Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстан адам сатууга каршы күрөштө эки баскычка көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-июлда АКШнын Мамлекеттик департаменти 2020-жылдагы Адам сатууга каршы күрөш боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан былтыр адам сатуу маселесин чечүүгө багытталган аракеттеринин натыйжасында 2 баскычка көтөрүлгөн.

Баяндамада жазылгандай, Кыргызстанда адам сатууга каршы "Улуттук иш-аракеттер планынын" долбоору иштелип чыкты. Бул багытта иштөөгө 13 мамлекеттик мекеме жана бейөкмөт уюмдар тартылды. Жүздөгөн кылмыш иштери кайра каралып, натыйжада адам сатууга байланыштуу тергөө иштери жанданган. Куралдуу кагылыш болгон жерлерде балдарды эксплуатациялоого жол берилген эмес. Кулчулуктун курмандыктары үчүн мобилдик тиркеме жана ишеним телефону иштелип чыгып, кулчулукка каршы 100 күндүк маалымат кампаниясы иштеген. Социалдык, укук коргоо кызматкерлери, прокурорлор жана соттор адам сатууга каршы билимин тереңдетишти.

Ошол эле учурда баяндамада Кыргызстан адам сатууну жок кылуу боюнча минималдуу талаптарга жооп берүү үчүн дагы көп аракет талап кылынары жазылган. Ага ылайык кыргыз өкмөтү кулчулукка байланышы бар кылмышкерлерди жоопко тартып, курмандыктарын коргоо, адам сатуунун алдын алуу боюнча көп иштерди аткаруусу тийиш.

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу өкүлү Брайан өз сөзүндө Кыргызстандын акыркы жылдагы аракеттери кубаттоого аларлык болгонун белгилеп, адам сатууну токтотуу жана андан аман калгандарга чогуу жардам берүүнү улантууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар. Ага ылайык, өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылганы боюнча он чакты кылмыш иши катталат.

Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылаарын белгилешет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG