Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

"Кытайдан 1 миллион дозадан ашык вакцина бир жумада келет"


Жылдыз Бакашова
Жылдыз Бакашова

Кыргыз өкмөтү коронавируска каршы эмдөөнү активдештирүү үчүн Кытайдан гуманитардык жардам иретиндеги 150 миң доза вакцинадан тышкары 1 миллион 100 миң даана вакцина сатып алды жана ал Кыргызстанга келерки шейшембиге чейин жеткирилет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык оперативдүү штабдын төрайымы Жылдыз Бакашова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Буга чейинки маалыматтарга караганда Кыргызстандын калкынын 2 пайызга жакыны эмдөөдөн өткөн.

- Британиялык абройлуу медициналык-илимий The Lancet журналы пандемия алып келчү жоготууларга карата окумуштуулардын божомолун жарыялады. Ага караганда 1-июндан августтун этегине чейин Кыргызстанда кишинин өлүмү 256дан 512ге чейин жетиши мүмкүн экен. Кыргыз өкмөтү пандемия күчөгөн бүгүнкү күнү ушул өңдүү тобокелчиликтерди эске алып жатабы?

-Ар кандай божомолдор бар. Пандемия башталгандан бери эки миңге жакын адамыбызды жоготуп алдык. Бирок, кыйын учурду кайра кайталабаш үчүн бүгүн биз - Министрлер кабинети, республикалык штаб бардык аракетибизди жасап жатабыз.

Ушу тапта оорунун санынын көбөйүшүнүн дагы бир себеби, өткөн жылы күнүнө 1000-2000 изилдөө жүрсө, азыр күнүнө 8 000-10 000 изилдөө жүрүп атат. 12-июлда Кореядан атайын делегация келатат, алар жеңилдетилген, дээрлик бекер баада 1млн. пчр-тест жасап беребиз деп атат.

Лабораториялык анализдин баалары кымбат – 1700 сом. Атайын эксперттик топ түзүп, бааны төмөндөтүү аракетин жасап атабыз. Бүгүн эле министрлик менен жеке лабораториялардын жетекчилерин чакырып, баасын арзандатыңыздар, элибизге жардам бериңиздер деп сүйлөштүк.

- Кыйын учур демекчи, былтыркы “каралуу июль” тарыхта калды го. Вирус жугузгандардын саны күнүнө миңден ашып, каза болгондор күнүнө 10го чейин жетип атат. Бүгүн ооруканаларда орундар, дары-дармек, дарыгерлер жетиштүүбү?

- Ушул маселенин үстүндө күнү-түнү иштеп жатабыз. Мисалы, Бишкекте бүгүн 1777 койка бар. Саат 16:00дагы маалымат боюнча азыр 334 койка, реанимациялык 67 койка бош. Дагы 1326 койканы ачууга даярдап койдук, зарыл болуп калабы деп. Албетте, республика боюнча 3553 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 1003 бейтап оор, 188и абдан оор абалда.

750 даана жасалма дем алдыруу аппараты, 9 миңге жакын кычкылтек концентраты бар. Атайын тизмедеги дары-дармекке муктаждык 45 позицияда 12 миң адамга эсептелип, Мамлекеттик материалдык резервдин базасынан сатылып алынып, бардык саламаттык сактоо мекемелерине жеткирилди. Ушунун бардыгын республикалык штаб саламаттык сактоо министрлиги менен бирге уюштуруп жатат. Бардык медициналык каражаттардын үч айлык запасын камсыз кылууну министрликке тапшырдык. Кытайдан 1 млн. 250 миң вакцина алып жатабыз.

-Ушу Кытайдан келе турган Sinopharm вакцинасы эки-үч жума мурда эле келет деп айтылды эле. Эмне үчүн кечигип жатат?

- Сиз айтып аткан 150 миң доза вакцинаны Кытай эл республикасы гуманитардык жардам катары берген. Бирок, макулдашуу жараяны бир топ убакытты талап кылат экен. Биз азыр 1 млн.100 миң доза вакцинаны өзүбүз сатып алып атабыз. Анын үстүнө 150 миң доза гумжардамды кошуп, өзүбүздүн учак менен алып келебиз. Кытайга акчасы төлөндү. Буюрса, келерки шейшембиге чейин 1 млн. 250 миң доза Sinopharm вакцинасы колубузга тиет.

Биз эми вакцинаны бардык региондорго эпидемиологиялык кырдаалга жараша бөлүштүрүп, маркеттерге, аптекаларга, поликлиникаларга, үй-бүлөлүк дарылоо борборлоруна күнү-түнү иштей турган эмдөө жайларын ачып, дозаны эмдөөнү ушул айда бүтүрүп, дагы кайра 1250 миң доза Sinopharm сатып алабыз. Ага бюджеттен 8 млн. доллар каралып жатат. Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Каржы министрлиги менен чогуу бул маселени сүйлөштүк. Ал вакцина августун башына чейин келет.

-Жапон өкмөтүнөн да вакцина сурагандыгыңыздарды маалымат каражаттары жазды.

-Дипломатиялык бардык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын айтабыз.

-Азыр “Спутник”, Sinopharm вакциналардан башкалардын келиши күмөнбү?

- Мен Швеция элчиси менен сүйлөштүм. Элчинин маалыматына караганда жакында бизге 225 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет.

- Коомчулукта Саламаттык сактоо министрлигине карата көп сындар айтылып атат. Адистер пандемияга каршы күрөштө, анын ичинде чет өлкөлөр менен макулдашылган вакцинаны алып келүүдөгү тыныгууну министрликтин аракетсиздигинен деп жатышат. Азыркы кырдаалда министрликтин иши өкмөттү канааттандырып жатабы?

-Ар кандай сөздөр бар. Кээде ашыкча сөздөр болуп кетип атат. Бирок, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин өз көзүм менен көрүп атам. Эртең менен 6да жумуш башталат, түнкү саат 1ге чейин жумуштан кетпей иштеп отурушат. Кээде балким калпыстыктар кетип аткандыр. Бирок, алар ишти жүргүзүп, уюштуруп жатышат. Иш жүрүп жатат. Элибиздин ден соолугу үчүн болгон аракет жасалып жатат.

Иш жалгыз эле Саламаттык сактоо министрлигинен же республикалык штабдан көз каранды болбосо керек. Ар бирибиз бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Биринчи кезекте тартипти, аралыкты, гигиенаны сактоо, жөнөкөй эле маска кийүү - муну элибиз үйрөнүп, кичинекей балдарыбызга чейин үйрөтүшүбүз керек. Социалдык жоопкерчилик болушу керек.

Коронавируска каршы вакцина алдыңызбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG