Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Мыйзам долбоору: ишке келбеген депутат мандаттан ажырайт


Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин иштөө тартибин жөнгө салган мыйзам долбоорлору жазылып, коомдук талкуудан өтүп жатат.

Буга чейинкидей парламентте өкмөттү куроо укугу жок болгондуктан коалициялык көпчүлүк же оппозициялык азчылык болбойт. Сунушталып жаткан документке ылайык, бир мандаттуу округдардан шайланып келгендер депутаттык топторго бириге алат.

Парламенттин ишин баштан-аяк жөнгө салган “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” жана “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзам долбоорлору июнь айынын ортосунан бери коомдук талкууда турат.

5-майда күчүнө кирген Конституция боюнча президент Министрлер кабинетин курап, түзүмүн да өзү аныктайт. Ал эми парламенттин ыйгарым укуктары бир топ эле азайтылып, көзгө басар мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө укуктары эле калды.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан куралат. Алардын канчасы партиялык, канчасы бир мандаттуу округдардан шайланып келери азырынча бир жаңсыл чечиле элек. Шайлоодо утуп келген партиялар мурдагыдай эле фракцияларда иш алып барат.

Талкууда турган документтердин авторлорунун бири, депутат Айнуру Алтыбаева бир мандаттуу округдан шайлангандар үчүн депутаттык топ деген жаңы түшүнүк киргизилип жатканын айтты.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

“Депутаттык топтор Жогорку Кеңештин регламентиндеги жаңы ченем. Фракцияларга кирбеген бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарынын бирикмеси. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган парламенттин 11ден кем болбогон депутаттары мындай топторду түзүүгө укуктуу. Депутат бир гана топтун мүчөсү боло алат”.

Фракцияларда кандай укуктар бар болсо депутаттык топтор деле ошондой мүмкүнчүлүктөргө ээ. Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайланып келгендер мындай депутаттык топторго кире албайт. Парламент мурдагыдай эле комитеттерде иш алып барып, зарыл болгон учурда убактылуу депутаттык комиссияларды түзөт.

Буга чейинки Баш мыйзамда тил табышкан партиялар коалициялык көпчүлүктү түзүп өкмөттү курап келген. Ага кирбей калган фракциялар оппозициялык азчылыкта калчу. Эми Министрлер кабинетин куроо президенттин колуна өткөндөн кийин коалиция түзүү маанисин жоготту.

Депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу укугу колунда экенин билдирип, бетине кармаганы менен ал да артыкчылык бербей турганын мындайча түшүндүрдү.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

“Конституция өзгөртүлгөндөн кийин бийлик бир колго өтүп, (ред: президенттин) калганы жанындагыларга тийди. Эми парламенттен көп нерсе талап кылганда болбой калат. Мурда президентте мыйзам долбоорун демилге кылуу укугу жок болчу. Азыр болсо мындай укук президентке, Жогорку сотко, башкы прокурорго, Министрлер кабинетине да берилди. Бийликке каалаган мыйзамын кандай жол менен болсо да алып өткөрүүгө шарт түзүлүп калды. Муну менен иштин көзүн билген президентке жакшы жол ачылды. Ал эми иштей албаган президентти бат эле туңгуюкка алып келет. Мурда илең-салаң деп жүрө берсе болот эле да. Эми бар же жок”.

Кыргызстан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин парламенттик башкарууга багыт алып, Баш мыйзам да ага ылайыкташтырып жазылган. Саясат талдоочулар Жогорку Кеңеш өлкөнүн тагдырын өзгөртүүгө берилген мүмкүнчүлүктү колунан чыгарганын, парламенттин VI чакырылышынын депутаттары тескерисинче парламентаризмге көө жапканын айтып келишет. Эми укуктары кескин азайгандан кийин өлкөдөгү кырдаалга олуттуу таасир эте аларынан күмөн санагандар көп. Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин иши берилген укуктардан да анын курамынан көз каранды деп эсептейт.

“Элдин үнүн угуза турган жер – баары бир Жогорку Кеңеш болуп саналат. Ал жерде трибуна да бар, мүмкүнчүлүк да болот. Аны биз толук колдонушубуз керек. Мурдагы чакырылыштын депутаттарындай маселени ачык айтып турушубуз керек. Азыр болсо парламенттин үнү угулбай калып атпайбы”.

“Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзам долбооруна депутаттын мандатын чакыртып алуу маселеси да киргизилди. Мындай чечимди Элдик курултайдын мүчөлөрү съездинде кабыл алып, Жогорку Кеңешке сунуш берет. Парламент аны атайын комиссия түзүп иликтейт. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү депутатты мандаттан ажыратууну колдосо, Элдик курултайдын сунушу кабыл алынган болуп эсептелет.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

“Биз Жогорку Кеңешке шайлоо кандай тартипте өтөт, кимдер келет деген суроого келип такалдык. Алдын ала божомол менен чабал парламент шайланганы турат. Эми бул эмнеге алып келет деген маселе кооптондурат. Себеби, бийликтин тең салмактуулугу бузулган жерде өнүгүү болбойт. Демократиялык түзүлүш артка кетип, нааразылыктар күчөйт. Азыркы Конституция менен бийликтеги тең салмактуулук баары бир бузулат. Биз болсо парламенттик башкарууну көрө элек жатып, аны жамандап кайра президенттик башкарууга өтүп алдык”, - деди саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев.

Ал эми депутаттын статусуна байланыштуу мыйзамда Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу ой-пикири, айткан сөзү же берген добушу үчүн куугунтукка алынбашы керектиги жазылган.

Бишкекте үйү жок депутатка кызматтык турак жай берилет. Бош кызматтык үй болбосо ижара алган үйүнүн акчасы бюджеттен төлөнөт. Ушул сыяктуу артыкчылыктар каралган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын сунуштамасы менен депутаттар кызматтык курал алса болот. Эл өкүлдөрүнө куралды парламент имаратында алып жүрүүгө тыюу салынат. Депутат бир сессиянын ичинде парламенттин жалпы жыйындарына он күн катары менен эч себепсиз келбесе мандатынан ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG