Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

"Бийлик атаандаштарына басым кылууда"


Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

Саясатчы Сейтек Качкынбай өлкөдөгү жоон топ саясатчылардын камалышын коррупция менен күрөшүүдөн сырткары келечектеги ыктымал оппозициянын таасирин азайтуу аракети деп эсептейт.

Ал мындай көрүнүштүн Кыргызстандагы коомдук-саясий абалга жана демократиянын өнүгүшүнө тийгизген таасири жөнүндө ой бөлүштү.

- Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин коррупцияга жана октябрь окуяларына байланыштуу шектүү катары бир топ саясатчы камалды. Алардын айрымдары тергөө менен кызматташып, казынага акча төлөп чыгып жатышат. Камоолор боюнча сиздин байкооңуз?

- Камоолордо саясий себептер бар. Азыркы бийлик вертикалдык башкаруу орнотууга аракет кылып жатпайбы. Шайланып эмес, эми совет учурундагыдай дайындоо болот. Айыл өкмөттөн баштап, мэрге чейин дайындалат. Ошол аракетке болгон даярдык десе болот. Себеби, бийликке кичине оппозиция боло турган, башын көтөргөндөргө басым кылып жатат. Парламенттик шайлоо болгону турат. Ошол жарышка катыша турган саясий каршылаштарын азайтууга болжолдуу сценарий дайындалып жатат.

- Мисалы, саясатчы Жеңиш Молдокматов камакта жатат. Анын жакындары “акчалуулар чыгып кетти, бул саясий буйрук” деп жатышат. Бирок, акчасы бар башка саясатчылар дагы камалып жататко?

- Ооба, акчасы бар Өмүрбек Бабанов дагы камакта калды. Эми ал саясатчы (ред: Бабанов) жаманбы-жакшыбы шайлоодо оппонент болуп кетүүчү партиясы бар. Бийликтин Бабанов эркиндикте жүрсө шайлоого таасир этеби деген божомолу бар. Азыр Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештериндеги шайлоону жокко чыгарганы, “байлар аракет кылбай эле койгула, биздин батабызды алып баргыла” дегендей белги кылды. Ошону менен бирге элге дагы жакшы көрүнүп койду. Бир ок менен эки коен аткандай. Өзүнчө саясий күч болууга аракет кылгандарга “биздин сценарий менен болот” деген белги берди.

- Азыр Кыргызстандын саясий айдыңында оппозициялык саясатчылардын үнү дээрлик угулбай калды. Мындай көрүнүштүн кесепети кандай болот? Бир гана бийлик деген саясий күч түптөлүп калбайбы?

Эми саясатчыларды эле камай берген болбойт. Анын үстүнө “кустургандын” акчасы 5 млрд. эле сом болуптур. Ал жалпы казынанын 2% гана болот.

- Айрымдар бул бийлик көпкө отурат деп ойлошот, кээ бири тескерисинче булар өздөрү кемчиликтерине чалынып баштайт деп күтүп тургандай. Себеби, популисттик доордун мезгили үч жылдай болот. Эми саясатчыларды эле камай берген болбойт. Анын үстүнө “кустургандын” акчасы 5 млрд. эле сом болуптур. Ал жалпы казынанын 2% гана болот. Эми башында шектүү саясатчылардын камалып жатканын мен дагы колдоп жатам. Муну эл дагы колдоп жатат. Бирок, камоолор бүтүп калганда эмне кылышат? Азыр оппозиция күтүп жатат, “булар өздөрү чалынат” деп.

- Сөзүңүзгө аралжы, бийликке каршы башка саясий күч жок болгону парламенттик шайлоодо кандай таасир этерине токтолсоңуз...

- Атаандаштык болот. Бул саясий жактан артка кетүү болду. 2000-жылдардагыдай шайлоого барганы калдык. Аябай таасири күчтүү аз гана оппозициялык саясатчы парламентке келет. Ал эми акчалуу саясатчылар бийликчил партия менен гана барышат.

- Мындай көрүнүш анда, өлкөнүн демократиянын абалына кандай таасир берет?

- Өтө терс таасир этет. Ансыз деле эл аралык уюмдар демократия, сөз эркиндиги боюнча позициябыздын төмөндөп кеткенин жарыялап жатат. Азыр менин баамында Казакстандагыдай абалга баратабыз. Бир нерсе болуп эле бийлик алмашып кетпесе, алдыңкы жылдары коңшу өлкөлөрдөгүдөй саясий абал түзүлүп бара жатат.

Жанар Акаев суракка чакырылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:28 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG