Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:21

“Казакстан айыл башчыларын түз шайлоого өтсө, биз артка кеттик”


Бакыт Рыспаев

Кыргызстанда жергиликтүү бийлик органдары боюнча мыйзам өзгөртүлүүдө. Ага ылайык, бийлик вертикалы күчөтүлүп, айыл өкмөт башчыларын дайындоо каралууда. Бул өзгөрүүнүн кандай таасири болот?

Бул суроонун тегерегинде эксперт Бакыт Рысбаев "Азаттыкка" маек курду

- Бакыт мырза, ушул күндөрү Кыргызстанда башкаруу органдарын жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам долбоорлору парламентте каралып жатат. Алардын ичинде сизге жакшы билген тармак саналган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы боюнча да бир катар өзгөрүүлөр киргизилүүдө. Бул өзгөртүүлөр калыптанып калган системага кандай таасирин тийгизет жана учурдагы шартка канчалык шайкеш келчүдөй?

- Кыргызстан мурдагы Советтер союзунун курамына кирген өлкөлөр ичинен төртүнчү болуп жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасын кабыл алган. 1991-жылы легендарлуу парламенттин учурунда алгачкы мыйзам иштелип чыккан. Эки-үч жылдан соң жаңы Баш мыйзам кабыл алынганда, анда да белгиленген. Ошондон бери Конституцияда “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” деген атайын бөлүм бар. Быйыл жыл башында кабыл алынган Баш мыйзамда деле жазылуу. Биз быйыл конституциялык реформа учурунда бул система калтырылган соң ушул жаатта жылыштар болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү деген шылтоо менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын талкалоого өттүк.

Баш мыйзамда "Кыргызстанда башкаруу эки жол менен ишке ашат: мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу" деп так көрсөтүлгөн. Ошого жараша бардык мыйзамдарда мамлекеттик кызмат, муниципиалдык кызмат, мамлекеттик мүлк, муниципиалдык мүлк деп бөлүнгөн. Дал ушундай Конституцияда так жазылып турганына карабай бардык бийликти президенттин алдына чогултууга аракет кылып жатканы абдан өкүнүчтүү.

Кыргызстан бул жаатта абдан узак жолду басып өтүп, калыптанып калган эле. Мисалы, буга чейин ушул тармакта бизден артта болуп келген Казакстан, Өзбекстан 5-6 жылдын ичинде абдан чоң кадамдарды жасап, биздин тажрыйбаны колдонууга аракет кылып жатат. Аларда президенттик бийлик күчтүү болуп айыл өкмөткө чейин түз дайындап келсе, соңку жылдары айыл, шаарча, квартал башчыларын эл түз шайлашы керек деп айтып жатышат. Алар дүйнөдө өнүккөн өлкөлөрдө дал ушундай түз шайлоо эффективдүү экенин түшүнүп, өзгөрүүлөргө барып жатат. Биз болсо мурдагы жетишкендигибизден баш тартып, президенттин колуна бардык бийликти топтоп берген жатабыз.

- Бирок демилгечилер, мыйзам долбоорунун авторлорунун бирден-бир жүйөсү бийлик вертикалын чыңдоо керек, жоопкерчиликти бир адамга жүктөө керек деген пикир болуп жатпайбы. Бул жагынан айтылган жүйөлөр канчалык орундуу?

- Бийликтин вертикалы деген мамлекеттик башкарууда болуш керек. Эгерде президент күчтүү бийликти самаса, Министрлер кабинетин, облустук түзүмдөр, райондук деңгээлге чейин көзөмөлдү күчөтө берсин. Бизде район акимине чейин мамлекеттик администрациянын башчысы деп аталат. Андан ылдый, айыл өкмөт, шаарлар жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына кирет. Мына ушул Баш мыйзамда так көрсөтүлгөн норманы бузуп, өз ыйгарым укуктарынан аша чапкандай болуп жатат. "Айыл өкмөт башчыларын эми аким, облус башчысы дайындайт" деп Конституцияга каршы аракеттерди кылганы жатышат.

- Дал ушул тармакта чет элдик тажрыйба кандай? Мисалы, сиз учурда Түркияда жашап жатасыз, акыркы жылдарды бийликтин бир катар рычагдарын президентке ыйгарган Түркияда кандай иштейт экен?

- Түркияны жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарында деп айтсак болот. Бул өлкөдө соңку жылдары шаар мэриялары, муниципиалитетке абдан көп көңүл бурулуптур. Алардын финансылык өз алдынчалыгына шарттар түзүлгөн. Азыр биздин өлкөдө айыл өкмөткө чейин дайындайбыз деп жатышпайбы. Мисалы, бул жактагы Стамбул эле шаарын айта турган болсок, 16 миллион адам жашаган калаанын мэрин тургундар шайлайт. Түзмө-түз шайлайт. Андан сырткары 311 депутаттан турган шаардык кеңеши иш алып барат. Аны жарандар партиялык тизме аркылуу шайлайт.

Стамбул шаары Бишкек менен Оштун деңгээлиндеги 39 муниципалитеттик райондон турат. Мына ушулардын башчыларын, жергиликтүү депутаттарын да эл түзмө-түз шайлайт. Иши кылып, Стамбулдун тургуну президент, өлкө парламенти баш болуп жети-сегиз шайлоого катышып, өз өкүлүн шайлай алат экен. Демократия деген, эл бийлиги деген сөз да мына ушул нерсеге абдан чоң көңүл бурулуп, тарыхый жактан калыптанып калыптыр. Азыркы тапта Түркиянын оппозициясы учурдагы президенттик бийликти бир колго топтоду деп аябай сындап келишет. Ошол эле учурда өлкөдөгү эң ири делген Стамбул, Анкара, Измир жана Анталья сыяктуу алдыңкы шаарлардын мэрлери оппозициячыл партиянын өкүлдөрү. Бийликке элдешкис партиялардын өкүлдөрүн мэр кылып жарандар шайлап алышкан. Ал эми биздеги азыркы саясаттын баары жогору жактын оозун карачудай системаны сунуштап жатышат. Эгер айыл өкмөт башчысын аким дайындаса, ал элди эмес, акимдин эшигин каккылап, жеке кызыкчылыкты коргоп жүрүп калышы мүмкүн.

- Дал ушундай өзгөрүүлөрдү парламент кабыл алса, анын жыйынтыгы, тобокелчилиги эмне болушу мүмкүн?

- Кыргызстандын эгемендик жылдарында мактанчу деле көп нерсе жок. Ийгиликтүү ишке ашкан тармактардын бири жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы эле. Бизде эл аралык конференцияларда башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү ушул нерсени кантип көрөгөчтүк кылдыңар деп макташчу. Мисалы, мен агенттикти жетектеп турганда Казакстандан өкүлдөр келип, биздин кызматкерлерди эксперт катары чакырышчу. Алар "бизде айылдар Ак ордону карап эле отурат, силердин реформадан үлгү алыш керек" деп, мына түз шайлоого өттү. Биз болсо артка кетип, мурдагы жетишкендиктерди жокко чыгарганы турабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG