Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Вирус жугузгандар жана курмандыктар көбөйдү


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады.

Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам.

2020-жылдын март айынан бери 2046 киши оорунун курмандыгы болду.
Бир суткада 1 437 адамда вирус жаңы аныкталды. Алардын басымдуусу - 924 киши Бишкекте. 2020-жылдын март айынан бери жалпы ооругандар 132 070 деп эсептелди. Ооруканада 4 126 адам, үйүндө 11 589 киши дарыланууда. 176 кишинин абалы өтө оор.

Бишкек шаардык мэриясы медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда да кошумча эмдөө түйүндөрү ача баштады. Мекеменин билдирүүсүндө, "Космопарк", "Таш-Рабат", "Балдар дүйнөсү", "Чынар" соода оюн-зоок жайларында жана "Семетей" мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү уюштурулмакчы.
Мындан тышкары борбор калаада 118 ыкчам кеңеш берүү кызматынын саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдады.

Ошентип, июль айынын алгачкы беш күнүндө эле коронавирустан 45 адам көз жумду. Каза болгондордун басымдуусу баш калаа Бишкекке туура келет. Шаарда вирусту дарылоо үчүн кошумча стационарлар да кайра ачылды.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну курчуп, күнүгө жүздөгөн адамга оору жугуп жатат. Вируска чалдыккандардын теңинен көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталууда. Адистер аймактарда да абал дурус эместигин белгилешүүдө.

Орто эсеп менен алганда дүйнө калкынын 23.7 пайызы коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган. Бул жалпысынан 3.13 млрд дозаны түзөт. Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 173 миңден ашык киши эмделди. Эскертүү: Акыркы маалыматтар 30-июнь, 2021-ж. карата. Бардык сандар тегеректелген.
Орто эсеп менен алганда дүйнө калкынын 23.7 пайызы коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган. Бул жалпысынан 3.13 млрд дозаны түзөт. Ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 173 миңден ашык киши эмделди. Эскертүү: Акыркы маалыматтар 30-июнь, 2021-ж. карата. Бардык сандар тегеректелген.

Өлкөдө эмдөө уланып жатат. Кыргызстандыктарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайылууда. Эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келери расмий маалымдалган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жер жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калганын билдирди. Үч миллиардан көп адам эмделди.


Өткөн аптада бир сутка ичинде коронавирус эки миңдей кишиден табылып, былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч болду. Өлкөдө былтыр июндун акырында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Дем алдыруучу аппараттар, ооруканаларда орундар, дарыгерлер, дары-дармек жетишкен эмес. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган.

Бирок вирус жугузгандар, курмандыктар тууралуу мындай сандар расмий эсеп гана. Бир катар дарыгерлер, байкоочулар иш жүзүндө вируска чалдыккандар, жана андан өлгөндөр, тест тапшырбай үйдө жаткандар мындан бир топ көп болушу мүмкүндүгүн айтып келатышат.

Индияда жазында болуп көрбөгөндөй өлүм-житимге алып келген коронавирустун "дельта" деп аталган түрү дүйнөнү кооптондуруп жатат. Кыргызстанда да адистер "үчүнчү толкундун" башталышына "дельта" себеп болгонун боолгошууда.


СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекованын айтымында, Кыргызстанда да статистиканын өсүп жатышына кооптуу деген Индия штаммы себеп болгону тууралуу божомол бар.

COVID-19: Ооругандар, курмандыктар расмий эсептен көппү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:51 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG