Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:42

Президенттик башкаруу: парламенттин кечиккен сыны


ЖК: Министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоору сынга кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 1:12:43 0:00

ЖК: Министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоору сынга кабылды

Жогорку Кеңеш “Министрлер кабинети” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга артка кайтарды. Парламенттеги талкуу жүрүшүндө көптөгөн депутаттар документти сынга алып, президент жана өкмөт мүчөлөрүнө кеңири укуктар менен өзгөчө артыкчылык берилгенин белгилешти.

Жогорку Кеңеш 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Алар: “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлору.

Депутаттар алгач талкуулаган "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоорунда аткаруу органын түзүүнүн жол-жобосу, укуктары, милдеттери камтылган. Аны Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын алдындагы жумушчу топ иштеп чыккан.

Өкмөттү өкчөгөн президент

Парламентте баяндама жасаган юстиция министри Асел Чынбаева өкмөттү түзүү, курамын аныктоодо президенттин кеңири укуктары болорун билдирди:

“Баш мыйзамдын” 89-беренесине ылайык, президент Кыргызстанда аткаруу бийлигин ишке ашырат жана Министрлер кабинетинин түзүмүн, курамын аныктайт. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунда Министрлер кабинетинин түзүүнүн жаңы тартиби сунушталууда. Ошондой эле, документте министрлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу президенттин макулдугу менен ишке ашырылат деп каралууда”, - деди Чынбаева.

Жаңы долбоордо Министрлер кабинетинин төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындайт.

Бирок парламент үч жолу кайсы бир министрдин талапкерлигин колдобой койсо, президент өз алдынча дайындоого укугу болот. Ошондой эле, өлкө башчысы Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрүн өзү каалаган учурда кызматтан бошотору да көрсөтүлгөн. Мындан сырткары өкмөт мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар каралган.

Жыйында сөз сүйлөгөн эл өкүлдөрүнүн дээрлик бардыгы мыйзам долбоорду чийки жана чектен чыккан эрежелери бар деп сыпатташты. Бир катар депутаттар мамлекеттик сыйлыгы бар министрлер мыйзам бузган учурда камакка алынбайт деген норманы сынга алышты. Депутат Аалы Карашев мындай өзгөртүү Баш мыйзамга каршы келерин белгиледи:

Аалы Карашев
Аалы Карашев

“Мамлекеттик сыйлыгы барлар жөнүндө айтылып жатат. Мыйзамдын алдында Кыргызстандын бардык жарандары бирдей. Кылмыш кылдыңбы башың менен жооп бериш керек. Эмне үчүн мамлекеттик сыйлыгы болсо жооп бербей калат? Бул абдан туура эмес”.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев бюджеттин эсебинен министрлерди турак үй менен камсыз кылыш керек деген эреже элдин кыжырын келтирерин эскертти:

“Бул жакта бардык министрлер мамлекеттин эсебинен бекер үй менен камсыз болот деп жазып коюптурсуздар. Анда эсептеп чыгыш керек: канча министр бар, ар бирине канча сомдон үй алып бересиңер, ошол бюджетке кирдиби? Бизде мугалимдер, дарыгерлер, маданият өкүлдөрүнүн үйү жок. Жыл сайын министрлер алмашат, анан жыл сайын ар бирине үй сатып бергенге өкмөттүн чама-чаркы жетеби?”.

Мыйзам демилгечилери мындай суроолорго мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын көтөрүү үчүн ушундай нормалар камтылганын айтышты.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Кыргызстанда былтыркы октябрь окуяларынан соң бийликке келген Садыр Жапаровдун сунушу менен өлкө президенттик башкарууга кайткан. Мындай мазмундагы Баш мыйзам январдагы референдумда кабыл алынып, 5-майдан тарта күчүнө кирди.

Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюу аземинде. 2021-жыл, 5-май
Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюу аземинде. 2021-жыл, 5-май

Бийликтин жүйөсү боюнча, соңку он жылдагы парламенттик башкаруу учурунда жоопкерчилик жок болуп, башкаруунун сапаты начарлаган. Мындан улам жоопкерчиликти президент алгандай бийлик системасын түзүүнү сунуштап, ал кабыл алынды. Ага ылайык, президент аткаруу бийлигинин башына келип, бир катар укуктарга ээ болду.

Азыр жети ай мурун референдумда кабыл алынган Конституцияга өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары боюнча мыйзамдарды шайкеш келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Президенттин демилгеси менен анын администрациясынын алдындагы жумушчу топ элдин каалаган мыйзам долбоорлорун иштеп чыктыбы деген суроо турат.

Анткени, буга чейинки элдик толкундоолорго бийлик башындагылардын өзүм билемдиги, үй-бүлөлүк, кландык негизде иш алып барганы себеп болгон эле.

Дал ушундай кырдаалда референдум жыйынтыгында ыйгарым укуктарга ээ болгон президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин иши үчүн жоопкерчилик алабы деген суроо турат.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда президенттин укуктары айтылганы менен милдети жана жоопкерчилиги так көрсөтүлбөй калганын белгиледи:

"Мындай болбойт. Мыйзам долбооруна так жазыш керек. Антпесек, башаламандык болот, азыр эле башталып жатат. Президент аткаруу бийлигинин ишин алып барууга укуктуу эмес, милдеттүү болушу керек. Ал "бардык жоопкерчиликти өзүмө алам, мага бийликти бергиле, мен силердин жашооңорду жакшыртам" деп жаткан. Биз ага бийликти бердик, эми жарандардын жашоосун жакшыртсын".

"Кош бийликтен" коргонуубу?

Депутат Жанарбек Акаев Министрлер кабинетинин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары менен милдеттерин жөнгө салган мыйзам долбоорлору бийлик, таасир талашуу үчүн жазылганын айтып чыкты:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

“УКМК азыр каалаган министрин, акимин камап атат. Бул мыйзамда президент “УКМК менин уруксатым жок камай албайт” деп жазып атат. Керек болсо акимдер да президенттин уруксаты менен камалат экен. Системага карап эмес, адамга, бийликте турган эки кишиге карап мыйзам жазылып атат. “Баланчаев баарын камап атат, эми мындан ары ал камай албайт. Камаш үчүн Түкүнчеевден уруксат алыш керек” деп жазышууда. Мыйзамдын түпкү маңызы ушул”.

Акаев ысымдарын так айтпаганы менен азыркы бийлик башындагылар арасында тымызын таасир талашуу барбы деген суроо жаратты.

“Депутаттар кеч ойгонду...”

Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттардын көпчүлүгү өкмөттүн ишинде парламентин ролу номиналдуу гана болуп жатканын айтышты. Маселен, депутат Сайдулла Нышанов Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоодо президент абсолюттук укукка ээ болгонун белгилеп, буга чейинки чакырылыштардагы эрежени эсине салды:

"Эгерде министр кызматка сунушталган талапкер парламентте үч жолу өтпөсө, Министрлер кабинетинин жетекчиси жана мүчөлөрүн өзү дайындайт деп жазылыптыр. Мен президенттик башкаруу учурунда депутат болгом. Биз ошондо өкмөт мүчөлөрүн бирден шайлачубуз. Эми болсо үч жолу Жогорку Кеңеште кайсы бир адам өтпөй калганына карабай дайындаса, анда парламентке алып келип эмне кереги бар. Силер анда "президент өзү эле дайындайт" деп жазып койбойсуңарбы? Анда парламенттин кереги жок болот".

Бирок депутаттардын мындай күйүп бышканы кеч болуп калды деген пикирлер арбын. Себеби, былтыр жыл аягында башкаруу системасын тандоо боюнча референдумду дайындоо мыйзамдарын дал ушул депутаттар кыска мөөнөттө кабыл алып берген. Азыркы мыйзамдар болсо дал ошол күчтүү президенттик башкарууну жактаган Конституцияга гана ылайык келтирүү болуп жатат.

Депутат Рыскелди Момбеков депутаттар кеч ойгонгонун, принципиалдуулукту буга чейин көрсөтүш керектигин билдирди:

"Баш мыйзамды кабыл алып жатканда биз "кесепети ушундай болот" деп бакырып чыкпадык беле. Бүгүн болсо сындап атасыңар. Чала болот… Ошондо баардык укукту Баш мыйзамда берип койгонбуз. Эми өзгөртө албайбыз".

Эми кандай болот?

Жыйынтыкта депутаттардын мыйзамга каршы маанайын байкаган президенттик аппарат өкүлдөрү төрт мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу үчүн чакыртып алды. Эми президенттик администрация айрым пунктарын кошумчалап, ушул айдын аягына чейин кайра киргизиши керек. Жогорку Кеңештин депутаттары акыр аягына чейин бара алабы деген суроо турат.

Буга чейин тажрыйба көрсөткөндөй, парламент талкууда сын айтып, азуусун көрсөткөнү менен добуш берүүгө келгенде толугу менен колдоп берген учурлар көп болгон. Анын үстүнө бул мыйзамдар каралар алдында Садыр Жапаров депутаттарды баарлашууга чакырып, сунуштаган демилгелерди колдоп берүүнү суранган. Ал эми Кыргызстанда президенттин мындай суранычтары кыйшаюсуз аткарылып келген.

Журналисттер катыштырылбаган жолугушууда Жапаров шайлоо жана башка мыйзамдар ал үчүн принципиалдуу маселе экенин айтканын ага катышкан депутаттар билдиришти. Чынында эле бир апта мурун шайлоо мыйзамдарына каршы болуп жаткан депутаттар президент менен жолугуп чыккан соң 22-июлдагы жыйында дээрлик бир добуштан колдоп беришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG