Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Казакстан: айыл башчыларын биринчи жолу эл шайлады


Шайлоо урнасы, иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда 25-июлда алгачкы жолу айыл акимдерин шайлоо өттү. Мындай мыйзамга былтыр президент Касым-Жомарт Токаев кол коюп, "өлкөдөгү саясий жаңылануунун жаңы этабы" деп жарыялаган. Бирок оппозиция буга чейин орноп калган бийлик вертикалын өзгөртө албасын айтышууда.

Казакстанда биринчи жолу айыл акимдери же айыл өкмөт башчыларын шайлоо өттү. Өлкөдөгү 429 айыл акиминин орду үчүн 2200дөн ашык талапкер ат салышты. 24-июлда казак президенти Касым-Жомарт Токаев "Твиттердеги" баракчасына бул аракеттер “саясий жаңылануунун жаңы этабы” болорун жазды. Буга чейин Казакстанда айыл акимдери жогорудан дайындалып келген.

Казак коомчулугунда көптөн бери эле жергиликтүү бийлик жетекчилерин жарандар түз шайласын деген талап айтылып келген. Президент Токаев мындай талаптарга кызматка киришкенден бир жыл өткөн соң гана, 2020-жылдын сентябрында кайрылып, азырынча айыл акимдерин түз добуш берүү аркылуу шайлоо мыйзамына кол койгон.

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын учурдагы саясий системасына ылайык, президент өлкөдөгү 14 облустун акимин дайындайт. Ал эми облус башчылары болсо аймакка караштуу ири шаарлардын мэрин кызматка коёт. Мэрлер болсо жергиликтүү кеңештер тандап берген талапкерлер арасынан айыл акимдерин дайындап келген.

Эми президент Токаев кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдөгү бийлик системасынын эң төмөнкү баскычы саналган айыл акимдери түз шайлана баштады.

Казак президентинин администрациясынын башчысынын орун басары Малик Мурзалин мындай өзгөртүү калктын үнүн угуу максатында кабыл алынганын билдирген.

"Мындай система аркылуу аким калктын ишенимине кирүүгө аракет кылат деп ойлойбуз. Алар айыл тургундарынын алдында жоопкерчиликтүү болот".

Мыйзамга ылайык, айыл акимдигине 25ге толгон жарандар талапкер боло алат.

Бул жолу 2297 талапкердин 1400дөн ашыгы өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышса, 878и саясий партиялардын талапкери катары ат салышууда. Басымдуу көпчүлүгү бийликтеги “Нур Отан” партиясынын мүчөлөрү.

“Азаттыктын” казак кызматы 25-июлдагы добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар байкалганын жазып чыкты. Ошондой эле, эксперттер шайлоо кампаниясында өзгөчөлүк байкалбаганын, айыгышкан атаандаштык болбогонун билдиришти.

Бир гана Акмоло облусундагы Ереймантау шаарчасынын акимдигине Бийликчил “Нур Отан” партиясынан талапкер Сапар Барлыбаевдин телеканалга маек куруп жатып, “жеңишке жетсем өз жашоомду жакшыртууга аракет кылам” деген сөзү талкууга түшүп, ар кыл тамашаларга жол ачты.

Казакстандагы оппозиция жана көз карандысыз эксперттер президент Токаевдин соңку реформасын үстүртөн деп атап, 30 жылдан бери орногон авторитардык бийлик вертикалын өзгөртө албайт деп баалашууда.

Эксперт Дос Кошим “Азаттыктын” казак кызматына курган маегинде соңку өзгөртүүлөр демократиялык жаңыланууга жол ача албайт деген пикирин билдирген.

Дос Кошим
Дос Кошим

“Бизде бардык “демократиялык реформалар” көбүнесе декорация болуп калган. Айыл акимдерин шайлоо деле дал ушул демократия менен ойноонун бир түрү. Шайлоо мыйзамдарын жана системаны өзгөртмөйүнчө жаңылануу күтүү туура эмес. Ооба, шайлоо демократиянын белгиси, бирок учурдагы шайлоо системасы элдин чыныгы көксөөсүн чагылдырбайт”.

Казакстандагы айыл акимдерин түз шайлаган реформалар коңшу Кыргызстан башкаруу системасын өзгөртүп жаткан маалга туш келди. Быйыл президенттик башкаруу системасына кайткан Кыргызстанда ушул күндөрү Жогорку Кеңеш өкмөттөн айыл өкмөттөргө чейинки бийлик органдарын шайлоону жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү боюнча мыйзам долбоорлорун карап жатат. Андагы өзгөрүүлөргө ылайык, акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилип, алар айыл өкмөт башчыларын дайындашат.

Мындай өзгөртүүлөр бийлик вертикалын чыңдоо максатында киргизилип жатканы айтылууда.

Бирок бир катар эксперттер Кыргызстан кетенчиктеп, артка кайтып жатканын сынга алышууда. Алардын бири- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев Казакстан айыл акимдерин түз шайлоого өткөнүн мисал кылып, расмий Бишкектин позициясына түшүнбөй жатканын айтууда:

“Кыргызстандын эгемендик жылдарында мактанчу деле көп нерсе жок. Ийгиликтүү ишке ашкан тармактардын бири жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы эле. Бизде эл аралык конференцияларда башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү ушул нерсени кантип көрөгөчтүк кылдыңар деп макташчу. Мисалы, мен агенттикти жетектеп турганда Казакстандан өкүлдөр келип, биздин кызматкерлерди эксперт катары чакырышчу. Алар "бизде айылдар Ак ордону карап эле отурат, силердин реформадан үлгү алыш керек" деп мына түз шайлоого өттү. Биз болсо артка кетип, мурдагы жетишкендиктерди жокко чыгарганы турабыз”.

Казакстандагы жаңы мыйзамга ылайык, бул жолку шайлоодо шайланган айыл акимдери эки мөөнөт гана аталган кызматта иштешет. Шайлоонун расмий жыйынтыгы жакынкы аптада жарыяланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG