Токио Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 3-августта кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта жарым финалга чыкты. Ал чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инжени далысына басып, таза утту.
Эми ал жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденко менен күрөшөт.
Айсулуу Тыныбекова алгачкы күрөшүндө латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан.
Ушул күнү грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмакта Атабек Азизбеков мелдешти баштап, венгриялык Виктор Лоринске 1:6 эсебинде утулуп калды. Эгер Виктор Лоринс финалга чыкса, Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткочуучу беттеште күчүн сынайт.
Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 клограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми ал коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен күрөшөт. Дагы бир балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмакта жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.
3-августта балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда алтын медаль үчүн күрөшөт. Анын Атаандашы - венгриялык Таман Лоринц.
Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да ушул күнү 5000 метр аралыкка чуркап, күч сынашууга чыгат.
Кыргызстандан Токио Олимпиадасына 16 спортчу аттанган. Мамлекет алтын медал алгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.
23-июлда расмий ачылган Олимп-2020 мелдештери 8-августта жыйынтыкталат.