздин балдар 40 кг. салмактагы мүшөктөрүн көтөрүп таштан ташка секирип чыйрак болот, тиги окемдин аскерлери кээде жүрбөй калат”, - деп полковник кыргыз жоокерлерге сыймыктанганын жашырган жок.

Ортодо туурасы жүз метрдей Пянж дарыясы оргуштайт, нары тоо тарапта кыялап эшекке жүк арткан оогандыктар же можахеддер жүргөнү даана көрүнүп турат.

Мен Ишкашимге сапар алардын астында чек арадагы абал тууралуу айрым ЖМКлардан Ооганстан менен чектеш жерлерде абал оордугун жана КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлеринин жыйыны туралуу маалыматтар менен таанышкам.

Тозотто кыргыз аскерлери менен баарлашып кээ бирине тамеки берип сөзгө тартсам, чек арада кырдаал кооптуу экенин, азык-түлүк, курал-жарак, тартыштыгын, байланыш начардыгын кээде аркар-кулжа атып азыктанышарын айтышты.

Ошол күнү кечте тозоттогу балдар аркардын этинен манты түйүп бизди сыйлашты. Эртеси кызмат мөөнөтү аяктаган аскерлерди “Зилге” отургузуп, биз дагы колоннага кошулуп кайттык.

Ак-Байтал ашуусунан ашып, Алай өрөөнүнө киргенде Асан:

- Ак-Байтал менен "прощайкадан” аман-эсен өткөнүбүзгө тобо кылдым! Достор карагылачы, Кыргызстандын жери көк майсаң килемдей болуп бейиштей турбайбы! Жалаң аска-таштын арасында кунарсыз жерлерде жүрүп, тажап кеттим! - деди.

Кыргызстандын таза салкын абасынан кере дем алып, өлкөбүздө тынчтык болсун деп тилеп, ажайып жерибизге көңүлүбүз ачылып сапарыбызды уланттык.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG