Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:45

АШК көп аял алууга үгүттөгөн талапкер жөнүндө түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуштаган “Келечек-Будущее” партиясынын талапкери тууралуу чыгарылган чечимден улам түшүндүрмө берди.

Анда талапкер Назира Абдыкаимова “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамды бузган эмес деген корутунду чыгарылганын, бирок анын иш-аракетинде кылмыштын белгилерин аныктоо үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталганы айтылат. Ошондой эле коомдо терс пикир жаралбашы үчүн Абдыкаимовага көп аял алууга үгүттөгөн тасмасын алып салуу сунушу берилгени көрсөтүлгөн.

"Реформа" партиясы 3-июлда АШКга кайрылып, "Келечек-Будущее" партиясын көп аял алууга үгүттөгөнү үчүн жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Анда көп аял алуу Кыргызстанда кылмыш экенин эскерткен.

“Келечек-Будущее” дооматтарды четке кагып, аны сөз эркиндиги, оюн эркин билдирүү менен түшүндүргөн.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине 11-июлда кайра шайлоо болот. Бишкекте 18 партия ат салышып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG