Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Чехияда көз жумган кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Австриядагы элчилиги Чехияда каза болгон 32 жаштагы кыргызстандык Адилет Сейитбековдун туугандары менен байланышты. Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, элчиликтин кызматкери маркумдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө жана анын сөөгүн мекенине жеткирүү иштерин уюштуруу үчүн Чехияга жөнөп кетти.

20-июндан 21-июнга караган түнү Чехиянын борбору Прага шаарында кыргызстандык Адилет Сейитбеков киши колдуу болгон. Ал 3,5 жыл мурун Чехияга иштегени келген.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Чехияда жашап-иштеген кыргызстандыктардын саны беш миңден ашуун. Алардын саны акыркы жылдары кескин көбөйгөн. Басымдуу бөлүгү эмгек миграциясында жүргөндөр. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG