Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Түркияда зомбулукка каршылар митингге чыкты


Митингге миңдеген жаран катышты.
Митингге миңдеген жаран катышты.

Бейшембиде миңдеген түркиялыктар өлкөнүн ири шаарларында нааразылык акция өткөрдү. Алар Түркиянын аялдарды зомбулуктан коргоо келишиминен чыгуусун катуу сынга алып, келишим кайра кабыл алынсын деген талап койду.

"Биз унчукпайбыз, коркпойбуз, баш ийбейбиз"

1-июлда Стамбул шаарынын чок ортосундагы Таксим аянтында миңдеген кишилер митингге чыгып, аялдарды зомбулуктан коргоо келишими, башкача айтканда "Стамбул конвенциясынан" расмий түрдө чыкканына нааразылыгын билдирди.

Митингге чечимге нааразы болгон аялдардын коомдук бирикмелери, жарандык укуктарды коргоо уюмдары жана башка аларга тилектеш атуулдар катышты. Алар "Биз унчукпайбыз, коркпойбуз, баш ийбейбиз" жана "Сен эч качан жалгыз баспайсың" деген ураандарды айтып турушту.

Митингге катышкан Бейза Чичектин айтымында, Стамбул келишиминин жокко чыгарылышы Түркиядагы аялдардын коопсуздугуна жана укугуна балта чабат.

"Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да аялдарга зордук-зомбулук күч алып турган кез. Бирок алар "менин мамлекетимдин мыйзамдары менин укугумду коргойт, мага зордук-зомбулук көрсөм, кылмышкерге татыктуу жаза көрүлөт" деп айтышат. Ал эми Түркияда менин укугумду коргогон келишим учурда жок", - деди Бейза Чичек.

Таксим аянты. Стамбул шаары.
Таксим аянты. Стамбул шаары.

Стамбул шаарындагы акцияга катышкандардын дээрлик көпчүлүгүн аялдар түздү. Аларга ЛГБТ өкүлдөрү жана феминизмди колдогондор да кошулду.

Стамбул университетинин студенти Аслы келишимден баш тартканы үчүн түрк бийлигин сынга алды.

"Мен бул чечимге толугу менен каршымын. Стамбул келишими ЛГБТ өкүлдөрүнүн же феминисттердин укугун коргогон келишим эмес. Бул келишим аялдардын укугун коргогон келишим болчу. Бул өлкөдө эч бир аял зомбулук көрүп же өлтүрүлбөшү керек", - дейт стамбулдук Аслы.

Анткен менен калың топтун жөө жүрүшүнө полиция кызматкерлери уруксат берген жок. Полиция акциянын катышуучуларына жаш агызуучу газ чыгарып, элди таркатууга аракет кылды.

Нааразылык акциясы. Стамбул шаары.
Нааразылык акциясы. Стамбул шаары.

Ушундай эле митингдер бейшембиде Түркиянын Анкара, Измир, Кожаели, Балыкесир жана Бодрум баштаган ири шаарларында да уюштурулду.

Келишимдин ордуна иштелип чыккан жаңы план

Ошол эле күнү президент Режеп Тайып Эрдоган аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы улуттук план иштелип чыкканын жарыялады.

"Аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүбүз "Стамбул конвенциясынан" башталган жок жана андан чыккандан кийин бүтүп калбайт. Келишимден чыгуу себептерин биз ошол учурда коомчулук менен бөлүшкөнбүз. Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүүнүн, жөнгө салуунун жана аялдардын укугун жана кадыр-баркын коргоонун бирден-бир себеби - аларды урматтаганыбыз. Биз кечээ аялдарга карата зомбулукка жана аялдардын укуктарын коргоо боюнча кандай күрөшүп келсек, эртең да күрөшө беребиз", - дейт Эрдоган.

Анкара иштеп чыккан жаңы план 2021-2025-жылдарды камтып, беш негизги максатты койгон. Алар зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарды карап чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу, мамлекеттик кадрларды окутуу, профилактикалык кызматтарды натыйжалуу пайдалануу, жалпы маалымдуулукту жогорулатуу жана маалыматтарды чогултуу, талдоо.

Деген менен жергиликтүү укук коргоочулар, бийликтин жаңы планында айтылган максаттар, ансыз деле "Стамбул конвенциясына" мурунтан эле киргизилгенин, бирок ал аткарылбай калгандыгын баса белгилешет.

Түркиядагы феминист мусулман аялдар коомунун төрайымы Рүмейса Чамдерели:

"Бул пункттар Стамбул конвенциясында мурунтан бар болчу жана иш жүзүндө колдонулбай келген. Ансыз деле күчүндө болгон келишимди бузуп, жаңы план ойлоп чыгуу бийликке ишенимди арттырбайт", - деди.

Ал ортодо АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгуу маселеси боюнча билдирүү жасап, бул аракет чоң үмүтсүздүк экенин жазды.

"Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышы абдан көңүлдү калтырды. Конвенциядан чыгуу, ошондой эле аялдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык аракеттердеги артка чегинүү болуп саналат. Биз бардык мамлекеттерди гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алууга жана ага болгон мамилесин күчөтүүгө чакырабыз".

Стамбул келишими эмнени камтыган?

10 жыл мурун биринчи жолу кол коюлган бул келишим Түркиянын Осмон империясы доорундагы борбору жана эң ири шаары болгон Стамбулдун атынан аталган.

Европа Кеңешинин 2011-жылы Стамбулда кабыл алынган келишими үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Аны кеңешке кирген бардык 47 мамлекет жактырган.

Бул жааттагы алгачкы европалык документте аялдарга каршы кылмыштын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун, кыз-келиндерди коргоонун, зордукчул аракеттерге баргандарды кылмыш жообуна тартуунун стандарттары камтылган.

Келишимди 34 өлкө, анын ичинде Түркия 2012-жылдын жазында биринчи болуп ратификациялаган.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын 20-мартта кол койгон жарлыгы Европа Кеңешинин Стамбул келишиминин Түркия тарабынан ратификацияланышын жокко чыгарган. Бул кадам өлкөдөгү аялдардын укуктарын коргоочуларга катуу сокку болду, анткени бул келишим үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук өбөлгө катары эсептелчү.

Түркияда аялдарды өлтүрүү 2020-жылы да азайган жок. "Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, өлкөдө былтыр 300 аял өлтүрүлүп, 171 аялдын өлүмү шектүү бойдон изилденбей калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG