Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:50

Президент сунуштаган шайлоо мыйзамына парламенттин сыны


Жогорку Кеңештин жыйыны. Архивдик сүрөт.

Парламенттик шайлоонун эрежесин аныктаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды. Толук пропорционалдык системадан аралаш системага өтүүгө багытталган мыйзам долбоору көпчүлүк депутаттын сынына кабылды. Президенттин парламенттеги өкүлү мүчүлүштүктөрдү жоюуга убакыт сурады.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” жаңы мыйзам долбооруна ылайык 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт. Парламенттеги талкуу мына ушул бир мандаттуу мажоритардык система боюнча кызыды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам долбоорунун максатын бир сөз менен мындайча түшүндүрдү.

“Эң негизги себеп, партиялардын талапкер көрсөтүү монополиясын жоюу жана көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк берүү”.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси президент Садыр Жапаров деп көрсөтүлгөн. Ал март айында мыйзам долбоорун жазуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүп, аны боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетектеген.

Жумушчу топтун мүчөсү, депутат Умбеталы Кыдыралиевдин айтуусунда, жумушчу топ президентке эки мыйзам долбоорун сунуштаган.

Умбеталы Кыдыралиев.
Умбеталы Кыдыралиев.

"Президентке жумушчу топ эки вариантты бердик. Президент эки долбоордун ичинен мыйзам чыгаруу укугу менен колдонуп, бир мандаттуу жана партиялык тизме менен деген долбоорду алып келди",-деди Кыдыралиев .

Анын айтымында, жумушчу топ президентке сунуштаган экинчи долбоор партия менен чогуу тизмедеги талапкерге кошо добуш берүүчү (преференция) ыкма. Бул долбоор менен 90 депутаттын бардыгы партиялык тизме менен шайланат.

Президент Садыр Жапаров аралаш системаны тандап алуусу жөн жерден эмес. Ал бийликке келгенден кийин бир мандаттуу округ менен шайлоо өткөрүүнү убада кылган.

“Партиялык система деген өзү бизнес экен. Эл-журт дагы билди, токсондогу карыядан жаш балага чейин түшүндү. Алдыга олигархтарды коюп, бардык коррупциялык иштерге аралашканын көрдүк. Мен өзүм 2010-жылы партиялык тизме менен парламентке келгем. Бул системанын мамлекетке келтирген зыянын өз көзүм менен көргөм. Мен бир мандаттуу шайлоо деп сунуштап турам”.

Мажоритардык системанын күнгөй-тескейи

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттын көпчүлүгү бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайлоо өткөрүүгө каршы чыкты. Эл өкүлү Рыскелди Момбеков бул эреже менен шайлоо өтсө, накта олигархтардын парламенти түзүлөт деп эсептейт.

“Бул мыйзам эмес, резолюция. Ал эми революция менен резолюциянын арасында бир эле тамга. Бул мыйзам менен парламентке жаштар келе албайт. Базаркомдор, банкирлер, бандиттер, олигархтар келет. Ушул мыйзам менен башка ким, кантип келет? Ким кепилдик берет? Эч ким”.

Мыйзам долбоорун сындап жаткандар бир мандаттуу округдардан шайлоодо гендердик баланс, улуттук азчылык, жаштардын квотасы сакталбай турганын айтууда.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай кемчилик бар экенин моюнга алып, бирок 55 депутат келе турган партиялык тизмеде ал кепилдиктер сакталганын билдирди.

Депутат Аманкул Токтомамбетов мажоритардык система менен шайлоо өткөрүүнү артка кетүү деп, уруу-уруу болуп бөлүнүү башталарын айтты.

Аманкул Токтомамбетов
Аманкул Токтомамбетов

“2000-2005-жылы бир мандаттуу округдан шайлоодо кандай ызы-чуу болгондору жөнүндө маалымат барбы? Биз артка кетип жаткан жокпузбу? Мисалы, Ат-Башыда азык-моңолдор болуп, Кочкор, Жумгалда сарыбагыш-саяк болуп, Кыргызстандын бардык жагында жол тосуу, соттошуу, чыр-чатак болду эле. Кыргызстандын менталитетин эмнеге эске албай жатасыздар?”.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.

2020-жылдагы толук партиялык тизме менен өткөн парламенттик шайлоо дагы бийликтин алмашуусу менен аяктады деген президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев аралаш система учурдун талабы деп эсептейт.

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

“Менин оюмча Кыргызстандын азыркы жагдайына жаман эмес система. 35 депутат бир мандаттуу округдардан шайланса аймактардын өкүлдөрү пайда болот. 55 депутат болсо партиялык тизме менен бир мандаттуу округдардан өтө албаган жаштар, аялдар, белгилүү адамдар келип, партиялык системаны дагы жоготпой кармап турса болот. Бир мандаттуунун дагы партиялык тизменин дагы артыкчылык жана кемчиликтерин көрбөдүкпү. Ошондуктан аралаш форманы көрүш керек”.

Кыргызстанда сунушталып жаткан аралаш шайлоо системасына Грузия 2017-жылы өтүп, 2020-жылы күзүндө алгачкы парламенттик шайлоо болгон. Көпчүлүк мандатты олигарх Бидзина Иванишвилинин сегиз жылдан бери бийликте отурган "Грузин кыялы" партиясы алып, шайлоодон кийинки кризис жети айга созулду.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев КМШ мамлекеттеринин акыркы 30 жылдагы тарыхы мажоритардык система оппозициянын парламентке келбей турганын көргөздү дейт.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Шайлоо системасы өлкөнүн тарыхына, алдыда турган көйгөйлөрүнө ылайык тандалып алынат. Кыргызстандын алган багытына, элинин түзүмүнө, менталитети менен саясий маданиятынын деңгээлине пропорционалдык деп аталган система туура келет. Дүйнөдө анын 140тан ашык түрү бар. Кыргызстан өзүнө туура келген ыкмасын тандап алса болот. Бир мандаттуу мажоритардык шайлоо системасын киргизүү артка кадам. КМШ өлкөлөрүнүн акыркы 30 жылдагы тарыхы мындай округдардан акчасы бар, бийлик колдогон гана адам өтөрүн көргөздү. Жаштар, аялдар деген квота коюу жөнүндө сөз болуу дагы мүмкүн эмес. Ал эми партиялык тизме менен шайлоого келе турган болсок анын дагы кемчиликтери бар. Аны чечүүнүн ыкмасы шайлоочу партияга гана эмес, тизмедеги талапкерге дагы добуш берет дегенди киргизип койсо болот".

2005-жылга чейин бир канча жолу бир мандаттуу мажоритардык шайлоо округунан депутат болуп шайланган Ишенбай Кадырбеков аралаш шайлоо системасын киргизүү тууралуу мындай деди:

“Округдарды олигархтар менчиктештирип алат дагы балдарына мураска берип турат. Бул болбогон оокат. Биздин учурда жакшы болгон, себеби, элде романтизм бар болчу, акчага сатылчу эмес. Азыр добушту сатууга көндүрүп коюшту. Бир мандаттуу округдан акчага сатып алуу күчөйт. Беш жыл ичинде көпүрө курат, той берет, улак өткөрөт, айтор округдар менчиктештирилет. Гендердик баланс, жаштардын, улуттук азчылыктын квотасы бузулат. Бир сөз менен “бардак” болот”.

Талкуу учурунда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр бар экенин билдирип, депутаттарды кайрадан иштеп чыгууга чакырды.

Анарбек Калматов.
Анарбек Калматов.

"Бул мыйзамга келе турган болсок мүчүлүштүктөр бар экен, айттыңыздар. Мен сиздерге комментарий бербейм. Президент демилгечи болуп жаткандан кийин концепциясын колдоп берсеңиздер. Кийинки окууга чейин силер берген ар бир сунушту карап чыкканга демилгечи макул болуп жатат. Биз бүгүн кабыл алып бергиле, ушул бойдон кала берсин деп жаткан жокпуз. Ушуну көңүлүңүздөргө алып койсоңуздар, урматтуу депутаттар”.

Талаш-тартыштардан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мажоритардык системада шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Пропорционалдык системада саясий партия 3% босого чегинен өтүшү керек. Аялдардын квотасы - 30%, шайлоо күрөөсү – 1 миллион сом. 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло алат. Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып, партиялык тизме аркылуу шайланган.

2020-жылы 4-октябрда кезектеги VII чакырылыштын депуттарына шайлоодо нааразычылык күчөп, элдик толкундоолор менен бийлик алмашкан. Анда бийликке келген президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө убада берген эле.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG