Жанар Акаев суракка чакырылды
- Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калды. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген. Бул арада бюджетке 1,5 млрд. сом зыян келтирген “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков камактан ооруканага которулду. - "Финансалык пирамиданын" кезектеги курмандыктары. Таласта "Авто касса" долбооруна 5 миңден 200 миң сомго чейин акча салып, алданып калгандар милицияга кайрылышты. Шылуундарга кабылгандардын саны 500дөн ашты. - Индияда коронавирустун курмандыктарынын расмий саны 400 миңден ашты. Өлкөдө аныкталган вирустун “Дельта” түрү эми дүйнөнү кооптондура баштады. Ушул айда башталчу Жапониядагы жайкы Олимп оюндары күйөрмансыз өтөбү деген коркунуч турат.
Чыгарылыштар
-
Июль 13, 2026Абактагы Алга Кылычевдин абалы кандай?
-
Июль 10, 2026Казак полициясы чек арада машинелерди текшерет
-
Июль 08, 2026Кыргызстан кара майды кайдан алат?