Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Сырттан ташылган мал үчүн алгачкы карантиндик бекеттер ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө жана Таласта сырттан ташылып келген малды убактылуу кармап туруу үчүн карантиндик станциялар ачылды. Бул тууралуу 3-августта "Азаттык" радиосуна Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, Панфилов станциясында 800 баш, Сокулук жана Ысык-Ата станцияларында 600 баш, Таласта 300 баш мал кармоого шарт түзүлдү:

"Карантиндик бекетте мал 2-3 күн кармалат. Бул убакыт аралыгында анализи алынып, ылаң бар-жогу текшерилип, идентификациядан өткөрүлөт, кулагына Кыргызстандын биркасы тагылат жана шарп ылаңына каршы эмделет".

Станциялар жеке ишкерлердин каражатына ачылды. Буга чейин мындай жайлар Кыргызстанда болгон эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG