Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Мамбетов Ошту, Сарыбашов Бишкекти бийлейт


Таалайбек Сарыбашов (Бишкектин фонунда), Алмаз Мамбетов (Оштун фонунда).
Таалайбек Сарыбашов (Бишкектин фонунда), Алмаз Мамбетов (Оштун фонунда).

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын ордуна президенттик иш башкармалыктын башкаруучусу Алмаз Мамбетов барды. Адаттан тыш аракеттери менен таанылган саясатчылардын ротациясы коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Мамбетовдун баяны

Кызматка бекигени эки күндөн бери күбүр-шыбыр деңгээлинде турган Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга 2-августта расмий киришти.

Эртең мененки расмий жыйында алгач Таалайбек Сарыбашов кызматтан кеткенин жарыялады. Андан кийин президенттик администрациясынын уюштуруу-текшерүү иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов Мамбетовду мэрдин милдетин аткаруучу катары тааныштырды. Ал жөнүндө буйрукка Министрлер кабинетинин (Минкаб) төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Сарыбашов кызматтан кеткени жана Мамбетов мэрликке бекигени жарыяланган учур. Ош шаары, Кыргызстан. 2-август, 2021-жыл.
Сарыбашов кызматтан кеткени жана Мамбетов мэрликке бекигени жарыяланган учур. Ош шаары, Кыргызстан. 2-август, 2021-жыл.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Алмаз Мамбетов өзүнүн кызматка сунушталышы жана пландары жөнүндө учкай айтып өттү:

“Ошко мен буга чейин келип жүргөм. Бул шаарда бир нече жолу болгом. Бизде, бардык жерде бирдей эле көйгөй. Ошол эле суу, жол, жашылдандыруу, коопсуздук сыяктуу чоң маселелер бар. Менимче, мунун баарын чечебиз, ага билимибиз да жетет, команда менен алып кетериме толук ишенем. Мэриянын буга чейинки кызматкерлери да мага жардам берет деп ойлойм. Мага бул кызматка барууну президент Садыр Нургожоевич сунуштады. Ошондуктан мен баш тарта алган жокмун. Ош шаары экинчи борбор калаа, бул жерде чоң жоопкерчилик бар”,-деди ал.

45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. Бул убакта ал экс-мэр менен чырдашып, коомчулуктун эсинде калган.

Тагыраагы 2017-жылы Алмаз Мамбетов менен Балыкчынын мурдагы башчысы Сатыбек Шамшудиновдун телефон сүйлөшүүсү интернетке тарап кеткен. Аудиокөчүрмөдө Мамбетов кесиптешин орой жана оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Сүйлөшүүнү ошол убакта Шамшудинов “Азаттыкка” ырастаган, Мамбетов комментарий берген эмес.

Балыкчынын мурдагы мэрлери Алмаз Мамбетов (солдо) жана Сатыбек Шамшудинов.
Балыкчынын мурдагы мэрлери Алмаз Мамбетов (солдо) жана Сатыбек Шамшудинов.

Бул жагдай Алмаз Мамбетовдун эмгек жолунда кийин да кара көө катары чыгып турду. 2019-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына төрагалыкка бекип жаткан учурда депутаттар бул кадамды сынга алып, ошол учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Мамбетов андай сөздөрдү азыраак колдонорун” убада кылган.

Мамлекеттик каттоо кызматын башкарып турган учурда Алмаз Мамбетовго дагы бир “жаман окуя” жармашты. Шаарда жол эрежесин бузган автоунаада көз айнекчен кишинин бир келин менен түшкөн сүрөтү чыгып, айрым басылмалар аны “Мамкаттоонун жетекчиси” деп жазып чыгышат. Бирок Мамбетов муну өзү төгүндөп, маалымат каражаттарын сотко берген.

Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан 2020-жылдын 13-февралында бошотулган. Ушул эле жылы октябрь окуяларынан кийин, бийлик башына келген Садыр Жапаров аны президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына башкаруучу кылып дайындаган. Ал акыркы убакытка чейин ушул кызматты аркалап келди.

Ош шаарындагы активист Айбек Таалайбек уулу калаага жаңы жетекчинин келишин мындайча баалады:

Айбек Таалайбек уулу
Айбек Таалайбек уулу

“Бул киши “мен Ошко келип жүргөм, ошого мэр боло алам” дейт. Шаарга жетекчи болууга негизги критерий ушул болуп калыптыр. Мен Бишкекке, Караколго, Токмокко же Жалал-Абадга барып жүрөм, анда мен да ушул шаарларга мэр болсом боло береби? Район же облус болсо да башкарса болмок. Бул жерде чоң көйгөйлөрү, татаал инфраструктурасы, көп калкы жана жетишип-жетишпеген бюджети менен килтейген бир шаар турат. Ал киши мунун баарын изилдеп, түшүнүп бүткүчө эле бир-эки жылдык убактысы кетет. Анан да, биздеги кошоматчы, майда чиновниктер келген мэрди ороп алып, чындыкты көрсөтпөй жүрө берет, ошо менен калган убактысы өтүп кетет. Менимче, шаар башчысы ачык сынак менен тандалышы керек болчу. Болбоду дегенде жаңы шайланып келген партиялар өз талапкерин чыгарып, ошолор бекитсе да жоопкерчиликти ошолор алышмак. Азыр жаңы мэр “парашют” менен учуп түшкөндөй эле болду”.

Ош шаардык кеңешинин жаңы чакырылышы өз сессиясында президент сунуштаган мэрди шайлап алышы керек же четке кагышы керек. Утуп келген партиялар өз талапкерин алып чыкса да болот. Бирок байкоочулар “депутаттар Садыр Жапаров көрсөткөн үчүн Алмаз Мамбетовдон башка кишини тандабайт” деп жоромол кылышат.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо Ош шаарында төрт партия утуп чыккан. Алар “Ата-Журт Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги” жана “Бир Бол” партиялары.

Сарыбашовдун саясий жолу

Мамбетов тууралуу чыккан уу-дуу кеп менен кошо “Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкектин мэрлигине көрсөтүлөт” деген да кабар тараган. Муну анын жакындары жарым-жартылай ырастап келсе, кийин ал өзү да тастыктагандай болду.

2-августта түштөн кийин Минкабдын төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы расмий кабарланды. Сарыбашовду да жамаат менен Жаныбек Жалалов тааныштырды.

Таалайбек Сарыбашовду Бишкек мэриясында тааныштыруу учуру. 2-август, 2021-жыл
Таалайбек Сарыбашовду Бишкек мэриясында тааныштыруу учуру. 2-август, 2021-жыл

Журналисттер менен жолугушуусунда Таалайбек Сарыбашов буларды билдирди:

“Бүгүн тарыхый окуя болуп жатат. Бул урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин чечими болду. Мен үчүн да күтүүсүз чечим, бирок мен ойлойм, бул туура чечим. Биз жоокербиз, мамлекет башчы кайсы жакка айдабасын, ошол жерде эл үчүн иштегенге даярбыз. Жашырыштын кереги жок, азыр борбор шаарга мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп баратабыз. Ал жерде дагы депутаттар колдоп, ишенич көрсөтсө, Кудай буюруп шайланып калсам, Бишкек үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз”.

Өмүр баянында жазылгандай, Таалайбек Сарыбашов 1991-2008-жылдары сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи болуп иштеген.

2008-жылы Алай райондук кеңешине депутат болуп шайланып, 2012-жылы нааразылыктардын фонунда районго аким болуп бекиген. Ага жергиликтүү кеңештин 25 депутатынын 13ү добуш берген. Акимди шайлоо күнү жүзгө жакын тургун Алай районунун борбору Гүлчөдө митинг кылып, “Таалайбек Сарыбашов депутаттардын добушун сатып алды” деп айыпташкан.

Соңунда ал утуп чыгып, кызмат орунга Ош облусунун ошол кездеги жетекчиси Сооронбай Жээнбеков отургузган. Жээнбеков кийин, 2015-жылы Мамлекеттик кадр кызматына директор болуп, ордуна Сарыбашовду калтырып кеткен.

2018-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп иштеп жаткан учурда Таалайбек Сарыбашовдун талапкерлиги Ош шаарынын мэрлик кызмат ордуна атаандашсыз сунушталып, депутаттардын суроо-сопкутусуз шайланган.

Сооронбай Жээнбеков жана Таалайбек Сарыбашов. Иш-чаралардын биринде.
Сооронбай Жээнбеков жана Таалайбек Сарыбашов. Иш-чаралардын биринде.

Кыргызстандагы 2020-жылдын 6-октябрындагы баш-аламандыктардын фонунда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны шаардык кеңеш канааттандырган. Ал күнү Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов мэрияда билдирүү жасап, мэрлик милдет ага өткөнүн жарыялаган. Эки күндөн кийин, 8-октябрда Сарыбашов Алайдан келген митингчилер менен чогуу мэрияга кирип, кызмат ордун кайра алган.

Жергиликтүү активист Айбек Таалайбек уулу Сарыбашов үч жыл ичинде кандай мэр болгонуна токтолду:

“Мен ушул убакка чейин Ош шаарын жетектеген мэрлердин бирин да мактагандан алысмын. Бардыгы популист болуп келишти. Кичине иш жасап, аны пиар кызматы аркылуу тоодой кылып көрсөтүштү. Бир-эки паркты оңдоп, сквер курганын бетке кармашат, бирок көйгөйлөр ошол боюнча калып келет. Таалайбек Сарыбашов да так ошол популист мэрлердин катарында туруп кетти. Аны мактап жаткандар фейктери жана троллдору. Маселен, Ошто жамгыр жааган сайын суу жок, ушул көйгөйдү чечкен жок. Мектептердин, бала бакчалардын тартыштыгын жоё албады. Мына карагыла, балдар бир класста 50-60тан болбосо, андан да көп. Жол тыгын маселесин азайткан жок же жаңы жол ачканын, же каттамдарды жеңилдеткенин байкай албадым. Жумушсуздукту жойгон жок, жашылдандыруу маселелерин да жыргаткан жок. Курулуш, шаардын башкы пландары ишке ашпай калды. Ошого карабай дагы башка чоң кызматка, Оштон да чоң, Бишкек шаарына мэрликке сунушталып жатканына таң калып жатам. Шайлоолордо административдик ресурс колдонгонун да жакшы билебиз. Бул кишини Сооронбай Жээнбеков көтөрмөлөп келгенин саясий чөйрөдө жакшы билишет, сыягы эми Садыр Жапаровго да жол тапкан окшойт”.

Таалайбек Сарыбашовдун басма сөз кызматы анын мэрлик кызматындагы ийги иштери катары шаардын Кулатов кичирайонунда сквер курганын, көп кабаттуу үйлөрдүн бир бөлүгүн сырдаганын, айрым жерлерде тротуарларды тазалаганын айтып жүрөт. Дагы бир ири жетишкендиги катары Ак-Буура дарыясынын жээгин бекемдегени да белгиленет. Бирок соңку аталган иш азырынча бүтө элек жана ага сын-пикирлер да көп.

Ошол эле маалда Сарыбашов терс жагдайлар менен да белгилүү болгон. Тагыраагы анда Орусиянын паспорту бар экени тууралуу маалымат чыгып, депутат Ирина Карамушкина парламенттин трибунасынан аны териштирүүгө чакырган. Сарыбашов өзү муну төгүндөгөнү менен фактыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет текшерген. Бирок анын жыйынтыгы белгисиз.

Таалайбек Сарыбашов мэр болуп турган учурда анын дипломуна байланыштуу да чуу чыккан. Коомчулукта талкуу чыккандан кийин ал 1995-жылы Ош технологиялык техникумун “эсепчи” адистиги боюнча бүткөнүн билдирип, бирок дипломун жоготуп жибергенин айткан. Кийин бул окуу жай өзү 1994-жылы жоюлуп кеткени ачыкка чыккан. Саясатчы экинчи дипломун, 1999-жылдан 2008-жылга чейин ОшМУнун юридика адистигинде окуп алганын айтып, бирок аны да коомчулукка көрсөтө алган эмес.

Сарыбашов бул жагдайлардан сырткары Ош облусун жетектеп турган учурда кол чатырын жардамчыларына көтөрткөнү менен да таанылган. Ал көрүнүш социалдык түйүндөрдө “бай-манаптык” көрүнүш катары сынга алынган.

Ош шаарынын экс-мэрлери Айтмамат Кадырбаев (солдо), Таалайбек Сарыбашов (оңдо).
Ош шаарынын экс-мэрлери Айтмамат Кадырбаев (солдо), Таалайбек Сарыбашов (оңдо).

Таалайбек Сарыбашов кол алдында жалаң спортчуларды кызматка койгону менен да "эл оозуна алынган". Temirov LIVE каналы быйыл 19-апрелде Бишкек шаарында курулуп жаткан хан сарай Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы тууралуу видео жарыялаган.

Дайындоолордун төркүнү

Арийне, логикалык жактан алганда Кыргызстанда Жогорку Кеңеште утуп чыккан партиялар өкмөттүн башчысын, шаардык кеңеште утуп чыккан партиялар калаа жетекчилигине талапкерди алып чыгышы керек эле. Бирок мурдатан айтылып келгендей бул жараян азырынча үзүрүн бере элек.

“Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келген Илгиз Сарылдык уулу “Азаттыкка” мындай оюн билдирди:

Илгиз Сарылдык уулу
Илгиз Сарылдык уулу

“30-июлда өткөн биринчи сессияда мэр боюнча сүйлөшүү болгон эмес. “Таалайбек Сарыбашов келип калышы мүмкүн” дегенди биз дагы социалдык түйүндөрдөн окудук. Менин угушумча, көпчүлүк коалиция куралып жаткан учурда, алар башка кишини талапкер катары сунуштап жатышкан. Эгер Сарыбашовду көрсөтүшсө, анда бул депутаттардын сунушу эмес. Аны өйдө тараптан сунуштап жатат деп түшүнүш керек. Эгер көпчүлүк коалиция аны талапкер катары сунуштаса биз анын программасын карап көрөбүз. Татыксыз болсо, каршы чыгабыз. Тилекке каршы, шаардык кеңешке кайсы партиялар өткөнүн, кимдер келгенин жакшы билесиздер. Бүт эле базаркомдор келди. Жогору жактын “батасын алган” кишини сүрөмөлөп өткөрүп жиберишсе деле таң калбайм. Себеби биз оппозицияда калдык, беш мандат менен эч нерсе кыла албайбыз да”,- деди ал.

Соңку шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине алты партия өткөн. “Эмгек” партиясы 11 мандат, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 9 мандат, “Ишеним” партиясы 8, “Ынтымак” партиясы 7, “Өнүгүү-Прогресс” партиясы 5 жана “Социал-демократтар” партиясы 5 мандат алды. Алардын бири да азырынча мэрликке талапкерлигин көрсөтө элек.

Саясий аналитик Мүсүркул Кабылбеков жагдайды башкача талдады:

Мүсүркул - Мусуркул Кабылбеков
Мүсүркул - Мусуркул Кабылбеков

“Мунун баары “түндүктүн кадрлары түштүктө, түштүктүн кадрлары түндүктө иштесин” деген ротациялык саясаттын негизинде жүрүп жатканы түшүнүктүү. Бирок соңку орун алмаштырууну мен чоң каталык катары баалайм. Балким Алмаз Мамбетов Ошто ишти тартып кетиши ыктымал. Бирок өзүн көрсөтө албаган Таалайбек Сарыбашовдун Бишкек шаарын татыктуу башкарып кетерине көзүм жетпейт. Бишкек бул саясий жана экономикалык борбор, бул өтө татаал конгломерат, саясий кландар көп. Менимче Сарыбашов Садыр Жапаровго кандайдыр бир “кызмат” көрсөткөн, балким Ошто анын таасирин арттырууда роль ойношу мүмкүн. Мына ошону үчүн ага “белек” катары чоң кызмат берди. Бирок дагы кайталайм, бул баары бир туура эмес эксперимент”.

Кадрдык ротация саясаты мурдагы президенттердин тушунда бирин-серин ишке ашканы айтылбаса, жапырт өрүш алган эмес. Президент Садыр Жапаров быйыл дээрлик бардык акимдерди жаңыдан дайындап, көбүнүн ордун алмаштырган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG