Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

Калининградда мигранттарга таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды


Миграция борборунун жанындагы мигранттар. Москва. Май, 2021-жыл.
Миграция борборунун жанындагы мигранттар. Москва. Май, 2021-жыл.

Орусиянын Калининград облусунун губернатору Антон Алихановдун буйругу менен мигранттарга автобус айдоого, таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды.

Жарлыкка ылайык, мигранттар тарбиячы, наабайчы жана кондитер болуп иштөөгө да укугу жок. Мындан тышкары мигранттарга башкаларды ишке орноштурууга, жумушчу тандоого жана батир берүүгө тыюу салынды.
Губернатордун жарлыгы 3 айдан кийин күчүнө кирип, жыл аягына чейин иштейт.

Облустук бийлик бул пандемия учурундагы чектөөлөргө байланыштуу болгонун, тыюу салынган тармактарда вирус тароо ыктымалдыгы бар деп табылганын билдирди.

Калининград облусунда 1-июлдан тартып эмделбеген туристтерге саякаттоого тыюу салынды. Вируска каршы вакцина албаган кызматкерлер командировкага да чыга алышпайт. Балдар кинотеатр жана соода оюн-зоок борборлоруна ата-энелерисиз бара алышпайт.

Орусиянын 20 чакты аймагында айрым тармактарда иштеген кызматкерлерге вакцина алуу милдеттендирилди. Москвадагы кафе-ресторандарга эмделген, ооруп сакайган же оорусу жоктугун аныктаган тест жыйынтыгы бар адамдар гана кирип, тамактана алышат.

Орусия коронавируска чалдыккан жана андан көз жумгандар саны боюнча дүйнөлүк тизмеде алдыңкы орунда турат. Өлкөдө боюнча илдетке 5,5 млн ашуун киши чалдыгып, 136,5 миңден ашууну вирустан көз жумду.

Орусияда коронавируска каршы "Sputnik V", "Sputnik Light", "Кови-Вак" жана "Вектор" деген вакциналар иштелип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG