Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Ооганстандын түндүгүндө талибдердин чабуулу күч алды


Тосулган темир тор
Тосулган темир тор

Ооган өкмөтүнүн жүздөгөн аскерлери Тажикстанга кире качууга аргасыз болду. 4-июлда ооган расмий бийлиги билдиргендей, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясындагы 27 райондун 16сы үч күндүн ичинде талибдердин карамагына өттү.

Расмий Дүйшөмбү 4-5-июль күндөрү миңден ашуун аскер Тажикстандын аймагына кире качканын кабарлады. Маалым болгондой, көп райондор эч кандай каршылыксыз эле жоочулардын карамагына өткөн.

"Талибандын" жоочулары учурда Бадахшандын борбору Файзабадды толугу менен курчап, анын кире беришинде турганын "Азаттык" радиосунун ооган кызматы билдирди. Ооганстандын Ички иштер министрлиги талибдерге алдырып жиберген аймактарды кайтара турганын 3-июлда маалымдады. Бирок ал качан ишке ашары белгисиз.

Ушул жылдын апрель айында АКШнын президенти Жо Байден америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетерин жарыялагандан бери талибдер өз чабуулдарын күчөттү. Азыр алар өлкөдөгү 421 район менен райондук борборлордун үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөп турушат. Жакынкы жумаларда Вашингтон калган аскерлеринин бардыгын чыгарып кетүүнү көздөп жаткан маалда Батыштын колдоосуна ээ Кабулдагы өкмөттүн кулап калуу коркунучу күчөп барат.

2-июлда АКШнын Ооганстандагы эң ири аскердик базасы Баграмдан баардык эл аралык күчтөр чыгарылып кетти.

"Талибан" кыймылы улам бир районду ээлеп жаткандыктан, ушуну менен төртүнчү жолу ооган аскерлери коңшу Тажикстанга кире качууда. Ал арада мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстандын лидери Ашраф Гани менен чек арадагы "тынчсыздандырган" кырдаал тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG