Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

АКШда өлүм жазасына убактылуу мораторий киргизилди


Меррик Гарланд
Меррик Гарланд

АКШнын юстиция министри Меррик Гарланд өлүм жазасын ишке ашырууга убактылуу мораторий киргизди. Мораторий министрлик эң жогорку жазаны аткаруу жол-жобосун карап чыкканга чейин күчүндө болот. Гарланд мекеме мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы кабыл алган протоколдорду кайрадан карап чыгарын билдирди.

АКШда федералдык деңгээлде өлүм жазасына мораторий 2003-жылы киргизилген. Аны 2019-жылы Трамп президент болгон соң жокко чыгарган. Ал бийликте турган акыркы айларда 13 адам өлүм жазасына тартылды. Соңку өкүм 2021-жылдын 13-январында Дональд Трамп бийликти өткөрүп берерине бир апта калганда ишке ашырылды. Анда Индиана штатында киши өлтүрүү үчүн соттолгон Лиза Монтгомери аттуу аялга ийне сайып, өлүм жазасына тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG