Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Ошту Мамбетов жетектейт. Бишкекке Сарыбашов келеби?


Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов
Алмаз Мамбетов менен Таалайбек Сарыбашов

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" аймактагы кабарчысына ырастады. Аны 2-августта жамаатка тааныштырышты.

Алмаз Мамбетовду жамаатка тааныштыруу учуру (солдон биринчи).
Алмаз Мамбетовду жамаатка тааныштыруу учуру (солдон биринчи).

45 жаштагы Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри, 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Аны шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен мэрдин милдетин аткаруучу кылып шайлаган.

Мамбетов "Азаттыкка" бул кызматты президент Садыр Жапаров сунуштаганын кошумчалады.

Ал эми башкалаага Таалайбек Сарыбашов мэр болуп шайланары буга чейин айтылып келген. Сарыбашов "Азаттыкка" бул маалыматты ырастады, ал да кызматка келүү тууралуу президент тараптан сунуш болгонун айтты.

Таалайбек Сарыбашов 50 жашта. 2018-жылдан бери Ош шаарынын мэрлик кызматын аркалап келет. Ага чейин үч жыл өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп иштеген.

Ал 2018-жылы Ош шаарынын мэри кызматына атаандашсыз шайланган.

Эреже боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шаардык кеңештин депутаттары шайлайт.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине алты партия өткөн.

Алар: "Эмгек", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак", "Өнүгүү-Прогресс жана Социал-демократтар.

Ош шаардык кеңешине шайлоодо төрт партия: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги”, “Бир Бол” утуп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG