Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча 160-орунда турат

Коронавируска каршы эмдөө.
Коронавируска каршы эмдөө.

Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарды.

Ага ылайык, Кыргызстан 160-орунда турат. Аталган сайт өлкөдө 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 173 700 адам эмделгенин көрсөтүп жатат. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 120 миңден ашуун киши вакцинанын эки дозасын тең алганын кабарлаган.

Дүйнөдө жалпы үч миллиарддан ашуун адам эмделди. 344 миллиондон ашуун атуулу эмделген Индия биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда АКШ турат, бул өлкөдө 329 миллион киши эмделди.

Орто эсеп менен алганда дүйнө калкынын 23.7 пайызы коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган. Бул жалпысынан 3.13 млрд дозаны түзөт. Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 173 миңден ашык киши эмделди. Эскертүү: Акыркы маалыматтар 30-июнь, 2021-ж. карата. Бардык сандар тегеректелген.

Кыргызстанга июлдун ортосуна чейин Кытайдан 1,2 млн. доза вакцина келери күтүлүүдө. Буга чейин Кытай менен Орусиядан вакциналар келген.

Азыркы тапта өлкөдө Орусиянын "Спутник V" вакцинасы менен каалоочуларды эмдөө уланууда.

COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 210 миң кишиге жеткидей дозасы келери айтылып жатат. Бирок качан келери белгисиз. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG