Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

COVID-19: жаңы штамм дүйнөнү сестентти


Москванын жака белиндеги оорукана, 30-июнь 2021-жыл.
Москванын жака белиндеги оорукана, 30-июнь 2021-жыл.

Коронавирустун "Дельта" вариантынан улам Азиядагы бир топ өлкөлөрдө карантин киргизилди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа COVID-19дун жаңы толкунунан качып кутула албай турганын эскертти.

Коронавирустун тез жайылуучу "Дельта" варианты күч алгандыктан Бангладеште 1-июлдан тартып катаал карантин башталды. 168 миллиондой калкы бар бул өлкөдө дүкөндөр, мамлекеттик кеңселер жабылып, калкка үйдөн чыкпоо тапшырмасы берилди. Эрежелердин сакталышын аскер кызматкерлери жана полиция көзөмөлдөп жатат.

Бангладеште расмий эсеп боюнча эле соңку бир суткада 9 миңге чукул жаран коронавирусту жугузуп алганы ырасталса, 115 бейтап көз жумду. Өкмөт "Дельта" штаммы тездик менен тарап, ооруканага түшкөн бейтаптардын саны өсүп кеткени үчүн карантин киргизүүгө аргасыз болгонун билдирүүдө.

Бирок бийлик ансыз да алсыз экономикасын сактап калыш үчүн кийим-кечек тиккен фабрикалардын ишине уруксат берди. Башка тармакта иштегендерди жана күнүмдүк тапкан кирешеси менен жан баккандарды каатчылык коркунучу тооруп турат.

"Тамак-аш сатып алганга акчабыз жок. Мен кечээ түштө тамак жегем. Азыркыга чейин ачка жүрөм. Эмне кылабыз? Бийликтен карантинди жумшартууну, бизге эрежелерди сактоо менен ишибизди улантууга уруксат берүүнү суранам", - деди баш калаа Даккада транспорт тармагында иштеген Мохаммад Хасан.

Карантиндин алдында башкалаа Даккадан чыгып кетүүгө ашыккан ички мигранттар. 30-июнь. 2021-жыл.
Карантиндин алдында башкалаа Даккадан чыгып кетүүгө ашыккан ички мигранттар. 30-июнь. 2021-жыл.

Ички мигранттар карантинди өз кичи мекенинде өткөрүү үчүн баш калаа Даккадан чыгып кетип жатышат. Адистер мындай жагдай вирустун башка аймактарга да жайылышына жол ачарын эскертишти. Алар Бангладеште эпидемиологиялык кырдаалдын күчөп кетишин "Дельта" вариантынан тышкары эмдөө жараянынын солгундугу менен да байланыштырып жатышат.

Четинен киргизилген чектөөлөр

"Дельтанын" жайылышы калкынын саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Индонезияда да жаңы чектөөлөргө жол ачты. Бийлик өлкөнүн бир катар аймактарында 2-июлдан 20-июлга чейин карантин чараларын күчөтөрүн жарыялады. Алар кандай чектөөлөр экени жакынкы сааттарда жарыяланганы турат.

Апта башында "Кызыл чырым" уюму 270 миллиондой калкы бар Индонезия "COVID-19 алааматына" жакын калганын эскерткен. "Дельта" варианты тез жайылгандыктан, бул өлкөдө бир күндө 20 миңден ашуун адамдан вирус аныкталууда. Индонезияда чоңдордун беш пайызга жетпеген бөлүгү гана коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн.

Жакарта баштаган шаарлардагы "кызыл зоналарда" ооруканалардын 95 пайызга чукулу толуп калганы кабарланды.

"Биз билгендей, соңку мезгилде COVID-19 пандемиясы жаңы варианттардын айынан көп өлкөлөрдө олуттуу маселелерди жаратып койду. Мындай кырдаал бизди катаалыраак чараларды көрүүгө аргасыз кылды", - деп билдирди 1-июлда Индонезиянын президенти Жоко Видодо.

Буга чейин эл аралык адистер "Дельта" штаммы жугары менен белгилери тез эле пайда болорун, өпкө клеткаларын жабыркатаарын жана антиденечелерди алсырата турганын эскертишкен. Алар бул штамм өзгөчө вакцина албагандардын арасында жайылып жатканын белгилешет.

Жакарта шаарындагы медициналык борбордо кезек күткөн бейтаптар, 18-июнь 2021-жыл.
Жакарта шаарындагы медициналык борбордо кезек күткөн бейтаптар, 18-июнь 2021-жыл.

Бул вариант тарап кеткени үчүн Малайзияда 1-июндан бери дээрлик толук карантин өкүм сүрүп жатат. Таиландда да санитардык эрежелер күчөтүлүүдө. Австралиянын бир нече шаарында кыска мөөнөттүк карантин жарыяланды.

Адеп Индияда катталган "Дельта" штаммы барган сайын Европа өлкөлөрүн да кооптондуруп жатат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа коронавирустун жаңы толкунунан качып кутула албай турганын 1-июлда эскертти.

Португалияда кыш айларынан бери биринчи жолу коронавирусту жугузуп алгандар көбөйө түштү. Калкынын 37 пайызы эмдөөдөн өткөн Испанияда да COVID-19га чалдыккандардын саны өсө баштады.

Берлиндеги Роберт Кох атындагы институт билдиргендей, бул аптада Германиядагы вирусту жаңы жугузуп алган адамдардын жарымынан "Дельта" штаммы табылышы мүмкүн.


Мындай коркунучка карабастан Франция 30-июнда ресторан, кинотеатр жана дүкөндөрдөгү кардарлардын санына киргизилген чектөөлөрдүн көбүн жумшартты.

"Дельта" штаммы күч алгандыктан Москванын бийлиги коронавируска каршы жамааттык иммунитетти бекемдөө үчүн шаар тургундарына вакцинанын кошумча дозасын алууну сунуштады.

Борбор Азиянын эки өлкөсү - Казакстан менен Өзбекстан гана "Дельта" катталганын расмий ырастаган.

Кыргызстандын Коронавируска каршы республикалык штабынын маалыматына караганда, 1-июлда өлкөдө 1 392 адам вирус жуктуруп алганы тастыкталды. Бул соңку бир жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Инфекция жуккан бейтаптардын басымдуу бөлүгү же 803 адам Бишкекке туура келет. Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 9 адам көз жумду.

Эмдөөдөгү теңсиздик

29-июнда дүйнөнүн 180 өлкөсүндө коронавируска каршы сайылган вакцина дозаларынын жалпы саны биринчи жолу 3 миллиарддан ашты. Дүйнө өлкөлөрү мындай жыйынтыкка COVID-19га каршы эмдөө башталган жарым жылдан бир аз ашыгыраак убакыттын ичинде гана жетишти. Бирок бардар жана жакыр өлкөлөрдүн ортосунда айырмачылык чоң болууда.

Bloomberg жаңылыктар агенттигинин эсеби боюнча, эмделгендердин 23 пайызы 27 өнүккөн өлкөгө туура келет. АКШда дүйнө калкынын 4,3 пайызы жашаса, дүйнөдөгү вакцина алгандардын 11 пайыздан ашыгы бул өлкөнүн жарандары. Ал эми Жер шарындагы калктын 19 пайызы жашаган Кытайга дүйнө боюнча коронавируска каршы сайылган вакциналардын 40 пайызы туура келүүдө.

Ошол эле маалда дүйнөнүн бир топ аймагында, анын ичинде Африканын көпчүлүк өлкөлөрүндө эмделгендердин саны 1 пайызга жетпейт. Кыргызстанда да эмдөө башталган март айынан бери 110 миңдин тегерегиндеги жаран гана вакцина алды. Бул өлкө калкынын 1,6 пайызына гана барабар.

Бишкектеги бейтапкананын эмдөө бөлүмү, 19-май 2021-жыл.
Бишкектеги бейтапкананын эмдөө бөлүмү, 19-май 2021-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму эмдөөдөгү мындай теңсиздикке тынчсыздануусун билдирип жатат.

"Бул маселеде азыр кыйынчылык бар. Дүйнө жүзүндөгү вакцинадан өтүү талабы чынында кош теңсиздикке жол ачып жатат. Көбүнчө вакцина жетпей жаткан өлкөлөрдүн жарандары башка өлкөгө чыга албай калышууда. Андыктан, эгер биз саякаттоого байланыштуу кандайдыр бир чектөө киргизе турган болсок, жок дегенде адамдардын вакцина алуу мүмкүнчүлүгүн эске алышыбыз керек", - деп билдирген өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аткаруучу директору Майк Раян.

АКШ Pfizer/BioNTech вакцинасынын 1 миллион дозасын Парагвайга, Johnson & Johnson вакцинасынын 2,2 миллион дозасын Колумбияга жардам иретинде бере турганын жарыялады. "Чоң жыйырмага" кирген өлкөлөрдүн шейшембиде Италияда жолуккан тышкы иштер министрлери бул маселеде дүйнөлүк алкакта кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

"Глобалдык кризисти токтотуу мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтүү үчүн көп тараптуу кызматташтык маанилүү", - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Moderna компаниясы өз вакцинасы "Дельта" вариантынан коргой турганын жарыялады. Маалыматка ылайык, лабораториялык изилдөөлөр жаңы штамм Moderna вакцинасынын натыйжалуулугун анчейин азайтпаганын көрсөттү.

Америкалык жана германиялык илимпоздор чогуу иштеп чыккан Pfizer-BioNTech вакцинасы да "Дельта" вариантына каршы эффективдүү экени бир нече апта мурда маалым болгон. Орусиялык адистер да "Спутник V" вакцинасы эмдөөдөн өткөндөрдү вирустун жаңы вариантына каршы 90 пайыз коргойт деп билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG