Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Мурдагы вице-мэр Азыгалиев 30 млн. сом зыянды төлөп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев бюджетке келтирген 30 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды төлөп бергенин кабарлады.

УКМК билдиргендей, Азыгалиев жыйырма жылдан ашык мамлекеттик жана муниципиалдык кызматта иштеп, жакын туугандарына катталган ири өлчөмдөгү мүлккө ээлик кылары аныкталып, Жазык кодексинин 328-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурган.

Буга чейин март айында Бишкектин дагы бир мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деп айыпталып кармалган.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, соттун чечими менен 260 миң сом айып пул төлөгөн.

Бишкектин турак-жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча калаа башчысынын мурдагы орун басары Мирлан Амантуров 2020-жылы декабрда кармалган. Амантуров "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасында жетекчи болуп турганда мамлекеттик сатып алуулар, жол салууда коррупциялык схемаларды ишке ашырганга айыпталган. Ал мамлекеттин казынасына 25 миллион 203 миң 700 сом төлөп берип, сот иши кыскарган.

2021-жылдын май айында мурдагы мэр Азиз Суракматов "мыйзамсыз баюуга" шектелип, камакка алынган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG