Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:46

Президент сунуштаган шайлоо мыйзамы, жарандык коомдун сыны


Жогорку Кеңештин имараты. Архив.

VII чакырылыштагы парламент кандай система менен куралары белгисиз. Жогорку Кеңештин кароосунда шайлоо ыкмасынын эки варианты талкууланып жатат.

12-июнда Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК), парламент депутаттары жана жарандык коом “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулады. Жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоо 2021-жылдын октябрь айынын аягында өтүшү мүмкүн экенин билдирди.

Президент сунуштаган мыйзам

Президент Садыр Жапаров автор катары көрсөтүлгөн “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун жакынкы күндөрү парламенттин тармактык комитети карайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам долбоору акыркы парламенттик шайлоодогу элдин нааразычылыгын эске алуу менен жазылганын, ал кийинки Жогорку Кеңешти куроодогу негизги варианттардын бири экенин белгиледи:

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

“Буга чейинки жакшы демократиялык жетишкендиктер сакталып калат. Ал эми 35 депутат болгон мажоритардык бөлүгү, негизги милдетти чечет. Анткени, партиялар талапкерлерди чечүүчү жалгыз субьект болуп жатат. Ал эми элде партиялар гана эмес, эркин талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүп келиши керек деген чакырык бар”, - деди Шайлдабекова.

Кыскача айтканда, бул мыйзам долбоорунда жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан келсе, 55и партиялык тизмеде пропорционалдык система менен шайланат.

Мажоритардык система - өз алдынча шайланып келе турган 35 депутаттын округунда 100 миңден шайлоочу болот. Шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Партиялык система – саясий партия шайлоочулардын 3% босого чегинен өтүшү керек. Аялдардын квотасы - 30%, шайлоо күрөөсү – 1 млн. сом. 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Президенттин сунушуна каршылардын жүйөсү

Айрым жарандык активисттер парламент карашы күтүлүп жаткан президент сунуштаган мыйзамга каршы чыгууда. 12-июлда өткөн жыйында юрист Таттыбүбү Эргешбаева парламентке тиешелүү мыйзамды эл өкүлдөрү өзү эмес, президенттик аппарат даярдап жатат деп сынга алды:

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

“Парламент депутаттарын шайлоо - Конституциялык мыйзам. Жогорку Кеңешке караштуу тармактык мыйзам. Президенттик аппарат парламентти аттап өтүп мыйзам сунуштап, аны мекеме аралык жумушчу топ кабыл алып бергенин, укуктарынан аша чапты деп эсептейм. Ооба, президент мыйзам сунуштоого укуктуу. Бирок, бул тармактык мыйзам болуп жатат”, - деди юрист.

Ал эми парламент депутаты Бейшенаалы Нурдинов Боршайком жетекчилиги президент сунуштаган системаны гана сүрөөнгө алганын туура эмес деп эсептейт. Ал кийинки парламентти шайлоо эрежесин тандоодо бардык вариантты карап чыгып, чечим кабыл алууга чакырды.

“Биз муну басып өткөнбүз. Бир мандаттуудан соттошуп жүрүп өткөнүбүздү кесиптештерим айтып берди. Андыктан бул мыйзам жарабайт. Преференциалдык шайлоого өтпөсөк болбойт. Бир мандаттууда депутаттын орду бошоп калса, кайра шайлоо өтөт экен. Кайра-кайра шайлоо өткөрүүгө акча көппү? Бул президенттин мыйзамы экен деп өткөрө берген туура эмес”, - деди депутат.

Нурдинов айтып жаткан преференциалдык шайлоо ыкмасын кесиптеши Алтынбек Сулайманов сунуштап, 25-мартта парламент кызыл чеке талаш менен биринчи окуудан өткөн. Анда жаран шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичиндеги талапкерди да тандоого мүмкүнчүлүгү болот. Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутатка жооп берип жатып: “Кандай шайлоо мыйзамын кабыл алуу Жогорку Кеңештин колунда”, - деди.

Депутаттын мыйзамы өтөбү?

Кыргызстандын мыйзам чыгаруу тажрыйбасында президент сунуштаган долбоорду парламент четке каккан учурлар аз. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов парламенттик системаны өнүктүрүүгө багытталган мыйзамды кабылуу алууга президентти көндүрсө болот деп ишенет.

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

“Президент өзү деле жакшы түшүнүп турат. Бирок, жанындагы 4-5 адам бузуп, алардын ойлору менен болуп калышы мүмкүн. Эгерде жанындагылар парламент, эл башкача мыйзамды сунуштап жатат десе президент деле макул болушу керек деп ойлойм. Биз президенттердин айтканына макул болуп жүрүп ушуга келдик”, - деди Нышанов.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып келген. Алар партиялык тизме аркылуу шайланган. 2020-жылы 4-октябрда кезектеги VII чакырылыштын депуттарына шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразычылык күчөп, элдик толкундоолор менен бийлик алмашкан. Анда бийликке келген президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө убада берген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG