Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Назарбаев Путинден Кенесары хандын сөөгүн өткөрүп берүүнү сурады


Назарбаев жана Путин
Назарбаев жана Путин

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен 30-июндагы жолугушуусунда Кенесары хандын сөөгүнүн калдыктарын кайтаруу маселесин талкууланды. Бул тууралуу Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди. Анда мурдагы казак президенти Путинден "казак элинин ыйык артефакты" болгон Кенесары хандык сөөгүнүн калдыгын таап, кайтарууну суранган.

"Элбашы акыркы хандын сөөгү өз мекенине коюлушу казактар үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи. Владимир Путин Казакстандын биринчи президентинин суранычын аткаруу үчүн орус тарап бардык жардамды көрсөтөт деп ишендирди. Путиндин айтымында, артефакт табылып, Казакстандын элине кайтарылат", - деди Укибай.

Кенесары Касымов казактын акыркы ханы болуп саналат. Ал 1847-жылы кыргыздарга кол салган учурда колго түшүп, башы алынган. Кийин кыргыз манабы Ормон хан анын башын Орусияга трофей катары жөнөткөн. Кенесарынын сөөгүнүн калдыгы кайсы жакта экени тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтар боюнча Санкт-Петербургдагы Эрмитажда же Кунсткамерада сакталып турушу мүмкүн.

2016-жылы ошол кездеги казак премьер-министри Карим Масимов орус премьери Дмитрий Медведев менен жүргүзгөн сүйлөшүүсү учурунда Кенесары хандын сөөгүн Казакстанга өткөрүп берүүнү суранган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG