Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Дүйшөмбү тажик-ооган чек арасын бекемдейт


Ооганстандагы "Талибанга" каршы чыккан жергиликтүү аялдар.
Ооганстандагы "Талибанга" каршы чыккан жергиликтүү аялдар.

Тажикстан кошумча 20 миң аскер менен ооган-тажик чек арасын бекемдейт. Мындай чара “Талибандын” Ооганстандын түндүгүндө чабуулдарын күчөтүп, улам бир районду ээлеп жатканына байланыштуу көрүлүп жатат.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн резервдеги 20 миң аскер кызматкерин мобилизациялоону тапшырды. Мындай талапты Рахмон 5-июлда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында коргоо министрине койду. Чек араны бекемдөө зарылчылыгы Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам жаралганы айтылууда.

Тажик бийлиги жалпы узундугу 1 357 чакырымды түзгөн тажик-ооган чек арасынын үчтөн экиси талибдердин колуна өткөнүн кабарлап жатат. 5-июлда өлкөнүн Чек ара кызматы “Талибандын” жоочулары чектеш Бадахшан дубанындагы бир нече районду ээлеп алганын жарыялады. Бул күнү талибдер менен салгылыштан соң 1000дей ооган жоокери Тжикстанга кире качканы белгилүү болду. Буга чейин да жүздөгөн өкмөттүк аскерлер коңшу өлкөгө башкалка издеп, өтүп жаткан. Бирок миңдей аскер бир мезгилде кире качкан учур каттала элек болчу.

Расмий Дүйшөмбү ооган тараптан качкындардын саны көбөйөт деп божомолдоп жатат. Ал эми өтө качкан аскерлерге тамак-аш, баш калка кылчу жай берилгени кабарланды.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганын мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. 4-июлда Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен чек арадагы тынчсыздандырган жагдайды талкуулаган.

Акыркы сүйлөшүүдө орус президенти Владимир Путин тажик-ооган чек арасындагы коопсуздукту кайтарууда эки тараптуу жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында сөзсүз жардам берилет деп ишендиргени маалымдалды. Тажикстандын аймагында Орусиянын аскер базасы жайгашкан.

Ооганстан: өкмөт курал берген кошуун талибдерге кошулду

“Азаттыктын” ооган кызматынын кабарлашынча, Тажикстан менен чектеш Бадахшан провинциясында 28 райондун экөө гана өкмөттүн колунда, калганын талибдер басып алган. Согушкерлер Бадахшандын борбору Файзабад калаасын курчап турат.

Ооган бийлиги өкмөттүк күчтөр жакынкы мезгилде түндүктөгү аймактардагы контрчабуулду уюштуруп, талибдерге алдырып жиберген аймактарды кайтарууну убада кылып келет. Өлкөнүн ички иштер министри генерал Абдул Сатар Мирзаквал буларды билдирген:

“Биз коргонуу абалындабыз. Жакынкы арада чабуул жасайбыз. Биздин аба күчтөрүбүздүн кубаты артып бара жатат, жабдыктар жаңыланууда. Жакында чабуулга өтөбүз”.

Мындай маалыматты учурда Москвада орус бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп жүргөн Ооганстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб да ырастап, өкмөттүк күчтөр талибдердин мындай чабуулун күтпөгөнүн, бирок сөзсүз аларды кайтарарын билдирди.

Ооганстандын түндүгүндөгү көп аймактар эч кандай каршылыксыз эле жоочулардын карамагына өткөндөй. Өкмөттүк аскерлердин ындыны өчүп, курал-жарак, ок-дарысыз калган.

Бадахшан аймагынын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Мохиб-уль Рахман “Тилекке каршы, көпчүлүк аймактар талибдерге эч каршылыксыз эле өткөрүлдү” деп айтты.

Ал эми Тажикстанга кире качкан Ооган Чек ара кызматынын чалгын тобунун башчысы Мухаммадзохир Сафарали “Азаттыктын” тажик кызматына “Бизди сатып кетишкени үчүн чегинүүгө аргасыз болдук. Талибдерге каршы турган элдик кошуундардын мүчөлөрү сатып кетишти. Алар өкмөттөн курал-жарак алышкан. Бирок акыркы учурда талибдерге өтүп кетишти. Ошондуктан, биздин талибдер менен салгылашууга күчүбүз жетпей калды” деп түшүндүрдү.

Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Андан бери талибдер өз чабуулдарын күчөттү. Жакынкы жумаларда Вашингтон калган аскерлеринин бардыгын чыгарып кетүүнү көздөп жаткан маалда Батыштын колдоосуна ээ Кабулдагы өкмөттүн кулап калуу коркунучу күчөп барат.

2-июлда АКШнын Ооганстандагы эң ири аскердик базасы Баграмдан бардык эл аралык күчтөр чыгарылганы кабарланды.

Германия эки миңден ашык ооганга виза берет

Германиянын өкмөтү Ооганстандагы немис аскерлерине жардам көрсөтүп, бирок азыр талибдердин кол салуу коркунучунан улам коргоого муктаж ооган жарандарын өз карамагына алды.

Немис аскерлеринин контингенти 29-июнда Ооганстандан чыгып кеткен. Учурда өлкөнүн көпчүлүк райондорун "Талибан" кыймылы басып алууда. Буга чейин эл аралык аскер базаларында түрдүү кызматтарда иштеген жергиликтүү ооган тургундары коркунучка дуушар болгону кабарланган.

Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр буга чейин немис аскерлерине көмөк көрсөтүп, кызматташып келген жергиликтүү тургандардын алдында милдеттүү экенин айткан болчу.

Германия аскерлерин Ооганстандан чыгаруунун алдында 446 жергиликтүү кызматкерге жана алардын жакындарына – жалпысынан 2 250 адамга жолго чыгууга тиешелүү документтер тапшырылган. Бул тууралуу Германиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Дэвид Хелмбольд 5-июнда билдирген.

Маалыматка караганда, мурда берилген арыздардын арасынан бир нечеси каралбай туруп калган. Соңку күндөрү алар да канааттандырылып, жалпысынан 2400 адамга виза берилген. Виза алгандардын баары эле өлкөдөн тез арада чыгып кетүүнү каалаган эмес.

“Жергиликтүү жардамчылардын көбү Ооганстанда узакка калууну каалай турганын айтышып, бирок кырдаал кескин курчуп кетсе, өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну суранышты”, – деди Дэвид Хелмбольд.

Ооганстандагы немис аскер бөлүгүндө жергиликтүү тургундар котормочулук, тейлөө жана башка кызматтарды көрсөтүп келишкен.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн арасында Германиянын аскердик контингенти саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда болчу.

Вашингтон өткөн аптада Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын бийлигине кайрылып, эл аралык күчтөр менен кызматташкан 9 миңге чукул жергиликтүү жаранды убактылуу жайгаштырып турууну суранган. Аларга документтер даярдалып, АКШга жана Европага туруктуу жашоосун камсыздоо маселеси каралып жатканы айтылган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG