Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Пентагон: "Баграм" аскер базасын өткөрүп берүү маанилүү окуя болгон


AFGHANISTAN -- A U.S. Air Force transport plane lands at the Bagram Air Base in Bagram, July 1, 2021
AFGHANISTAN -- A U.S. Air Force transport plane lands at the Bagram Air Base in Bagram, July 1, 2021

Пентагон Баграм аэродромунун Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө кайтарылып берилиши - АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетишиндеги "маанилүү окуя" деп эсептейт. Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби журналисттерге "бийлик дагы деле бар" деп айтып, америкалык аскерлер ооган күчтөрүн коргоого ыйгарым укуктуу экенин билдирди. Кирби бирок бул качанкыга чейин созуларын ачык айткан жок.

Америкалык аскерлер жана алардын союздаштары 2-июлда Баграм аэродромун бошотту. Бул күнү акыркы аскерлер чыгып кетти. "Баграм" аскер базасы Ооганстандын борбору Кабулдан 40 чакырым аралыкта жайгашкан. Америкалык аскерлер базага 2001-жылы, декабрда киришкен.

Америкалык аскерлер базадан чыгып жаткан учурда талибдер Ооганстандын элүүгө чукул провинциясын басып алды.

Пентагон Ооганстандагы элчиликти коргоо үчүн 650 аскерин калтырмакчы. Алар Кабулдагы эл аралык аэропортту кайтарууга да көмөктөшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG