Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:05

Эгемендиктин бекемделишине ар бирибиз таасир этебиз


Соң-Көл жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Асылбек Жоодонбековдон келген материалды сунуштайбыз.

1985-жылы башталган М. Горбачевдун “Кайра куруу” саясаты 1991-жылы расмий эгемендик алышыбызга негиз болду. Өзгөчө алгачкы жылдары элибиз укмуштуудай позитивдүү эмоция жана зор үмүт менен жашады. Легендарлуу парламенттеги ачык талкуулар, көз карандысыздыкты бекемдеген мыйзамдар элдеги дымакты ойготту. Түрдүү идеялар, демилгелер көтөрүлүп, дем менен демократиянын агымына түштүк, эркиндикти сүйгөн элибиз бул жаатта коңшуларыбыздан алда канча алдыга кеттик. Аскар Акаевдин бийликке келиши, энтузиазм менен берилген убадалары көңүл жылытып, кыялдарыбызда Швейцария да болуп кеткенбиз.

Отуз жыл өттү. Үч муун мектепти бүтүп, ошол жылдары төрөлгөндөр бакыйган киши болушту. Ал жылдардагы кырчын жаштагылар элүүнүн кырын ашышты. Реалдуулук кандай? Чарбабыз аксап турат. Саясатта туруксуздук өкүм сүрүүдө. Туруктуу өнүгүүнүн багыттары боюнча мыктыбыз дей албайбыз. Уурулук, каракчылык дагы деле өлкөбүздө асыресе көрүнүштөрдөн. Кара күчтүн, байлыктын үстөмдүк кылуусу норма катары каралган жагдайлар да жок эмес.

"Азаттык" радиосунунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" деген суроосу мени ойго салды. Айрым ойлорумду ортого салайын.

Эгемендикти эмне бекемдейт?

Ата-энелик

Адам ресурсу. Элибиздин потенциалы. Адамдардын жөндөмдүүлүктөрүн, дүйнө таанымын, өзү жана аалам менен болгон байланышына терең таасир берген ата-эне эмеспи. Менин оюмча коомдогу эң маанилүү институт болгон ата-энелик биздин коомубузда толук кандуу болбой жаткандай.

Ата-энелигибиз биологиялык жактан жетилгендик менен эле чектелбеши абзел. Ар бир ата-эне жоопкерчилиликти жон терибиз менен сезип, балага үңүлүп, таанып билип, өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз зарыл.

Балдарыбыз өзүн таанып, кызыккан нерсесин таап, болжолдуу багыттарын аныктап, күнүмдүк жашоосунан канаат алып, рухий азык алышында ата-эненин орду эбегейсиз. Ушул жерден өксүк калып жатабыз. Кичинесинен толук кандуу өнүгүүгө ээ болбогон балдарда өксүктүк комплекс пайда болуп, жашоосунда, жүрүм-турумунда, мамилесинде, талаптарында чагылып жатат. Коомчулукта конфликттик жагдайларды жаратып жаткан маанилүү фактор ушул.

Эгемендигибиз качан бекемделет? Коомубуздун дээрлик көпчүлүгү ата-энелик жоопкерчиликти негизги орунга койгондо. Ата-энелик кылууну үйрөнүүгө бет алганда. Балдардын ички потенциалын ачканда, алардын өзүн табуусуна жардам бергенде. Ата-эне балдардын жардамчысы, багыттоочусу, машыктыруучусу, өзүн табууга көмөктөшүүчүсү болгондо.

Мектеп

Эгемендикти бекемдеген эң маанилүү институт. Ата-энеликтин ойдогудай эмес шартында, устаттын орду эбегейсиз. Учурда мектептер башкаруусунан тартып, методикасына чейин жаңыланууга муктаждык бар. Мугалим окуучунун чыныгы агасы, эжеси (агайы, эжейи) боло алганда балдарыбыз толук кандуу жетилет, ачылат. Дүйнө таанымы калыптанат. Азыркы доордо билген нерсеңди же предметиң боюнча маалыматтар менен чектелүү жетишсиз.

Мугалимдик кесипти жактыргандар көп. Өлкөбүздө мугалимдин аткарган ишине, көтөргөн жүгүнө карата жеңил ойлуу мамиле калыптангандай. Натыйжада мугалимдердин арасында аргасыздан мугалим болуп иштегендердин саны аз эмес. Даяр маалыматтарды эле бербестен, багыт көрсөткөн, баланын ички дараметин көрө алган, эң эле жок дегенде өз алдынча өнүгүүсүнө тоскоол болбогон педагогдорго таңсыктык бар.

Саясат

Акыркы мезгилде бөлүнүүчүлүк күч алгандай. Биздей ойлонгондор жана башкачалар деген түшүнүктөр. Идеялардын ар кылдуулугу, адамдын тандоосун сыйлоо, пикирлердин таймашы, туура, күчтүү ойго макул болуу, сынчыл ойлом. Өлкөбүздө ушул нерселерге карата таңсыктык сезилет.

Идея, көз караштардын таймашынан дагы көбүрөөк акча таймаш, таасир таймаш, клан таймаш, кара күч таймаш. Саясий маданият, акыйкат атаандаштык, күчтүү идеяларга биригүү түшүнүгүнөн көбүрөөк утурумдук упай топтоо, кыска мөөнөттүк жеңишке жетишүү, "мен күчтүүмүн андыктан алсыздар бизге кызмат кылгыла". Кандай гана жолдор менен болсо да таасирдүү күчкө айлануу сымал “эрежесиз уруштар” бизде басымдуу болгондой.

Менимче эң кейиштүү жагдай коомдо элитабыз деп жүргөндөрдүн дээрлик көпчүлүгүн коом кабылдабайт, тааныбайт. Расмий бийликтин аптыракаты абдан төмөн. Бул багытта туруктуу өнүгүүгө бет алуубуз абадай эле зарыл болуп тургандай.

Кайсы багытта өнүгөбүз? Кайсы баалуулуктар негизги орунда болот? Кимдигибизди сактоо менен жалпы адамзаттык, демократиялык, ачык коомго мүнөздүү баалуулуктарды өздөштүрө алабызбы? Менимче саясатта ушул суроолорго ачык жооп берип, саясий маданияттын калыптануусуна мезгил бышып жетилди.

Коом

Эки күн мурун кошунабыздын уулу телефонун жоготту. Конуштагы балдар аянтчасында ойноп жатып түшүрүп алыптыр. Ватсап группадан жар салынды. Бирок таап алган өспүрүм же ата-эне унчукпады. Телефон табылбады. Балким бир үй-бүлөдө өсүп келе жаткан муундун өкүлүнө терс үлгү норма катары кабылданып калды.

Жулуп алма, ээлеп алма, уурдап алма дээрлик жок болуп, мындай көрүнүштөргө коомдун элдешкис күрөшү зарыл. Бири-бири менен тыгыз кызматташкан, тандоолорго урмат-сый менен мамиле кылган коомго айлангандан эгемендигибиз бекемделет.

Шайлоо

Демократиялык коомчулуктун эң күчтүү куралы бул шайлоо. Таза, акыйкат атаандаштыктын шарданында өткөн шайлоо. Идеялардын ачык күрөшү. Бийликтен элдин кызыкчылыгын жогору койгон шайлоо комиссиялары. Зирек шайлоочу. Сынчыл ойлонгон шайлоочу. Кубулмаларга, алдамчыга, зөөкүргө, коррупционерге, трайбалистке, тууганчылга, жасакерге жок деп ордун көрсөткөн шайлоочунун саны басымдуу болгондо эгемендигибиз бекемделет.

Адискөйлүк

Менин оюмча өлкөбүздө чебер адистерге болгон таңсыктык бар. Биздин өлкөнү чала саясатчылардын, чала экономисттердин, чала спортиктердин, чала жолчулардын, чала мугалимдердин, чала дыйкандардын өлкөсү десек болчудай. Албетте, чычалашыбыз мүмкүн, бирок реалдуулуктар ошону көрсөтүүдө. Ошондуктан жогорудагы тармактардын бардыгында мышык ыйлай турган абал.

Адискөйлүк калыптанышы үчүн менимче балдарга ишеним көрсөтүп, кичинесинен өзүн табуусуна көмөк көрсөтүү, муундан муунга өткөн адискөйлөрдү даңазалоо. Чебер адистерди өрнөк тутуу. Аларды улут сыймыгына айландыруу, кесипкөйлөрдүн бирдиктери, мектептеринин иштөө зарылдыгы бардай. Адискөй адамдар маданияттуу болот, бактылуулук сезимдери күчтүү болот. Алардын коомго келтирген пайдалары эбегейсиз. Адистер биздин эгемендигибизди бекемдейт.

Кызматташтык

Өнүккөн коомдо, мекемеде, ишканада кызматташтык күч. Азыркы күндө бизнесте, саясатта, билим берүүдө, коомчулукта кызматташа алгандар илгерилейт, утушта болот. Биздин коомдо “Менден башканын баары жинди” дегендей түшүнүктөр арбын. Бири- бирибизди жокко чыгарып, сеники жаңылыш, меники туура, сен алсыз мен күчтүү, мени көпчүлүк колдойт, сенин колдоочуң аз сымал түшүнүктөр менен бизди илгерилетпестен артка тартат.

Бири-бирибизге кастык сезим жаратат. Ошондуктан коомдун кайсы багыты болбосун өнүгүү үчүн кызматташуу негизги орунда болуусу шарт. Кызматташуу шартында бардыгыбызга ыңгайлуу жол тандалып алынат. Ар тарап жеңиште болот. Азыркы күндө өнүгүүгө алып келген жөнөкөй формула ушул. Кайсы коомдо кызматташуу көп болсо, ал элде бактылуулук сезимдери бекем болот. Бактылуу адамдардын саны артат. Кызматташтык мамилелер биздин эгемендигибизди бекемдейт.

Биз ар бирибиз эгемендигибиздин бекемделишине кандайча таасир эте алабыз? Ар бирибиздин өз багытыбызда жоопкерчилик ала билүү аркылуу. Дайыма изденүүдө болуубуз. Ыпыластыкка, адилетсиздикке, уурулукка карата чыдамсыздыгыбызды көрсөтүү аркылуу. Терс көрүнүштөр менен акырына чейин күрөшүү аркылуу биз эгемендүүлүгүбүздү бекемдеп, өзүбүзгө жана өлкөбүзгө ээ чыга алабыз.

Асылбек Жоодонбеков

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG